Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Кыргыз кызматтан өлдү беле?


Гезиттер эмнелер жөнүндө жазышты?


“Учур” гезити бүгүнкү санын ИИМ министри К. Байболовдун маеги менен ачты.

Маек министрдин мурдагы орунбасары Кубанычбек Кадыровдун чуусуна байланышкан суроолор менен башталган. Министр Байболов күч кызматындагы чоң орунду талашып олтурган Кубанычбек Кадыров катардагы опер кызматында иштеп туруп эле министрдин орунбасарлыгына келгенин, бирок анын ишинде төбө чачты тик тургузган катачылыктары барын, бирок кызмат дегендин да өз тартиби, эрежеси, маданияты болорун, адегенде төмөнтөн өйдө карай өсүү жолун басуу керектигин белгилеген.

-А өзүңүз кандай баскычтардан өттүңүз эле?-
деген суроого ал:

-Мен кенже опер кызматынан КГБнын бөлүм башчысы, башкармалыктын башчысы болуп, андан кийин Москва, Ооганстан, Кытай сыяктуу бир катар өлкөлөрдө иштедим. Жогорку окуу жайынын бешөөнү бүтүрдүм. Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты болдум,- деп жооп берди.

Министр Байболов андан ары кыргызда азыр кызматтан түшүп калса эле кагазга кол койдуруп, элди чогултуп, тополоң салмай, улуттук нарк-насилге сыйбаган, доско күлкү, душманга таба боло турган, кыргыз элинин касиетине доо кетирип жаткан жаман адат пайда болгонун, бир аз акча берип койсо, алды-артын ойлобой кол коюп берип, эртеси уят болгон аксакалдар көбөйгөнүн кеп кылды.

Ушул эле гезит тогузторолук жаштар тобу жана “Макмал” комбинатынын жаштарынын Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаровго кайрылуусу басылды. Мындан да кыргыздардын кызмат талашынын “көкбөрүсү” баяндалат.

Президенттин кеңешчиси Топчубек Тургуналиевдин “Партия лидерлери автомат менен куралданбасын” деген аталыштагы маеги, “Жолдошумдан таяк жеген учурлар болду” деген аталыш менен укук коргоочу Азиза Абдрасулова тууралуу макала да “Учурдун” ушул санында.

“Аалам” гезити баяндамачы Үсөн Касыбековдун “Көңүл жайгаруунун көңтөрмөсү” деген макаласын жарыя кылды. Автор азык-түлүк коопсуздугу маселесин козгоп, ага өлкөнүн кам-чому кандайлыгын талдоого алган. “Казакстандан зарыл болгон дан эгиндерин токтоосуз сатып алабыз, эч кыйынчылык болбойт” деп айткан Айыл чарба министри Мамашарип Турдукуловдун сөзү бери болгондо аша чапкандык экенин, Казакстан эгин экспортунун агымын чоң рыногу бар Россияны көздөй буруп жиберсе Кыргызстан же үйдөн жок, же чүйдөн жок, куржалак олтуруп каларын эскертет.

Баяндамачы ошондой эле “антимонополдук кызматтын жетекчиси жаңырган менен иш баягыдай эле нымтыраган абалынан жазбай, чеке жылытарлык иш жасай элек, ал ортодо дан трейдерлери менен ун өндүргөн “Акун”, “Элнур”, “Яшар” өңдүү фирмалар тымызын картелдик келишимге келип алышып, бааны жең ичинен жасалма көтөрүп жатканы байкалууда” деп жазды.

“Аалам”
гезити мындан тышкары Кыргыз президентинин админстрация жетекчиси Эмил Каптагаев менен маекти тартуулады. Кабарчы ага:

-Сизди чуу салып аткан Кубанычбек Кадыровду “крышовать” этип жатат, акча алып, кызматка коюп жатат” деген кеп-сөз эл аралап жүрот. Буга эмне дээр элеңиз? - деп суроо берди.

- Бул атайы ою арамдардын чыгарган ушагы. Ким кандай кызматка дайындалып, ким барарын Каптагаев чечпейт. Кудай алдында дагы, эл үчүн шейит кеткен эр-азаматтардын арбагы алдында дагы биздин жоопкерчилик чоң. Биз буюрса алдыга койгон максаттарга жетебиз,- деди Кыргыз президентинин админстрация башчысы.


