Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

Эл бийликтин эсинен чыга баштады


Бүгүнкү гезиттер эмне дейт?

“Кыргызстан эксперименттердин өлкөсүбү?” деген макаласын “Алиби” гезити “Кыргыз “кардынын токтугуна эмес, кадырынын жоктугуна” ыйлаган эл” деген рубрика алдында тартуу кылып, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун эл аралык полиция күчтөрүн Кыргызстанга кийирүү жагдайы тууралуу маселени талдоого алды. “Алар бизден мурун өзүнүн коопсуздугун ойлошот. Өкүнүчтүүсү, бул өндүү көрүнүш Кыргызстанда жасалып жаткан биринчи гана эксперимент эмес, буга чейин эл аралык уюмдардын далай ирет саясый жана экономикалык эксперименттеринин бутасына айланганбыз. Дагы да болсо кеч эмес, балким президент Роза Отунбаева ойлонуп көрөр. Такыр эле болбой калды дегенде полциялык топтун курамына эмне үчүн Казакстандын же Түркиянын жарандары кирүүсүн суранууга болбосун? Коомчулуктун нааразы болуп жаткандыгынын себеби “эмне үчүн башка өлкөлөр биздин ички ишибизге кийлигишет?” дегенден келип чыгууда. Кыргыз жетекчилиги ушуну эске албагандыгы өкүндүрөт. Дооронбек Садырбаев агабыздын: “Кыргыз бийликке жеткенче кыргыз, андан кийин башка улутка айланып кетет” дегени аргасыз эске түшөт” деп жан кейитти.

“Алиби”
андан ары Үсөн Сыдыковдун батасы менен экс-министр Марат Кайыпов “Жаңы Кыргызстан” партиясынын төрагалыгына олтурганын, кечээ “Мекенди тазалоо” кыймылы Эмил Каптагаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылганын, эл аралык полиция күчтөрүн киргизбөө талабы эки күндүк мөөнөттүн ичинде аткарылбаса Ош шаарында 50 миңге чукул адам нааразылык митингке чыгарын, эки жолу бийлик алмашса да, эки жолу кан төгүлсө да элдин менталитетине туура келбеген, жумуртка баскан канаттуу аялдын айкели былк этпей ордунда турганын, кечээ эле эл тарабында жүрүп, элдин пикирин тыңдап жүргөн бүгүнкү бийлик чечкиндүү кадамдарга баралбай, маркум Д. Садырбаевдин: “Шар деген туруксузудуктун белгиси, шарга минип олтурган аял Ала-Тоо аянтынан алынмайын кыргызда тынччылык болбойт” дегенин унутту деп кабарлады.

Ушул эле санга “Бийликти тазалоо - революциячыл элдин талабы” деген ат менен айтылуу саясатчы Топчубек Тургуналиев менен маек басылды. Топчуке бийликти тазалоо боюнча мыйзам долбоорун даярдап, кыймыл түзүп, 14 талап коюп, аны президентке жөнөткөнүн, кыймылдын жыйыны ушул жуманын этегинде өтөрүн айтып берди.

“Кыргыз туусу”
гезитине ырасмий материалдардан кийин вице-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин “Үйлөрдү кышка чейин бүтүрөбүз” деген аталыштагы интервьюсу жарыяланды. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү иш чарасы башталганын баяндаган Жантөрө мырза, күз деле келип калганын, ноябрь айынын ортолорунда, суук түшкөнгө чейин же декабрь айынын башында куруп бүтүрүү тууралуу ой барын, каражат жагынан эл аралык уюмдар жакшы жардам берип атканын кеп кылган.

Вице-премьер-министр мырза ошону менен бирге эле кудай буюрса жылдын аягына чейин Ош, Жалал-Абад шаарларында таза суу, канализация боюнча долбоорлор иштей турганын, башкы максат – элди кышка дейре үй-жай менен камсыз кылып, күйүп кеткен мектептерди калыбына келтирүүнү тездетүү экендигин баса белгилеген.

