Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06

Өкмөттүн жакасы жаңы, такасы баягы...


Гезиттерде эмне кеп?

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин дээрлик баары Акмат Бакиевдин кармалганын 1-беттерине алып чыкты.

“Форум”
гезити журналист Баратбай Аракеевдин макаласын тартуулады. Анда негизинен өткөн 20 жылдык мамлекет куруу амалы сындалып, мамлекетти Акаев да, Бакиев да үй-бүлөлүк – жеке менчик мамлекетке айландырып кетишкенин кейиш менен кеп кылат. Автор андан ары акыркы окуяларга токтолуп, Кыргызстанга эл аралык полицей күчтөрүнүн киргизилишине каршы оюн айтат. Ошол эле чет өлкөдөн айлык алган: “Өзүбүздүн Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова, Чолпон Жакупова деген “азоо аттай алкынган” айымдарыбыз алтургай өз алдынча “изилдөө борборлору” болуп чыга келишти. Болгонун болгондой айталбай, дей албай жүрүп өзүбүздү ак-кой, башка элдерди башыбызга чыгарып жибердик” деп жаны кашайды.

“Форум”
андан ары “Жакында Жаныш Бакиевдин орун басары Нурлан Темирбаев өзү келип колго түшүп берсе, анын 50 миң долларга бааланган бир тууган агасы Курманбек Темирбаев Түркиядан Кыргызстанга учуп келиптир. Бирок көргөн-билгендерге сыйлык жарыялап, кармай албай жаткан күч органдарынын аны көрбөй калганы кызык. Курманбек Темирбаевдин кайтып келгенине аны менен чогуу келген ТИМде иштеген бир чоң өзү күбө болуптур, айтмакчы анын ээн-элкин жойлоп жүргөнүнө караганда Акүйдө колдогон кожосу чоң көрүнөт” деп жазды.

Гезит ошондой эле ИИМ министринин 1-орун басары Мелис Турганбаевдин маегине орун берген. Маекте Акмат Бакиевдин кармалганы туурасында сөз болот.

“Кыргыз туусу” гезити президент Роза Отунбаеванын “Манас” эпосу – улуттун куту, көркөм бермети” деген ат менен эпостун бет ачар аземинде сүйлөгөн сөзүн жарыялады.

“Кайчы пикир” деген рубрика алдындагы эки макала – “Топчубек токойчуларга тополоң салууда” деген жана “Топчуке – кыргыз демократиясынын атасы” деген макалалар айтылуу саясатчынын айланасындагы акыркы окуялардын төркүн-төсүн талдоого алган. Аягында: “гезит басууга даярдалып жатканда Топчубек Тургуналиев ээлеген кызматынан бошотулганын өкмөттүк басма сөз кызматынан билдиришти” деген бир тилим маалымат кыпчылган.

“Убактылуу өкмөт Бакиевдердин ээсиз калган хан сарайлары менен банктарын, ишканаларын улутташтыруу боюнча декретин эл колдоп жатат. Эми Акаевден кийинки “бөрк ал десе баш алган”, анан андан натыйжа чыкпаган абал кайра жаралбаса болду” деп жазды ушул эле гезитке “Кыргызстан эли” коомунун төрагасы, жазуучу Токтобай Мүлкүбатов. Жазуучу макаласынын башында: “Кыргызстандын мамлекеттик басмаканасы менен полиграфиясын Акаев бийлиги талкаласа, Орто Азиядагы уникалдуу полиграфкомбинатты Бакиевдин баласы менен үкөлөрү жеке менчикке сатып алып, өз билгендериндей тоноп, ишкананын биротоло иштетпей салышкан. Полиграфкомбинаттын имаратын квартирага айлантып, соодалап жиберишкен. Кыскасы Кыргызстан көзгө басар басмаканасынан бир заматта ажырап калган” деди жазуучу.

