Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Жакшылыкка жамандыкпы?


Кыргыз туусу гезити
Кыргыз туусу гезити

Бүгүнкү басылмаларда Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси К.Дүйшөбаевдин маеги, Ош коогалаңына байланыштуу пикирлер, соттордун иштери туууралу макала чыкты.

“Форум” гезити “Айат пресс” гезитинин башкы редактору Жылдыз Мусабековага белгисиз бирөөлөр тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр болуп, ал күч органдарына арыз менен кайрылганын уктук” деп, “баягы “Петровка окуясында” Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги болуп турган Жеңишбек Жоробеков жаңжалдан кийин кызматтан алынып, бирок Конгантиевдин аркасы менен Бишкек шаар милийсанын орун басар начальниги, кийин Тогуз-Торо раймилийсанын начальниги болгон. Булекбаев, Аргынбаев, Рыскулов сыяктуу жигиттерди эки жыл эзген Жоробеков жаңы бийликтин да эбин тааптыр, жаңы бийлик аны түз эле Чүй облмилийсанын начальнигинин орун басары кылыптыр” деп кабарлады.

“Форум” андан ары экс-министр Рыскелди Момбеков менен маек басты. Эл аралык полиция күчтөрү жөнүндө сөз кылган Рыскелди мырза: “Ак үйдүн маалымат кызматы алардын максатынын маанисин ачып бергенде, акцияга чыккандар акыл калчап, аягында макул болмок. ЕККУ ошол Оштогу оор окуялардан кийин канчалаган жардамын берип жатат. Алардын миллиондогон гуманитардык, гранттык жардамдарынан баш тартпайбыз да, адамдарынан баш тартканыбыз кандай? Жаратыбызды айыктырганга жардамга келаткан адамдарды жарга такаганыбыз бул жакшылыктын жышааны эмес. Куралчан боевиктерди кубалагандын ордуна, куралсыз жардамга келе жаткан полициялык күчтөрдү кубалаганыбыз кудайга деле жакпаса керек. Алтымыштан ашпаган полициядан биздин эме, баш бага турган бандиттердин жүрөгү түшсүн” деп айтты.

Ушул эле санга УККнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин маеги жарыяланды.

Бакиевдер кармалмайын өлкө коопсуздугу коркунучта экендигин моюнга алган Дүйшөбаев: “Мына жакында эле Нурлан Темирбаевди кармап келдик. Ага чейин Оксана Малеваннаяны, Үсөн Сыдыковду, Бакыт Калиевди кармап бергенбиз” деп айтканына кабарчы:"бирок “үй камак” деген жок шылтоо менен кайра эле бошотуп жиберип атпайсыңарбы?" деген суроосуна баш чекист: "Убактылуу өкмөт төрайымынын сот, прокуратура тармагына жооп берген орунбасары Азимбек Бекназаров көзөмөлдүк кылат буга. Бул суроону ошол адамга берсеңер туура болмок" деп жооп берди.

Бүгүн жарык көргөн “Көк асаба” гезити журналист Салтанат Кыдырмаеванын “Коогалаңдан кийинки Ош кооптонуудан кайта элек” деген макаласын тартуулады.

Ош окуясы тууралуу гезит кеби андан ары уланып, “Кыргыз жер” коомунун төрагасы Аман уулу Алимбектин “Айткылачы, кайсы лидер эл үчүн өлдү?” деген, Бишкек тургуну Садыр Чоңмуруновдун “Качкан өзбек өз чек арасынан деле кордук көрдү” деген ат менен интервьюлары жарык көрдү.

Акын жана журналист Гүлжамила Шакирова макаласында кыргыз эли туурасындагы ой-толгоолорун ортого салып: “Кыргыз бирөөнү ыгы жок жерден каралабаган, кылган күнөөсүн танып карганбаган, колунан келсе бирөөгө жардам бергенге даяр, меймандос, кең пейил, айкөл эл болгон. Мына ошондой меймандостугубуздан ар кимди кучак жайып тосуп ала берип, жерибизди жердеп келгендердин күнү тууп турат. Меймандостугубуз өз башыбызга тийген токмок болду” деп жазды.