“Форум”
гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Өткөндөн сабак албасак, өлгөнүбүз ошол!” деген макаласы менен ачып, өткөн менен кеткендерге сереп салып, жаңы бийликтин жасап жатканына токтолду. “Техникалык өкмөткө жалаң эле Акаев, Бакиев тушунда иштегендер келип алышты” дегенге Отунбаева: “Мен деле экөөнүн тушунда тең иштегем” деп жооп берди. Туура, Отунбаева Акаев тушунда да, Бакиев тушунда да иштеп, бирок ишинен жыйынтык чыгара билген, коррупция жолуна түшкөн эмес, таза адам. Эгер Отунбаеванын жанындагылар өзүндөй болсо мейли эле” деп жаны кашайган Аракеев андан ары карай Муралиев, Сатыбалдиев, Абдуллаева, Костюк, Арабаев, Рыскулова сыяктуу “жыдып” бүткөндөрдүн аттарын мисалга тарткан. Автор аны менен бирге эле мындан ары бийлик ушинтип жумшактык, чечкинсиздик кыла берсе, кыргыздын ырыскысын Бакиев менен кошо жегендер бийликке келерин, ансыз да алар так ошол жеген акчаларына партия түзүп, элдин башын айлантып киргенин дагы бир ирет эскертип: “Отунбаева элдин жасалмасыз көңүлү менен, накта элдин дилинин буйругу менен шайланды. Эгер мындан аркы турмуш мурункулардын жолу менен кетсе анда элдин шору. Мына ушуну президентибиз күнү да, түнү да ойлонушу керек” деп жазды.

“Форум”
муну менен бирге алдыдагы парламенттик ат жарышка таластык талапкерлер таптала баштаганын, маселен СДПК “Ата Мекенчилер” Болот Шер менен Равшан Жээнбековго карата экс-министр Рыскелди Момбеков менен президент айымдын иниси Болот Отунбаев сыяктуу жигиттерин чыгарганы жатса, “Республика” партиясынын атынан Өмүрбек Бабанов, “Ак шумкардын” атынан “акжолчу” Жусуп Иманалиев, “Кыргыз жер” партиясынын атынан Өмүрбек Субаналиев камданып жатканын кабарлады.

Дагы бир алакандай кабарда Ысык-Көлдүн Ак-Булуң айлынын Исмаилов Кубанычбек аттуу 69 жаштагы аксакалы “Манас-Алтай” жүрүшүнө өз жанынан 1 млн. сом кошумча кошкону маалымдалды.

Журналист Тынчтык Алтымышевдин макаласы “Ак жолчулар” кечээ, бүгүн жана эртең” деп аталып: “кийинки муунду өздөрүндөй паракорчулукка тарбиялап, трайбалисттик жол менен өз кызыкчылыгынын гана тамырын жайган акжолчулардан алыс бололу” деп чакырык салат.

Гезит бул санына “Тургуналиев келсин, Каптагаев кетсин!” деген жалпы теманын алдында айрым жарандардын ойлоруна орун берди.

Жумгалдык Улан Курманов:
- Топчукени кызматтан алардан мурда ал топтогон кагаздарды казып чыгышса болмок. Мага жеткен маалыматтар боюнча, ошол кызматынан кол жууган токойчулардын ар биринин үстүнөн кылмыш иши козголгону жаткан. Кимдин канча карагай сатканы, канча кайберен атканы боюнча айныксыз фактылар бар болчу. Топчубек аксакалдын кайра келишин талап кылабыз.

Таластык Анарбек Рыскулов: -
Топчубектин алынышына таластыктар катуу кыжырданып жатат. Бул ишти былгыткан Каптагаев, Чынкожоев дегендер тезинен кызматтарынан четтетилсин.

Бишкектик Дүйшөн Маматов: -
Тургуналиевди кызматтан алган Каптагаев Эмил өз кетсин. Эгер мындай адамдар менен кете берсе эмики бийлик 5 жылга эмес, эки жылга жетпей калышы мүмкүн.

Арашандык Гүлүмкан Токтосунова: - Бизде качан болсо ушундай адамдарды кызматтан кетирет. 90го жакын уулдарыбыз ушинтип чыныгы эл деп күрөшүп келгендер талаада калсын, паракорчулук менен жек-жаатчыл саясат улансын деп канын төгүп, төшүн окко тосту беле?
XS
SM
MD
LG