Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:50

Кожоң жука болсо, Кошоматың бука болот


Гезиттер эмнелерди жазды?


“Бийликтеги адамды буза тургандар биринчи кошоматчылар болору жашыруун эмес. Бул өңдүү “өлбөс Кащейлер” азыр да жөн жаткан жок” деп эскерткен “Кыргыз руху” гезити бүгүнкү санын “Кошоматчылар айылында” деген баш тема менен ачып: “Алгачкы жылдары Аскар Акаевди кошомат менен ала албагандар аны кошомат менен параны аябай жакшы көргөн жубайы Майрам Акаева аркылуу “багындырган”. Роза Отунбаева айымга да кошомат кылуунун жолу табылды, бул ролду анын өз уулу Акай аткарып жатыптыр. Президент айым уулунун жасап жаткандары менен кабары барбы же жокпу азырынча билбейбиз. Биздин билишибизче кабары жоктой. “Эстүү киши этекке чаптырбайт” деген сөз бар. Уулу Максим менен Айдарга айланып кеткенде кеч болуп калат” деп жазды.

Журналист Айзада Абазова “Кыргызстанда кыргыздар жыргамайын башкалар жыргабайт” деген аталыш алдында айтылуу Жаныбек Жанызак менен маекти жарыялады. “Өзбек да, дунган да, орус да, баары кыргыз болуш керек. “Американец китайского происхождения” дегендей, “кыргыз дунганского происхождения” же “кыргыз узбекского происхождения” болушу керек. Антпесе булар эч качан Кыргызстан үчүн күйүп, Кыргызстан үчүн кызмат кылбайт. Кыргызстанда жыргап жашайм дегендер адегенде өздөрүн көтөргөндөн мурда кыргызды көтөрүшү керек. Кыргыздар илим-билимдүү, маданияттуу болсо, коногунун да көңүлүн табат, өзүн да жер каратпайт. Демек Кыргызстанда кыргыздар жыргамайын башка элдер эч качан жыргабайт” деген ойду айткан Жаныбек Жанызак.

“Форум”
гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Биз күткөн күн келди” деген макаласына орун берди. Автор Отунбаеванын президент болушун кубаттоо менен: “Кыргыз жетекчилери акча көрсө эле баса калып көнүп калган. Бизге грант түрүндө, жеңилдетилген насыя түрүндө миллиондор келет, ошону талатып жибербей көзөмөлгө алуу керек. Отунбаева үчүн аябай эле оор болот. Анын үстүнө Бакиев деген айбандын куйруктары биротоло тынчып калган жок, тымызын жатып алып далай иштерди жасап жатат” деп билдирди.

Гезит андан ары “Ант берүү аземин жөндөп өткөзө албаган, уюштуруу тобунун башында турган Султан Раевдин кесепетинен бүтүндөй кыргыз эли уят болду” деп, “Кыргыз мамлекетинин менчигине ар кимдин колун салдырып, жеп-тоноп, талап-ташып келген Турсун Турдумамбетов деген эргул тергөөдө ыйлап: "Мени мурда Айдар “заставлять” этчү, кийин Максим “заставлять” эткен, жасабасаң өлтүрүп салабыз дешчү" деп далбастап аткан имиш. Эми анын эки ай камакта жатып ооруп калганына эл ишенбей турат. Мамлекетти талап-жеп турган кезде эмне үчүн ооруп-ок тийип калган эмес десең? Азыркы бийликтин камакка алган накта кылмышкерлерди “ооруп” калса эле, үй түрмөгө чыгара берген “айкөлдүгү” элдин көкөйүнө көк таштай тийип баратат” деп, “алкоголдук ичимдиктерди чыгаруу жагынан алдына ат салбаган, кечээки Максимдин шилекей алышкан досу, акжолчу, Курманбек Бакиевдин таттуу мамилелеши Сергей Ибрагимов убагында 82 миллион сомго бааланган “Шампанвинкомбинатты” 32 млн. сомго түшүрүп сатып алганын “унутуп”, “менчигимди Максим тартып алган” деп ар кимди жөөлөп жүрөт” деп маалымдады.

Ушул эле “Форум” басылмасына Тынчтык Алтымышевдин "Азимбектин отчету”, “Итти сыйласаң килемге чычат”, Эртабылды Аттокуровдун “Калыстыкты кайдан күтөбүз” деген макалалары, Чүй облгубернаторунун милдетин аткаруучу Сагынбек Абдрахмановдун: “Ибрагимова менен Сариевдер мени кызматтан алмакчы болуп...” деген маеги, “Жаңы министр. Аксы окуясы. 4 пансионат” аттуу теманын алдындагы ой-пикирлердин топтому жарык көрдү.