“Көк асаба” басылмасы андан ары айкөл Манас тууралуу ойлорго орун берген.

“Кыргыз туусу” гезити “Мыйзамды сыйлабаган судьялар соттордо иштөөгө акылуубу?” деген макала басты. Автор сөз башында: “Президент Роза Отунбаева өз жарлыгы менен Жогорку соттун 7 судьясын ишинен четтетип, жергиликтүү соттордун 19 судьясын кызматтарынан бошотконун юрист Улан Сатаров жактырбай, бул чечимди өлкөнүн сот бийлигинин көз карандысыздыгына урулган олуттуу зыян катары баалоого аракеттениптир” деп белгилеп: “Улан Сатаров деген өлкөдөгү мыйзамсыздык чектен чыккан президент К. Бакиевдин бийлиги убагында анын аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп турган. Ушундан улам орустардын “Өңгөнүн ую мөөрөсө да менин уюм унчукпай турса болмок” деген макалы эске түшөт. Бакиевдердин кланы бийликте турганда судьялардын жоон тобу Ак үйдүн, тагыраак айтканда Бакиевдердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн көзүн карап чечимдерди кабыл алып келгени эч кимге жашыруун эмес. Ошол эле генерал Исмаил Исаков, Петровка окуясы, Аликбек Жекшенкуловго байланышкан соттук иштер боюнча кабыл алынган чечимдерди адилет болгон деп ким айталат?” деп суроо койду.

“Манас-Манас болгону… же Манас атабыздын эстелиги жөнүндө ой-чабыт” аттуу баян журналист Төлөгөн Козубековдун калемине таандык.

Журналист Мырзакат Тыналиевдин макаласында айыл-чарба тармагынын ишке ашпай келаткан өксүктөрү жөнүндө сөз болот.

Дүйшөн Султанкулов “Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт же билим берүүнүн тескейлери” деген макаласында билим берүү тармагын артка тартып, жылдырбай келаткан көйгөйлүү маселелердин башын ачат.

Эл жазуучусу Мырзабек Тойбаев алты бөлмөлүү үйүн кандайча китепканага жана медпунктка бергени жөнүндө айтып берген.

“Кыргыз туусу” андан ары президенттин түштүк иш сапарын баяндаган макалалардын топтомун жарыялады.

Белгилүү окумуштуу Советбек Байгазиевдин макаласы “Элди бийликтин күчү менен эмес, калыстыктын күчү менен башкар же Байзактын даанышмандыгы бүгүнкү жетекчилерге үлгү болууга тийиш” деп аталат. Анысында Советбек мырза эл башкарам деген адамдардын кара кылды как жарган калыс болушу керектиги жөнүндө кеп салат. Автор Байзак баатырдын: “Мен тууганымдын болушу эмесмин, элдин болушумун. Тууганга калыс боло албаган элге калыс боло албайт. Эл мыктысы карапайымдыгын жоготсо, мансап кууса, дүнүйө ээрчисе, анысы өзүнө байкалбай жатканы менен калк алдында паска түшкөнү ошол. Дүнүйөнүн чордону алтын го, дал ошол алтын жылтылдак, адамды азезилдей ээрчиткен менен ак эмгектин алтыны болбосо азапка салат. Адам алтын таппай азап табат” деген сөзүн мисалга тартат.

“Кыргыз туусу” ошондой эле кайрат менен эрктин акыны, маркум Өмүркул Кулумбаевдин ырларын окурмандарга сунуш кылды. Айтылуу акын бир ырында:

-Бирөө тилейт кетпесе деп бакытым,
Бирөө тилейт көбөйсө деп катышым.
Олда атыңдан айланайын өмүр ай,
Мен олтурам таңдын тилеп атышын,- дейт.
XS
SM
MD
LG