Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

Табалаган абалаганга окшош


Гезиттер эмне дейт?

“Жаңырык апта” гезити журналист Алым Токтомушевдин “Таба” деп аталган макаласы менен жаңы санын ачты. Автор “Вечерний Бишкек” гезитиндеги кесиптеши Дина Маслова-Асанованын кыргыздын аң-сезимине тилин “кайраган” сынына каяша кылган. “Кыргыздар башка улут өкүлдөрүн басмырлап жатат деп кимдин оозу батып сүйлөрүн түшүнбөйм. 12-13 млн. орус жашаган Украина орус тилине расмий тил статусун бердиби? Балтика боюндагы өлкөлөрдү мындай эле коелу. Кыргызстандын саясатына, экономикасына аралашып, аны түздөн-түз башкарбаган кайсы орус, кайсы еврей калды? Бирштейнби? Левитинби? Ширшовбу? Носовбу?” деп белгилеп: “Дүйнөдө телегейи тегиз калк болбосо керек. Биз кыргыздар, улуттук психологияны силер каалагандай өзгөртө албайбыз. Биз менен чогуу жашагысы келбегендерге цивилдүү даңгыраган жол ачык: каалаган жакка, өнүп-өскөн өлкөлөрдү тандап кете берсе болот. А биздин Кыргызстандан башка барар жерибиз жок” деп жазды.

“Айат пресс” гезитине ИИМ министри кызматынан отсавкага кетип жатып интервью берген, генерал-лейтенант Болот Шер күч органынын башында “аз болсо да саз иштегенин”, милийсанын акча алмай оорусун токтотконун, МАИ кызматкерлери күнүнө командирине миң сомдон алып барчу экен, аны жоготтурганын, айлык акыларын 80 пайызга көбөйттүргөнүн, ички аскерлердин курамы калыбына келгенин айтты.

Ушул эле санга анын “Келечекти көздөй бирге” деген ат менен орус тилиндеги билдирүүсү жарыяланды. Болот Шер кыйын күндөрдө милициянын башына түшкөн оор кырдаалга кенен токтолуу менен: “Форма кийген адам Бакиевге же Отунбаевага эмес, Мыйзам менен Тартипке гана кызмат кылышы керек. Күч органдарынын кызматкерлери өз элине желдет болбоого тийиш. Мындан ары карай милийса эл менен бирдикте чагымчылдарга, кылмыштуу элементтерге жана тартип бузгандарга каршы кол кармашып, ийиндешип иштейт” деп сөзүн аяктаган.

Аталган басылма муну менен бирге эле “Ант берүү аземинин алешемдиктери” деген макаласында президент Роза Отунбаеванын ант берүү учурундагы анттын тексти жок болуп чыгып, бир аз буйдалып калганын эске салып: “бул үчүн аппарат башчысы Эмил Каптагаев чачын да, кызматын да алдырыш керек. Аны менен бирге бул ишке жооптуу Т. Коеналиев менен Султан Раев да токтоосуз иштеринен алынууга тийиш” деп белгиледи.

“Учур”
гезити саясат таануучу Орозбек Молдалиев менен маектешкен. “Референдум - бул элдин өз бийлигинин ортомчусуз билдирилиши болгондуктан анын жыйынтыгынан жогору укуктук статус жок. Референдумдун чечими ошондуктан эң бийик укуктук даражага ээ. Муну түшүнгүсү келбегендер же элди караңгы деп ойлогондор атайылап легитимдүүлүк жөнүндө ар кандай сөздөрдү таратып жатышат” деп айтты Орозбек Молдалиев. Ал андан аркы суроолорго берген жообунда: “Адегенде бизди “Түндүк-Түштүк болуп Тажикстандагыдай кагылышат” дешти. Кудай жалгап, элибиз андайга жол берген жок. Мындан кийин “өлкө экиге ажырап кетет” дешти, элибиз буга да жол берген жок. Жараткан өзү сактады. Эми болсо: “Жаңы Конституция боюнча парламенттик башкаруу Кыргызстан үчүн өтө опурталдуу” деп жар салышууда. Парламенттик жолго түшкөн Латвия, Литва, Эстония, бизге көп жагынан окшош Монголия мамлекеттеринин ресурстары чектелүү экендигине карабастан өнүгүү темптери биздикинен жогору болуп жатат го. Бул өлкөлөрдө коррупция төмөндөп, бизнеске жакшы шарт түзүлүп, инвестициялар көп келип жатпайбы. Кыргызстанды да буюрса өзү тандап алган жолунда көп жакшылыктар күтүп турат” деди белгилүү саясат таануучу.