“Айат пресс” гезити да жаңы санын ИИМ министри Кубатбек Байболовдун интервьюсу менен ачып, министр бул маегинде жаңы замандын жагдайларына байланыштуу жаңы концепция иштеп чыгып, ага эларалык уюмдардан каражат таап, АКШдан, Европадан, Россия менен Казакстандан жана өзүбүздүн Кыргызстандан илимий топ түзүп, дасыккан адистерди чогултуп иш баруунун үстүндө иштеп жатканын баяндаган.

Гезит ошону менен бирге эле Руслан Бекназаров, Акылбек Кемелов өңдүү жана башка жаштардын өкүлдөрү менен аңгемелешип, алардын ой-пикирлерин элдин элегине салган.

Аталган басылма бир катар атуулдарга кайрылып: “Алдыдагы парламенттик шайлоодо жалпы элдин коопсуздугуна шек келбейби?” деген суроо берип, төмөнкүдөй жоопторду алды.

Жазуучу Казат Акматов:
- Бул суроого кайсыл көз ачык жооп бере алат? Себеби провокация деген бир балээ бар. Анын кесепетинен Ош, Жалал-Абадда кандуу окуялар болду. Бирок референдумду күч органдарынын ийгиликтүү аракети менен өткөрүп алдык. Эми деле күч органдарынын жана карапайым элдин күчү менен өткөрүп алышыбыз керек. Маданиятсыздар дагы бийликке жутунуп, жек-жааттарын дүрбөтүүгө даяр турат. Маданияттуу адам, көкүрөгүндө жигиттик ары сакталган адам бир жолу бийликке барып, кирдеп, элдин назарынан чыгып калгандан кийин экинчи кайрылып эч убакта бийликке жанталашпайт. Кайра-кайра бийликке барып, мансаптуу болом деген шермендечилик. Мансапкорлук бул өтө жаман оору, ал анын өзүнүн эле эмес, жакындарынын да канын сорот,-деп,

Экономист Айылчы Сарыбаев: - Жалпы эл 27-июндагы референдумду колдогондой парламенттик шайлоону да таза колдоп берсе жакшы жыйынтык берет. Ар бир адам балдарынын, неберлеринин келечегин ойлосо, болбогон нерселерге алданып, сатылбаса албетте элдин коопсуздугуна шек келбейт. Албетте партиялар арасында атаандаштык болбой койбойт, болот. Бирок уруш-талашка жетпейт деп ойлойм. Эң башкысы бул ирет, турмушун эл өзү тандайт,-деп,

Мурдагы министр Дамира Ниязалиева: - Атаандаш партиялар бири-бирине жалган маалыматтарды таратып, элдин аң-сезимин булгабаса. Анткени элибиз канды да, согушту да көрдү. Бүгүн “элге эр кымбат болсо, эрге эли менен жери кымбат” болуп турган чак. Элибиздин бейпил жашоого умтулганын, тынч заманга умтулганын референдумдан көрдүк го. Ошол себептен элди бүгүнкү оор турмуштан чыгарып, гүлдөгөн мамлекет курууга аркет көрөлү,-деп,

“Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов: - Бул маселе мени абдан тынсыздандырат. Келе турган бийликке кылмыш чөйрөсүндөгү адамдар, байлыгымды, мансабымды сактайм деген адамдар далбас уруп жатканы баарыбызга белгилүү. Аттарын атабай эле коеюн, алтургай ушундай максатта уюшулган партиялар да бар. Өзгөчө жаш, каны суюк балдар эмоцияга алдырып коюшу мүмкүн. Андыктан эл өзү таразалап, жети өлчөп бир кесип, акчага сатылбай, куру сөздөргө алданбай, таза партияга добуш бергенде гана таза коом түзө алабыз. Дагы бир айта кетер сөз биз алакандай кыргызбыз, жаныбыз, каныбыз бир. Ортодогу чагымчылардын тилине кирип, “түндүк-түштүк” деп бөлүнбөсөк, элибиздин эртеңин ойлоп, шейит кеткен балдардын арбагын эстеп, алдыдагы шайлоону таза өткөрүп алсак, мамлекетке туруктуулукту орнотобуз,-деп жооп берди.

Гезитте мындан тышкары снайперди атып түшүргөн Эмилдин эрдигине арналган макала, майда жана маданий темадагы маалыматтар, маектер бар.
XS
SM
MD
LG