Эс алуудан кайтып келип, гезиттердин катарына “Агым” кошулду, бирок бүгүндөн баштап ал: “Жаңы агым” деген ат менен чыга баштады. Редакциялык баш макалада: “Жаңы агымдын” позициясы центристтик, калыстыкты туу туткан бойдон кала берет. Гезит бардык саясый партияларга, кыймылдарга, мамлекеттик, коомдук уюмдарга бирдей мамиле кылат.

Роза Отунбаеванын азыркыдай шартта президент болгону аял катары өзгөчө көрүнүш, бирок мында мактана турган да эч нерсе жок. Кептин баары ал чыныгы президент боло алабы же теле экрандагы “кооздолгон сүрөт” бойдон кала береби, ушунда. Албетте, ал башында турган бийликтин калыс, адилет иштерин колдойбуз. Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн сөз эркиндиги эң башкы курал экенин, аны ар дайым туу тутууга эл алдында катуу убада бергенин унутпаса дейбиз” деген ой-тилегин билдирди.

“Жаңы агым” андан ары “Президент Роза Отунбаева Токтогулдун жогорку билими жок, өмүрү мамлекеттик ишти иштеп көрбөгөн акими Тынычбек Иманалиев дегенди иштен бошотуу тууралуу буйрукка 11-июнда кол койгон менен ал буйрук аткарылган жок, эми президенттин бир акимди кызматтан кетирүүгө дарамети жетпегенин көргөндө келмебиз ооздон түштү” деп, “жалаң акаевчилерден түзүлгөн жаңы партия парламенттик шайлоого ат салышканы турат. Аны Акаевдин аспиранты болуп жүргөн Кубанычбек Жумалиев жетектейт деген кеп бар. Партия курамын Амангелди Муралиев, Темирбек Акматалиев жана башкалар түзөт. Көмүскө “көпөсү”- Бермет Акаева экенин айта кетели” деп, “Мирослав Ниязов жетектеген “Эл арманы” партиясынын штабы жайгашкан имарат европалык типте салынган. Ижара акысы бери дегенде эле 10 миңдеген сомдун башын жутары калетсиз. Мынча ири сумманы Ниязов кайдан табат бечара деп кабатыр болбоңуз. “Эл арманы” партиясын кытай, түрк улутундагы ишкерлер тымызын финансылайт экен. Айтып чыга калып акыйкаттык, коррупция деп какшаса эле Мирослав Ниязовду кыргызга чындап күйөт экен деп жүрүпбүз, эми эмне дээрибизди да билбей калдык” деп, “жакында эле үй камагына бошотулган Үсөн Сыдыков ушу тапта атайын ооруканын люксунда жатат. Жатсын, ага ичибиз тарыган жок, бирок үй түрмөдөгү адамдын ушул ооруканада жатканы туурабы? Же шаасы жетсе, бул мамлекеттик мекемеге шайтан да жата береби? Баса аны ал жерден көрүп калгандар сыртка сүйрөп чыгабыз деп араң токтоптур. Жогорку Сот болсо түштөн кийин Сыдыковго биз уруксат берген эмеспиз, муну жасаган Бишкектин 1-Май райсоту деп актанып турат” деп кабарлады.

“Кыргыз туусу” гезити окурмандардын каттарын, каалоо-тилектерин, Роза Отунбаеванын президент болушуна байланыштуу чет өлкө башчыларынын куттуктоолорун, ырасмий материалдарды, ар кандай деңгээлдеги жолугушууларды жарыя кылды.

Бул санда АКШнын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Татиана К. Гфэллер айымдын Улуттук биринчи каналга берген интервьюсу бар.

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун “Замана ооматы” деген нускоо кеби окурмандардын ой элегине салынды. Автор: “Азыркы күндө өз дүйнө таанымын, кудурет-күчүн, дараметин, акылын, маданиятын баалап, сезбегендер деле бийликке жулунуп кирди. Андыктан ар бир кыргыз өзүн алдабай, өзгөлөргө алданбай, чындыкты, акыйкатты туу тутуп, балдарынын, элдин келечегин ойлонсо, жердешин, тууганын эле колдобой, жикчил болбой, Ата Журтка күйөрман, калыс, абийри таза, акылга дыйкан, көйгашка уул-кыздарды депутаттыкка, жол башчылыкка шайлап алууга куп оңтою келип турат” деп коңгуроо какты.
XS
SM
MD
LG