Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Улуу эл ушак айтпайт



“Кыргызстан ушак менен жашап калды, маселен “мурда Максим Бакиевге тийешелүү бизнес менен Роза Отунбаеванын уулу шугулдана баштаптыр дейт”, “Бекназаровдун уулу минтип атыптыр дейт”, “аныкы антип атыптыр дейт” деген эле ушак... Биз мындан ары ушул өңдүү ушак-айыңдардын чын-бышыгына жетүү үчүн “ушак текшеребиз” деген рубрика ачтык. Аларды сан сайын окурмандарыбызга кабарлап турмакчыбыз” деп маалымдаган “Дело №...” жумалыгы алгач КР вице-премьер-министри Азимбек Бекназаров менен маектешти.

“Дело №...”: 7-апрелден кийин бакиевдер уурдаганга үлгүрбөй калган акчаны кайтарып алуудан казнага канча каражат түштү?

Бекназаров:
Канча экенин так айталбайм. Өнүктүрүү фондунан Минфинге 20 миллионго жакын доллар өткөрүп бергенбиз. Мындай жашырылган акчаларды табууда башка күч түзүмдөрү да иштеген. Ошондуктан так айталбайм.

“Дело №...”: Роза Отунбаеванын уулу мурда Максим Бакиевге тийешелүү бизнестин баарын өзүнө алып жатыптыр деген сөздөр жүрөт, буга кандай дейсиз?

Бекназаров: Кыргызстан бүгүн ушак менен гана жашап калды... Убактылуу өкмөткө каршы маалымат согушу башталганына көп болду. Тилекке каршы, акчага азгырылган журналисттер Кыргызстанды каалагандай көөлөөдө. Буга шайлоо өнөктүгү кошул-ташыл болуп, Бакиевдин мурдагы жан-жөкөрлөрү, анын акчасына жалдангандар ушул өңдүү “шыбамай майданына” аттанды. Ал майданда Акаевдин адамдары да бар. 20 жыл бою Кыргызстанды жемирип-жеп, талап-тоноп, аягында сөөгүн мүлжүп кирген коррупционерлер эми аргасы кеткенде Отунбаева жөнүндө, анын уулу жөнүндө, биз жөнүндө тири шумудук ушактарды таратканга өтүштү.

“Дело №...”: Сиздин уулуңуз тууралуу да ушак-айың күч, деги ал каякта иштейт?

Бекназаров:
“Дордойдо” иштейт. Келинчеги экөө базарда соода кылып олтурат, контейнери бар.

Ушул эле гезит “Малеваная Текебаев менен иштешип атыптыр” деген ушакты текшериш үчүн “Ата Мекен” партиясынын лидеринин өзүнө кайрылган:

-Оксана мурдагы депутат катары менин коллегам, бирок ушу тапта аны менен менин да, мен жетектеген партиянын да эч кандай байланышы жок. Мен аны үй түрмөгө чыгарылганда бир көргөм, ошондон бери көрө элекмин,-деп жооп берген Текебаев.

Гезит айрым бир атуулдарга: “Кол тийбестиктен ажыраткандыгы үчүн Аскар Акаевдин ордунда сиз болсоңуз эмне кылат элеңиз?” деген суроо берип, төмөнкүдөй жоопторду алды.

Саясат талдоочу Марс Сариев: Элден кечирим сурамакмын,

Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев: Биринчиден, Аскар Акаевдин кониституциялык укугу бузулуп жатат, экинчиден анын кол тийбестигин алыш үчүн жаңыдан түзүлө турган Жогорку Кеңешти күтүш керек болучу. Кыргызстанда жапайы капитализм өкүм сүрүп, аренада жапайы саясый лидерлер даң салууда. Бирок өзүмдүн жеке оюмда Аскар Акаев кылмышкер.

Үйдө олтурган Марина Сламова:
Мурдагы президент болгондон кийин, кайсы бир колхозду эмес, бүтүндөй мамлекетти башкаргандан кийин элдин алдына келип, кылган кылыктары үчүн жооп бериши керек. Ушул эле нерсе өлкөнү андан да өлөсөл кылып кеткен Курманбек Бакиевге да тийешелүү.