“Кыргыз руху”
гезити бүгүнкү санын “Коопсуздукту күн тартибинен түшүрбөйлү” деген макала менен ачып: "Түштүктөгү абал бара-бара жөнгө салынганы менен отту өчүрүүнү эмес, өчкөн отту кайрадан тутантып, тамызгы салууну көксөгөн күчтөр көбөйүүдө. Кечээ эле эски бийликтин арыгын чаап жүргөн күчтөр бүгүн моралдык да, материалдык да жоопкерчиликке тартылуунун ордуна өзбек-кыргыз коогалаңынан пайдаланып, улуттук баатырга айланышып, кайрадан бийликке келүү үчүн жан үрөшүүдө” деп белгиледи. Макаланын жебеси андан ары Камчыбек Ташиев башында турган “Ата Журт” партиясына жан ага жан тартып жүргөн саясатчы Азимбек Бекназаровду көздөй бурулуп: “бирок Бекназаров жок орундан көшөрүп кетпей олтурат. Эмне себептен кетпей жатканы белгисиз. Же дагы үч-төрт дипломат “левый” кылып алайын деп жатабы? Бир Бекназаровдун айынан азыркы бийлик эки баштуу өкмөт атка конуп отурат” деп бүтүм чыгарды.

Журналист Айзада Абазованын макаласы “Жаңы өкмөт, жаңы Ош, жаңы келечек” деп аталат. Автор: “Мындан ары Ошто махаля болбосун, эгер өзбек карылары салттуу жашоо-турмушунан жангысы келбесе Төлөйкан сыяктуу айылдардан жер берүү керек да шаар борборуна жер тамдарды курууга жол бербөө керек” деген ойду айтат. Айзада айым андан ары саясатка өтүп, азыркы күндө улутчул да, оппозиционер болуу оңой да, пайдалуу да экендигин кеп кылып, Бакиевдерге керек болсо Бакыт Калыевден да жакын адам Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибеков болгонун, эми ушулар “улуттук баатыр” терисин жамына баштаганын иликтөөгө алган.

Ушул эле гезитке Абдымамбет Сариевдин “Турсунбай Бакир уулу борборду Ошко көчүрүп халифат кургусу келеби же мамлекеттик телевидениеси жок кандай мамлекет болот?” деген макаласын сунуш кылды.

Автор борборду Ошко көчүрүүнүн туура болбостугун бир катар жүйөөлөр менен бекемдеп, КТРды коомдук телеканалга айландыруу идеясы бул мамлекетке жасалып жаткан чыккынчылык деп эсептеген.

“Жаңы агым” гезити: "Убактылуу өкмөттүн жыйыны жабык эшик артында өтүп, туңгуч президент А. Акаевди кол тийбестик укуктан ажыратуу маселеси талкууга алынганда өкмөт мүчөлөрүнүн көбү бул демилгени жактырган менен Элмира Ибраимова, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Өмүрбек Текебаев Аскар Акайычты атасынан бетер коргоп чыгышты” деп, “Топчукенин ордуна токойдун чоңу болуп Мирослав Алымкулов келди” деп, “Өткөн аптада экс-мэр Нариман Түлеевдин карааны Бишкектин бир кафесинен чалдыкты. Нариман мырза Убактылуу өкмөттүн белдүү мүчөсүнүн бири менен узакка эзилишип олтурду” деп, “Адахан Мадумаров Аксыга барып “Каркыранын сатылышына менин тиешем жок” деп айтканы аксылыктардын кыжырын кайнатты” деп, “апрель окуясынан кийин Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан 100гө чукул адамды финполицияга жумушка орноштуруп, ар биринен миңдеген доллар “сындырган” деген имиш бар, жакында бул полиция жоюлганы турат” деп кабар таратты.

“Жаңы агымдын” бул санына “Интербилим” борборунун деректири Асия Сасыкбаеванын “Абдрасуловага эмнеге кысым болбойт да, Төлөйканга эле кысым болот?” деген, атбашылык фермер Калыбек Арабаевдин “Жаңы бийлик эскиче кетти” деген ат менен интервьюлары басылып чыкты.

Жаңы бийликтин жасап жаткандарына жаны кашайган атбашылык аксакал Арабаев: “Кечээ таластыктарга ок аткандардын арасында жүргөн Акылбек Жапаров бүгүн “жүз күндүк программам бар” деп бакылдай баштады. Бул эмне үчүн камалбайт? Үсөн Сыдыковду түрмөдөн чыгарып, атайын оорукананын “люкс” номерине жаткырып коюшту эле, Азимбек Бекназаров ага торт ташып жүрөт. Ош, Жалал-Абадга, Кыргызстанга коркунуч келтирген адамдарды кайра ушинтип сыйлай берсе болобу?” деген суроолорду койду.
XS
SM
MD
LG