“Пресс kg “ гезити “Кара жашик” деген рубрика алдында “УТРК качан оңолот?” деген макала жарыялап: “Бир кездеги Кыяс Молдокасымовдун убагында алынган аппаратуралардан башка эч бир жаңылануу болгон жок. Эми ал да көптүк кылып жаткансып же Бакиев өз акчасына сатып бергенсип, 7-апрелдеги окуяда аны да талкалап салдык. Эшимкановдон соң, теленин тизгини Катя Урумкановага тийди эле 5-каналдагы үзөңгүлөштөрү убап-чубап келе баштады. Программаларынын баары бийликтин сөзү менен болду. Убактылуу Өкмөттүн дайындоосу менен келген Кубат Оторбаевге дагы ачуу сындар айтылып келүүдө. Баягы аңгектин түбүндөгү УТРК азыр деле ошол жерден жылбай жатат. Себеби телеканалдын мактамай, жактамай көнүмүш адаты мурдагыдан да жанданды. Мындай саясаттын туткунунан УТРК качан арылары белгисиз” деп жазат аты жок автор.

Бул макаланын алдына журналисттер Дүйшөк Мамбетөмүров менен Бөкөнбай Боркеевдин макалалары басылган.

Гезитте ошондой эле укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованын “Орус болобу, өзбек болобу, кыргыз болобу, бизге баары бир” деген маеги, Анарбай Капаровдун “Кыргызстан эгемендүүлүктүн 20 жылында”, журналист Мелис Турусбековдун “Партия сатам, аласыңбы?” аттуу макалалары жана башка маалыматтар бар.

Көптөн бери чыкпай келаткан “Аалам” гезити бүгүн кайрадан жарыкка чыкты. Гезит баяндамачысы Үсөн Касыбековдун Бакиев бийлигин сынга алган “Мал ээсин тартпаса арам өлөт” деген макаласын сунуш кылган.

“Аалам” алакандай кабарларында: “Акыркы кезде өз элинин эмес, өзгө элдин же Маскөөнүн колдоосун самагандардын саны көбөйдү. Исках Масалиев Зюганов баш болгон орус коммунисттеринен көмөк издесе, Аликбек Жешенкулов Россия Тышкы иштер министри Сергей Лавров досуна Д. Медведовдун колдоосун алып бер деп кайра-кайра телефон чалып жатат” деп, “ал эми Феликс Кулов мага Москва кааалашымча акча бөлөт деп Акылбек Жапаровду штаб башчылыгына дайындап, камына баштаптыр” деп, “карт кутумчу Үсөн Сыдыков бийликти басып алмакчы болуп жөнөткөн тыйын-тыпырды алдым деп айткан “акжолдун” эркайымы Айнура Кенжебаева ушу тапта Казакстанда качып жүргөнүн билгендер бар” деп, “мамлекеттин 571 миң долларын жана башка байлыгын шыпырып кеткен Сапарбек Балкыбековду Түркиядан көргөндөр бар экен” деп маалымат таратты.

“Аалам” гезити баяндамачы Үсөн Касыбековдун дагы бир макаласын окурмандарга сунуш кылды. Автор референдумга каршы чыккандардын ойдон чыгарылган “теориялары” кантип кыйраганын талдоого алып: “Референдумду эл колдобойт деп кыйкырып тургандардын айткандары идея-фикс экендиги ашкереленгенин, ошондуктан Ө. Субаналиевдин “Ата Журту”, А. Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстаны”, И. Масалиевдин коммунисттери же М. Ниязовдун “Эл арманы” өздөрүнүн чектелген тар түшүнүктөрүн коомчулукка зордуктап таңуулай баштаса анда алар 27синдеги референдум ашкере кылгандай саясый кыйроого учурабай койбот” деген бүтүмгө келген.

Аскарбек Шамуратовдун макаласы “Жылдыз Жолдошева туура айтты го, бирок...” деген ат менен жарык көрдү.
XS
SM
MD
LG