“МК Азия” гезити “Кечиребизби же кечиришебизби?”, “Дагы бир жакыны жок болду”, “Кыргызстандыктарды согушканга үйрөтөт”, “Хунтанын куйтуң-муйтуңу” деген макалаларды тартуулады.

Журналист Елена Агееванын макаласы “Партияларды күзүндө санайт” деп аталат. Автор 10-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн 57 партия катталганын талдоого алып, алардын айрымдарына өз көз карашын, баасын билдирди. Автор ошону менен бирге эле эксперттердин эсебин электен өткөрүп, парламенттик орунга 5, ашып кетсе 7 партия ээ болорун божомолго алды.

Августун биринен тартып газ кымбаттаганын кеп кылган дагы бир макалада быйыл өлкө боюнча 870 миң тонна эгин жыйналарын, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырганда бир аз аз экенин, андыктан Кыргызстан сырттан 670-680 миң тонна буудай сатып алууга мажбур болоруна басым жасалат. Айыл чарбасы боюнча адис Жумакадыр Акенеевдин айткандарын жүйөгө тартат. Адистин оюнча дан эгиндерин экспорттоо быйыл кыйла кыскарат. Анткени Казакстанда эгин түшүмү жылдагыдай болгон жок, Россияны өрт каптап, жыйнаган эгиндерин сыртка сатууга тыюу салды. Ал эми АКШда буудайдын 1 тоннасы 250 долларга жетти, Россияда болсо 1 тонна буудайдын бааасы азыртан эле 5 миң рублди чапчып жыгылды. Орус эксперттеринин божомолунда жыл аягына дейре бул көрсөткүч дагы эки эсеге жогорулашы ыктымал.

Эми кайрадан “Дело № ...” басылмасына келсек.

Гезит “Санжардын жоочуларынын бири чегарадан колго түшүрүлдү” деген ат менен Артур Исаевдин макаласын окурмандарга сунуш кылды.

8-августта “Ак жол” чек ара тосотунан Казакстанга өтүп бараткан жеринен Санжар Бакиевдин шериктеринин бири Бектурсун Келдибеков кармалган. Гезит кабарчысы анын ким экендигин сурап Жалал-Абад облусунун прокурору Каныбек Турдумамбетовго кайрылганда:

-Биздеги ачылган кылмыш иштери боюнча Бектурсун Келдибеков Санжар Бакиевдин жакын жөкөрлөрүнүн бири болгон. Санжар 11-апрель күнү Кытайдан шашылыш учуп келип, Өзгөндөгү шериги Келдибековго телефон чалган, Тейитке келе кал, Курманбек Бакиевди кайтарабыз деп... Келдибековдун айтуусунда Бакиевдин үйүнө эл аралык массалык маалымат каражаттарынын журналисттери чогултулган. Так ошолордун көз алдында Санжар ага жана ал өңдүү жигиттердин тобуна камуфляж формасын жана Калашинков автоматтарын таратып чыккан. Мунусу менен ал керек болсо түштүктө президентти коргой турган бүтүндөй армия бар дегенди даңаза кылгысы келген. Чет элдик журналисттер ушуну жазып, сүрөткө тартып кетсин деп ойлогон. Журналисттер аерден кетери менен аскер кийимдерин жана автоматтарын жыйнап алган,-дейт прокурор Турдумамбетов.

Тергөөдө аныкталгандай кармалган Келдибеков Ахмат Бакиевдин жетекчилигинде 13-14-майда массалык башламандык уюштурууга түздөн түз катышы бар. Кошбай Масиров деген адамды губернатор кылып олтургузушкан. Майдын аягында Жалал-Абадда аскер кийимчен автоматчандар пайда болгон. Алардын арасында дал ушул Келдибеков жүргөн.

Ушул эле санга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариевдин Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрүү боюнча ойлорун камтыган маеги да гезит окурмандарына сунуш кылынды.
XS
SM
MD
LG