Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

“...өздөн чыккан жат жаман”


Гезиттер эмне дейт?

“Алиби” гезити журналист Машакбай Рахманкуловдун “Шайлоого – шагом марш!” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачты.

Ушул макаланын алдына “Алиби” акыйкатка чекит коет” деген макала жарыяланды. Анда “Вечерний Бишкек” гезити айтылуу кыргыз акыны Кубанычбек Маликовдун кызы, журналист Бермет Маликованын колу менен кыргыз элине кантип чок шилегенин кеп кылып: “Силер улутчул деп айып койгон “Алиби”, “Форум”, “Айат пресс” гезиттеринин журналисттери өз элине душман болгон Бакиевдин огунан коркпой, улам бирден сулап жаткан кыргыз балдарынын жансыз денесин сүйрөп, жардам сурап турганда силер - “Вечерний Бишкек” кайда элеңер? Кыргыздарды бир жолу Бакиев күйгүзсө, эми силер күйгүзбөгүлө! Ансыз да учурда кыргыздар кан жутуп, кыйналып, ар улуттун элинин кайратына, сабырына муктаж болуп турганда чын ниетиңерден кайрат айтып койгонго жарабадыңар.

Бермет айым, эгер сиз экөөбүз кан төгүлгөн кармашка көз жумуп, кыргызды өлгөндүн үстүнө көмгөн кылсак, эртеңки муун бетибизге түкүрүп, Кудай жазалап коет! Жараткандан, шейит кеткен мекендештерибиздин арбагынан корколу!” деп жазды журналист Назгүл Мамытова.

Гезит андан ары “Аскер кызматкерлеринин статусу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамында аскер адамдары профсоюздардын жана саясый партиялардын мүчөсү болууга тыюу салынгандыгын, буга карабастан генерал-лейтенант Исмаил Исаков өзү баш болуп партия түзүп, мыйзамды бузуп атканын, Т. Сариев эртеңден баштап кызматын таштаарын, А. Муралиев техникалык өкмөттүн башына келгени калганын, Нарын облгубернатору болуп Турдубек Мамбетов дайындалганын, Жаныш Бакиев Тажикстандын Ооганстан менен чектешкен аймагындагы нарко жолду көзөмөлдөп турган Саламшо Мухаббатовдун коргоосу алдында жүргөнүн, диний аналитик Даниял Мурадиловдун айтымында “Хизб-ут Тахрир” уюму аркылуу чет өлкөлөрдүн бири кыргыз бийлигине тиши өтө турган бирөөнү ортомчу кылып, Кыргызстанда үчүнчү башаламандыкты салганы жаткан коркунч бардыгын, анын башында Урмат Барктабасов турат деген сөздү паранжычан айым айтып бергенин кабарлады.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын адаттагыдай эле окурмандардын каттары менен ачты. Каттарда Манастын эстелиги Бишкектин "Ала-Тоо" аянтына коюлса, китеп басып чыгарууга президент Роза Отунбаева жардам берсе, “Ата-Бейиттеги” атактуу маркумдардын сөөгүн таап чыгышкан Бүбира апа менен Болот Абдрахмановго Кыргыз Эл Баатыры деген наам берилсе деген ой-тилектер жазылган.

Ошондой эле Өмүрбек Текебаев отставкага кеткенин, бүгүн ал тууралуу анын жардамчысы Жоомарт Сапарбаев маалымат жыйынынында билдирүү жасарын билдирди.

“Форум”
гезити “Кыргыз-Түрк - Манас” университетинин ректору Кайыповдун кайгысы күчөп баратканын, анткени кызматтан кетерине көзү жетип калганын, мамлекетке, элге чыккынчылык кылгандардын саламаттыгы начарлагандар Азимбек Бекназаровго кайрылуулары керектигин, анткени ал, андайларды үй камагы деген шылтоо менен боштондукка коё берип атканын, Токой чарба агенттигинин башчысы Топчубек Тургуналиевдин люстрация мыйзамын киргизип, А. Акаев менен К. Бакиев тушундагы өлкөнү талап-тоноого катышкан өңчөй жеп-ичкичтерди мамлекеттик кызматка бери дегенде эле 15 жылга чейин жолотпоо маселесин көтөрүп чыкканы коомчулукка майдай жакканын айтып чыкты.

Аталган басылма андан ары “Борборду Түштүккө көчүрүүнүн зарылдыгы барбы?” деген суроо менен айрым жарандарга кайрылып, төмөнкүдөй жоопторду алды.

Саясат талдоочу М. Сариев:
- Түштүк бобору болгон Ош шаарынын учурдагы инфраструктурасы, андагы талкаланган имараттар калыбына келгичекти борбор статусунун зарылчылыгы жок.

Саясат талдоочу Т. Какчекеев:
- Борбор Ошко көчөбү, Нарынга көчөбү, бул нерсе эч кандай натыйжага алып келбейт. “Борборду көчүрөт элек” дегенди карапайым калк баштаган жок. Аны жер-жердеги уруу башчылары көтөрүп жатат.

Акын А. Рыскулов: - Биринчи саясый, экинчи экономикалык зарылчылык болуш керек. Казакстан ушундай зарылчылыктардан улам борборун Астанага көчүргөн.

Окумуштуу Р. Жолдошев:
- Бул маселе шайлоо алдында упай топтойм дегендердин популизми.

Саясатчы Б. Ааматов: - Менимче Түштүктүн үч облусун кайрадан бириктирип, ыйгарым укуктарын жогорулатуу керек жана Ысык-Көл, Нарын, Чүйдү бир башат кылуу туура болот.

Манасчы У. Мамбеталиев: - Эгерде борбор Түштүккө барса түрдүү жаңжалдарга жол берилбес эле.

Тарыхчы О.Каратаев:
- Борборду Түштүккө которуу туура болот.

Өндүрүшчү О. Дүйшеев: - Бул мүмкүн эмес, биринчиден айтканга оңой болгон менен өтө татаал процесс. Экинчиден Ош жергесинде тынчтыкты сактоо үчүн күч структарларынын көп бөлүгүн ошол аймакка алып баруу керек.

Гезиттен булардан тышкары журналист Айбек Шамшыкеевдин “Бакиевдин тушундагы №1 резиденциясыдагы теске салынбай калган көрүнүштөр” деген, Айканыш Керим кызынын “Кулак укса курсак кайнайт” аттуу “Вечерний Бишкек” гезитине каяшасын, Кыргыз Республикасынын Турдакун Усубалиев башында турган аксакалдар кеңешинин президент Роза Отунбаевага Ак батасын, композиторлор Тимур Саламатов менен Атайбек Бөдөшовдун маектерин окууга болот.
XS
SM
MD
LG