Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:39

Тунук суу көлдү булгабайт


Гезиттер эмнелерди жазат?

“Айат-пресс” гезити бүгүнүкү чыгарылышында саясатчылар Өмүрбек Текебаевдин, Алмаз Атамбаевдин, Темир Сариевдин маегин чыгарды.

“Ата-бабаларынын арбактары жаткан жерди таштап кеткен адам руханий баалуулуктарын жоготот” деген темадагы “Ак шумкар” партиясынын лидери менен болгон маекте Т.Сариев “Саясий карама-каршылыктарды жаңы толкундоолордун катализаторуна айлантууга жол бербөө бардык партиялар үчүн маанилүү милдет” деген.

"Кыргызстанга ЕККУнун полицейлерин киргизүүгө кандай карайсыз? Бул “Косоводогу сценарийге” алып келет деген ойду колдойсузбу?" деген суроого Сариев, “бул иш айрым саясатчылар алардын өлкөбүзгө киришин сурап жаткан полицейлерден же башка аскер күчтөрүнөн көз каранды эмес. Кыргызстан кандай жолду тандап алат - аны биз өзүбүз гана күздөгү шайлоодо чечебиз” деген.

Ушул эле гезиттеги “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен “Ишибиз оңолуп кетсе, Орто Азия кыргыздардын артынан ээрчийт” деген темадагы маекте Текебаев, жаңы Баш мыйзам боюнча кеңири маалымат берип, "биздики Европага да, Азияга да окшобогон, кыргыздын бүгүнкү кырдаалын эске алган, биздин муктаждыктарды чечүүгө көмөктөшө турган Конституция” деп айткан.

Ал эми “Аман болсун алакандай кыргыз жерим...” деген темадагы СДПнын лидери Алмаз Атамбаевдин маегинде “Социологияда да, философияда да кызыл жаян канды көргөндөн кийин адам болобу, коом болобу, “селт” этип, өз жашоо-турмушуна бир сыйра сереп таштап, жаңыча көз менен карап калат деген түшүнүк боло турган. Мени күнү-түнү санаага бөлөп турган нерсе: апрель менен июндагы төгүлгөн кан баарыбызга сабак болор бекен деген ой” деген.

“Айат-прессте” бул маектерден сырткары саясатчы Болот Шердин саясий ишмердүүлүгүн чагылдырган “Лирикасыз чегинүү” деген макала, Республика партиясынын мүчөсү Асанбек Жакшылыковдун “Менин жаныма батканы - коррупция” деген интервьюсу жана башка саясатчылардын да маектери жарык көрдү.

“Аалам” гезитинин бүгүнкү чыгарылышында, вице-премьер-министр Амангелди Муралиевди Ошко кайра губернатор кылып жиберүү керек эле деп, аны “Кыргыз алтындын” директорлор кеңешинин төрагасы катары 50 миң сом айлык алары, өкмөттүн атынан “Центерранын” директорлор кеңешине да көрсөтүлүп, ал жактан 3-5 миң доллар айлык алат экен деген имишти жазган. Бул гезитте айрым саясий партияларга мүчө болуп киришип, кайра чыга качкан мурдагы чиновниктер, мурдагы “Ак жолчу “ депутаттар тууралуу да маалыматтар басылган.

Журналист Үсөн Касыбековдун “Идеалисттик” партия деген темада бакиевчилер дале болсо бийликке жутунушууда деген таризде сүрөттөмө берилип, “Ата журт” партиясынын күңгөй-тескейине ой жүгүрткөн.

Ушл эле гезитте филология илимдеринин доктору Лайли Үкүбаеванын “Тунук суу көлдү булгабайт” деген темада Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибаревди эскерип, анын чыгармачылыгына баа берген.

“Аалам” гезити “Закиржандын түштүктөгү резиденциясы” деген темада мурдагы президент Курманбек Бакиевдин түштүк резиденциясындагы кичи зоопаркы тууралуу журналист Чолпон Асанованын көлөмдүү макаласын жарыялады. Анда Курманбек Бакиев аю менен күрөшкөндү жакшы көргөнүн, ал аю киши жегич экенин, жаныбарларга жасалган мамилелер тууралуу баяндалат.

Ушул эле гезитте "Кыргызстанды криминал башкарып жатабы?" деген темада элдин ишеними азыркы бийликке жоголуп баратканы, ага себеп кримавторитет аталган А.Бокушев кечээ жакында милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, бирок Кара-Балта шаар мэри Оомат Казакбаевдин жеке жоопкерчилиги менен боштулганы маалымдалган.

“Апта” басылмасынын бүгүнкү чыгарылышында “Кыргызстанды ЕККУнун “капканына” кимдер салып берип жатат?” деген темада атайын бир бетке белгилүү саясатчылардын, коомдук ишмерлердин ой-пикири чагылдырылып, алардын бардыгы ЕККУнун полиция кеңешинин түштүккө киргизилишине каршы болушкан. Анда мурдагы судья, прокуратура кызматынын ардагери Абибилла Абдугапаров “ЕККУ Кыргызстанды үчкө бөлөт" деген темада көлөмдүү маек берип, ЕККУнун полиция кеңешинин киргилишине караманча-каршы экенин билдирген.

"Учур" гезити ички иштер министри менен анын орун басары Кубанычбек Кадыровдун бокстошкон сүрөт-колладжы “Кубатбек Байболовду уруп түшүрөбү?” деген темада биринчи бетке басылган. Бул гезит "К.Байболов ээрден оойбу?" деген суроо менен анын ишиндеги кемчиликтерди айтып чыккан.

Ошондой эле "Учур" гезити “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкуловдун маегине да орун берген.

"Учурдун" учкай маалыматтарында министр А.Костюк Ысык-Көлдүн жээгинде курулуш жүргүзүп жатканы айтылат. Анда ал курулуш А.Костюк менен жаш жубайы, тележылдыз Ширин Жумагулованын эс алуучу жайына айланары белгиленген.
XS
SM
MD
LG