Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:19

Cай-сайлаган саясат


“Айат пресс” гезити алакандай кабарларынан тышкары Азимбек Бекназаров жөнүндө макаланы, генерал-майор Өмүрбек Суваналиевдин “Мен генералмын. Стабилдүүлүк үчүн күрөшөм” деген ат менен маегин жарыялады.

Суваналиев шайлоого “Содружество” партиясына кошулуп Кыргызстандын биримдиги үчүн баратканын, “Ак шумкарды”, КСДПны, “Ата Мекенди” жөнөкөй калк колдобой тургандыгын, анткени алар өлкөнү бирдиктүү башкаруунун ордуна майдалап бөлүп жаткандыгын, техникалык өкмөт, Роза Исаковна шайлоону бурмалоого барса чатак болорун белгилеген.

Барктабасовго баа берген Суваналиев башынан эле “Барктабасов Бишкекке келсе түрмөгө олтурганы келет” деп айтып келгенин, акча менен баарын сатып алам дегендерди баатырларыбыздын каны, апалардын ыйы, жетим-жесирлердин муңу алдында аеосуз жоопко тартуу керектигин кошумчалаган.

Президенттин саясый маселелер боюнча кеңешчиси Топчубек Тургуналиев кезектеги маегин “Бийликти тазалоо - тарыхый зарылчылык” деп атады.

“Учур” гезитине “К.Кадыровду басынтууга жол бербейбиз!” деген кат жарыяланып, ал президент Роза Отунбаевага багышталды. Ысык-Көл, Талас, Нарын, Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынан жүздөгөн адамдар кол коюшкан деп жазылган, бирок адамдардын тизмеси көрсөтүлбөгөн катта милиция кызматкери Кубанычбек Кадыровго карата элдин талабы орундалбаса ИИМ министри Кубатбек Байболовду кызматынан кетирүү талабы менен чыгары баяндалган.

Ушул эле каттын алдына президенттин №2 резиденциясынын деректири Кыдыкбаевдин (Бул адам К. Кадыровдун атасы) ИИМ министри К. Байболовго каяшасы басылып чыкты.

Айым Нуржигитованын “Учур” гезитиндеги баяны “Петровка” курмандыгы” деп аталып, ушул окуяга байланыштуу “Бакиев менен Конгантиевдин кадры” деген жарлык тагылып, Москва раймилийсасынын ошол кездеги начальниги болуп туруп, кийин Тогуз-Торого которулуп кеткен Жеңиш Жоробековду колдоого алган.

Ташкул Керексизовдун Ысык-Көлдөгү 7 акеден кийин 8-аке болгону да ушул гезитте.

“Ийри таяктан түз көлөкө түшпөйт” деп аталган макала ата-бала Бабырбек жана Равшан Жээнбековдорду каралоого алган. Автору Турдухан Жумабекова.

“Россия жана Казакстандагы Кыргыз диаспораларынын “Замандаш” ассоциациясы бүгүндөн тартып 14-августка чейин “Апрель жана июнь окуяларынын эмгек миграциясына тийгизген таасири” деген темада эл аралык конференция өткөрөт. “Замандаш” уюштуруп жаткан жыйынга аталган өлкөлөрдөгү кыргыз биримдиктеринин 50дөн ашуун лидери, өкмөт мүчөлөрү, бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү жана көз карандысыз эксперттер катышат. Конференцияда өлкөдөгү кырдаалдын сырттагы мигранттарга тийгизген таасири, Россия-Казакстан-Беларусь бажы биримдигинин күңгөй-тескейи, Ош калабасы талдоого алынат. Конференция бүгүн саат 9да Бишкектин “Хаятт” мейманкасында башталат” деп жазылган.

“Аалам” гезити жаштардын партиясына бут тосуулар күч алганын, мындай бут тосууларга, телефон аркылуу коркутуп-үркүтүүлөргө “7-апрель Жаштар кыймылы” туш болуп атканын кабарлады. Анткени кыймылдын жаштары “Бийликтин бронепоюзу” аталган Азимбек Бекназаровго тиш салган.

Баяндамачы Үсөн Касыбеков ушул эле гезиттеги макаласын “Барктабасов деген ким? Бар болгону примитивдүү авантюрист” деп атап, “олигарх” У. Барктабасов фантазиясы сезгенип калган жазмакерлердин продукциясы. Өлкөдөгү Конституцияга түкүрүп койбой түз эле премьер-министрликти талап кылышы анын ашкере карөзгөйлүгүнөн кабар берет. Бул кылыгы ашынган саясый зөөкүрдүк катары кабыл алынып, калктын кеңири колдоосуна ээ болгон жок. Россиялык журналист Аркадий Дубнов У. Барктабасовдун дени-карды соо экенинен шектенип, врачтарга көрүнүүсүн сунуш кылганы бекеринен болбосо керек. Тилекке каршы кыргыз саясат мейкининде буга окшогон авантюристтер, аферисттер четтен чыгат” деп жазды.

Ушу тапта кайсыл партия күчтүү?

Мына ушул суроо менен гезит катардагы айрым жарандарга кайрылды.

КР эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева: Менимче, “Ата Мекен”, КСДП, “Ар-Намыс”, “Бүтүн Кыргызстан” партиялары башкаларга караганда салмактуу,-деп,

“Боорукер” кайрымдуулук фонддун президенти Гүлия Тажиева: Тээ илгертен мыкты иштеп келаткан “Ата Мекен”, КСДП деген партиялар бар. “Ак шумкар” мурда мыкты эле, төңкөрүштөн кийин эл ичиндеги кадыр-баркы түшүп кетти,-деп,

Мугалим Зариза Сулайманова: - Менимче КСДП эң күчтүү партия. Шайлоодо ушул партияны колдойм,-деп,

Саясат таануучу Марат Казакбаев: - “Ата Мекен” күчтүү партия. Потенциалы дагы бийик. Шайлоодо ушул партия жеңип чыгат. Өмүрбек Текебаев спикер болот. Экинчи орунда КСДП турат. Үчүнчү орунда “Ак шумкар”, төртүнчү орунда “Ата Журт” партиясы. Башка партиялар боюнча азырынча сөз жок,-деп жооп берди.

Журналист Бахтыяр Шаматов саясатчы-генерал Мирослав Ниязов менен баарлашкан. Ниязовдун интервьюсу “Жеке жоопкерчиликти мойнуна алган лидер гана Кыргызстанды оңой алат” деп аталат.

Экс-вице-спикер Кубанычбек Исабеков маегин “Кыргыз өкмөтүнүн алсыздыгына ардангам” деген темада сунуштады. Исабеков “Пресс kg” гезитине аны каралап жазган Эркингүл Иманалиеваны сотко бергенин, көл өрөөнүнүн айылдарына көрсөткөн жардамын, “Кумтөр” жагдайын окурмандардын алдына жайган.

“Аалам” гезитинде булардан тышкары Мелис ажы Жолборстегин аттуу автордун “Эмне үчүн КТР оңолбойт?” деген рубрика алдында “Акаев + Бакиев = эки жүздүү, супер кошоматчы Эшимканов... же Оторбаев!”, “Закиржандын түштүктөгү резиденциясы” деген макалалар бар.
XS
SM
MD
LG