Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

“Мен, Кыргызстан үчүн эмне кыла алам?”


“Кыргыз руху” гезити “Курсан Асанов – жаңы баатыр” деген макаласында “азыр Курсан Асановду өз өмүрлөрүнүн коргоочусу катары сезгендер көп. Анан калса бул жигит кыргыздардын гана эмес, өзбектердин да ишенимине кирүүгө үлгүргөнү эле анын эр жүрөктүүлүгү менен бирге акылынын жетиктигинен кабар берет” деп белгиледи Ош шаарынын коменданты болгон Курсан Асанов жөнүндө.

Ал эми “Улутчулдарды улутчулдар гана кетире алышат” аттуу макала ордунан “козголгон” Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов тууралуу баяндаган. “Мырзакматовду кызматтан кетирсе, Ош кайрадан тутанышы мүмкүн, кетирбей койсо бир адамды кызматтан ала албаган президентти эчким сыйлабайт. Бул дагы эч нерсе эмес, алдыда Келдибеков, Ташиев маселеси турат. Аларды саясат аренасынан сүрүп салуу маселеси бар. Бул да татаал. Аларды сүрүп таштаса эл нааразылыгы күчөйт. Мейли деп жөн койсо, ар кандай барыктабасовщиналардын артындагы локомотив болуп жүрө беришет” деди “Кыргыз руху”.

Ушул эле гезит генерал Исмаил Исаков менен түз байланышын жарыялады. Ал “Ош окуясы 20 жылдап чогулган шишик. Ал баары бир жарылмак” деген ат менен жарык көрдү.

Аталган басылма алдыдагы парламенттик шайлоого карата “Саясый күрөш этикасы жана коопсуз шайлоо” деген маалымат акциясын баштаганын эске салып, айрым партия мүчөлөрүн сөзгө тарткан. Аны ушул сандан окууга болот.

Басма сөз катарын “Адилет press” аттуу жаңы гезит толуктады. Эки миң нускада жарык көргөн гезиттин башкы редактору журналист Айгүл Бакеева. Редколлегия мүчөлөрүнүн арасында белгилүү экономист Сапар Орозбаков бар.

Гезит журналист Үсөн Касыбековдун шайлоо шарданын талдоого алган “Мара алдындагы түз тилке” аттуу макаласы менен жаңы санын ачты.

“Кечээ жакында Өкмөт кризиске каршы программа кабыл алды. Эң талылуу деген маселелерди чечүүгө жалпысынан 1 млрд. 200 млн. АКШ доллары керектелет деп айталган ал документте. Азыр ушул аталган сумманын теңин тез арада табуу керек.

Кыргызстан мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен эң жакыр өлкө бойдон кала берүүдө. Калктын 30 пайызы жакырчылыктын чегинде жашайт. Жумушсуздук арбын. 2010-жылдын биринчи жарымындагы саясый окуялар социалдык колдоого муктаж калктын санын дагы көбөйттү. Түштүктөгү калабадан жабыр тарткан объекттерди калыбына келтирүү үчүн 150 млн. АКШ доллары керектелет.

Айтор өлкөбүз бүгүн болуп көрбөгөндөй кыйын кырдаалга кептелди. Бул күндөрү калкыбыз, мамлекет башчы, журт каймактары, бардык атуулдар “Мен өлкөгө кандай жардам бере алам?” деген суроону коюп иш-аракетке өтчү мезгил келди. Балким кризиске каршы чараларга кошумча кылып, ашыкча акча жеген тармактарды, айрым облусттук түзүмдөрдү жоюп жиберүүгө туура келер. Балким мамлекет башчысы бардар ишкер адамдарга кайрылып, көмөгүн көрсөтүүгө чакырар” деп жазды “Адилет press” гезити “Кризиске каршы чараларга кошумчам” деген макаласында.

“Форум”
гезити журналист Баратбай Аракеевдин шайлоо жүрүшүнө багышталган макаласына орун берди. “Маселен шайлоо баракчалары, китепчелери бекер таратылган менен, кайсы бир партиянын аты-жөнү жазылган футболкаларды, бейсболкаларды таратууга болбойт. А биздин партиялар ал гана турсун, кызылдай акча, арак-шарап таратууну да пландаштырып койгон. Муну ЦРУ эмес, кыргыз байбичелер айтып жатат. Мындай мыйзам бузган партияны шайлоо тизмесинен токтоосуз чийип салуу керек” деп жазат автор.

“Форум”
андан ары “Партиялардын маалымат каражаттарында жарыяланып жаткан жасалма рейтингдерине карата ой-пикириңиз кандай?” деген суроо салды.

Президентиин кеңешчиси Топчубек Тургуналиев: Мен көп ишенбейм. Белгисиз технологиялар менен партияларды алдыга сүрөп жатышат,-деп,

Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов:
Азыр кимдин акчасы көп болсо ошонун атын жаза беришет,-деп,

Өнөржай ишмери Орозбек Дүйшеев: 10 кишинин пикирин сурап алып жыйынтык чыгара берүү туура эмес. 10 адамдын пикирин 10 адамдыкы гана деп түшүнүү керек,-деп,


Банкир Муратбек Мукашев: Жасалма рейтинг менен пиар жасап жатышат. Бизде рейтинг системасы илимий жолго коюла элек,-деп,

Журналист Турат Акимов: Өздөрүн өздөрү алдаган жасалма аракет. Мындайды орустар “булбул корозду мактагандай” деп коюшат,-деп,

Куудул Рахман Разыков: Кайсы гезит кайсы партияны колдосо ошону көкөлөтө берет. Баарын шайлоо чечет, -деп жооп берди.

“Кыргыз туусу” гезити ырасмий маалыматтардан сырткары шайлоо өнөктүгүнө катышуу үчүн катталган 57 партиянын тизмесин жар салды.

Жалал-Абад облусунун прокурору Каныбек Турдумамбетов эки айдан бери тергеп аткан иштер сотко жөнөтүлө баштаганын кабарлап, суроолорго жообун берди.

Көз карандысыз экономист Кытайбек Рамановдун макаласы “Таза коом тазалануудан башталат” деп аталган. Ал макала: “Конституция бар, эми түрмөлөр керек”, “Алтындын аркасынан алданып жатабыз”, “Ысык-Көл. Болотон. Адриатика” деген бөлүмдөрдөн турат. Макала көйгөйлүү маселелерди көтөргөн.

Профессор Кусеин Исаев “Мамлекеттик идеологиянын өзөгү “Манаста” камтылган” деген ат менен маек курду. Маекте ал Манас туулган Алтайга кантип барып келгенин баяндаган. “Катын дайрасынын Эдеген деген куймасынын башында Чемаган деген бар. Эдаган куймасынан жогору жылып олтуруп, андан ары тоо менен көтөрүлүш керек. Биз барганга чейин үч күн нөшөрлөгөн жамгыр төгүп турган экен. Биз барганда күн ачылып кетти. Манастын конушу абдан кооз, сонун, өзүнчө бөлүнгөн 20 гектардай жер экен. Ошол дөбөчөгө келип, акыркы эки кылымдан бери Манас бабабызга арнап боз үй тигип, улуу арбакка атап эки жылкыны курмандыкка чалып, бата тилеп, улутубуз кыргыз, туубуз Манас деп үн чыгарып, айлананы шаңга бөлөдүк. Муну менен кыргыз элинин мамлекеттүүлүк тарыхында жаңы барак ачылды десек болот” деп айтты.
XS
SM
MD
LG