“Учур”
Бул гезит башкы редактору Асланбек Сартбаев өлкөнүн Социал-демократиялык партиясынан парламенттик депутаттыкка талапкер болуу тизмесинен баш тартканын маалымдайт. Гезит “ал Алмазбек Атамбаевдин жүргүзгөн саясатын колдоп келген эле. Эми мындан аркы кадамдары кандай болот. Азырынча табышмак бойдон калууда...” деп суроо коёт.
Гезит “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Түркияда расмий сапарда болгонун, эми Кытай компартиясынын жетекчилеринин чакырыгы менен Бээжинге аттанганы турганын, Өмүке учурда катуу-катуу сүйлөй баштаганын маалымдайт.
Сакен Бөрүбаев аттуу кабарчысы парламенттик шайлоо алдында карапайым калктын нааразычылыгын туудура турган жагдайлар арбын экенин талдоого алган.
“Маселен, соңку убактардагы азык-түлүктөрдүн кымбатташы, ага кошул-ташыл болуп күйүүчү майлардын баасы өскөндүгү, ошондой эле түштүк аймагындагы элдин кайгы-муңу, ага кошумча өрттөлгөн имараттардын курулушунун кечеңдегени, абал оорлошуп, элдин кыжырдануусу башталат. Мына ушундай көйгөйлөр жаңы бийликтин саясатын кара боёкторго чулгашы ыктымал”, - деп кооптонот Сакен Бөрүбаев.
“Учур” гезити “өлкөнүн ички иштер министри Кубатбек Байболов акыркы күндөрү ээлеген кызматына ичи чыкпай, Башкы прокурор болууга же Жогорку соттун креслосуна жетүүгө белсенип жатканын” каңкуулайт.
“Себеби, парламенттик шайлоодогу нааразычылыктар баягы эле милицияны жаманатты кылат, министрдин аброю түшөт. Андыктан, жанга тынч Башкы прокурор же Жогорку сот болгону туурадыр. Мына ушундай логикадан улам, Кубатбек Байболов жакын арада кызмат которушу мүмкүн”, - деп боолголойт гезит.
“Пресс.kg”
Гезит мурдакы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев Москвада жолугушкандыгы тууралуу маалымат тараганын, экс-ажолор аркы-берки таарынычтарын ортого салып, акыры бир пикирге келишкенин маалымдайт. “Бирок эки экс-президенттердин жашыруун жолукканы тууралуу азырынча эч бир расмий булактар ырастай элек” деп билдирет.
Өлкөнүн биринчи вице-премьер министри Амангелди Муралиевдин учурдагы ишмердүүлүгү сынга алынган.
“Албетте, Кыргызстан азыр саясый оюндардан тажап бүттү. Болгону экономиканын өнүгүп кетишине тилек кылат, карапайым калк. Демек, өлкөгө инвестиция тартуу, айыл чарбасындагы кемчиликтерди жоюу боюнча долбоорлорду ишкек ашыруу чынында Амангелди Муралиевдин иши эле. Тилекке каршы “аракети бар, жылышы жок” дегендей, биринчи вице-премьердин оозун үмүттүү карап эле, олтурган чагыбыз” деп жазат кабарчы Азамат Камчыбек уулу.
“Айгай”
“Сууга чөкпөйт, отко күйбөйт, Бул ким? –деп суроо коюп, ал Аскар Акаевдин учурунда парламент депутаты, Курманбек Бакиевдин командасында министр, биринчи вице-премьер министрге чейин жеткен Акылбек Жапаров экенин баяндап, “Учурда ал моралдык болсо дагы жоопкерчиликти моюнга албай, сөөк муздап, ат тезеги кургай электе “Ар-намыс” партиясы аркылуу акыл үйрөтө баштады. Эртең эле Ак үйдүн бир кабинетин ээлеп, эч нерсе болбогондой бой салып кетет мындайлар. Болгону Акылбек Жапаров алдыдагы парламенттик аламанда ансыз деле ар намысы чектелүү “Ар-намыс” партиясына, анын башчысы Феликс Куловго эле ашыкча жүк” –деп жазат кабарчы Темирбек Муктаров.
Экс-мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов интервью берип, президент Роза Отунбаеванын аракети дурус болуп жатканы менен командасы жок, өзү жалгыз болуп жатканын айтып, “ Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү негизинен баягы эле шайлоого даярдынышып, эптеп депутат болуу аракети менен убакыт өткөрүүдө”-дейт экс- мамкатчы.
“Айат”
Парламенттик шайлоо жакындаган саясий партиялардын баары курултай өткөрүп, жыйырмадайы Борбордук шайлоо комиссиясына документтерди жөнөткөнүн маалымдайт.
“Көп жылдардан бери Канадада жашап, саясаттан алыстай түшкөн журналист, “киргиз” , кадимки белгилүү жазуучу Касымалы Баялиновдун неберси Камил мырза мекенине келип, азыр Ишенбай Кадырбековдун жанында башкы идеологу болуп, “СССР” деп аталган партиясынын эшигин сагаалап жүрөт. Сыягы башка партиялар ага баш чайкап койсо керек” деп жазат.
Бишкектин экс-мэри Нариман Түлөев “Ата журт” партиясында бешинчи тизмеде туранын, убактылуу өкмөтаны ийне жоготкондой издеп жүргөнүн, бул партияда экс-министр Нурлан Сулайманов да бар экенин, акчасы көп деп эми Максим Бакиевди, Айдар, Бермет Акаеваларды да кошуп алышса дурус болчудай” деп маалымдайт “Айат” гезити.
“Аалам”
Кыргызстан социал-демократиялык партиясы курултай өткөрүп, нааразылар көп болгонун жазат. “Ардактуу тизменин алдында албетте Алмаз Атамбаев өзү, экинчи болуп генерал Исмаил Исаков, үчүнчү болуп капчыгы калың ишкер Чыныбай Турсунбеков, төртүнчү –экс-депутат, мугалим Ирина Карамушкина турат. Эң көрүнүктү партиячылар ушулар экенине караганда олуттуу партиянын уучу бир топ куруй түшкөндөй. Бир даары ошол жерден эле парт билетин ыргытса, айрымдары шефтин бул кылыгына акылдары жетпейт, айраң таң, деп маалымдайт.
Кыргызстандын саясатында чечүүчү нерсе – күч митинг болуп калганын жазып, бийликтегилердин Оштун мэри Мелис Мырзакматовду кызматтан четтетүү боюнча аракетинен майнап чыкпагандыгын сынга алган.
“Эгерде Мелис Мырзакматовду кызматтан кетирүү аракеттери кайрадан көрүлсө анда Ошто ар кандай күтүлбөгөн окуялар болуп калышы мүмкүн. Бишкектеги айрым эксперттер азыр Мелис Мыргакматовдун аракетинен “сепаратизм”, “мамлекет ичинде мамлекет аркылуу” жана башка түшүнүктөрду чаптап жатышат”, - деп жазат гезит
Журналист Үсөн Касыбековдун Белорусиянын президенти Александр Лукашенконун ишмердүүлүгүн талдоого алган “Аңчылык сезону” аттуу макаласы жарык көрдү. Анда Лукашенконун куюшканы кыйшаңдап баштаганы, Москва менен Минскинин мамилеси бузулганы талдоого алынып, агаг каршы аңчылык сезону башталганы айтылат. “Асыресе, Курманбек Бакиевдин кожоюну Александр Лукашенко бийликтен кулатылса анын келечекте кайда барып баш калкалаары жөнүндөгү маселе келип чыкпай койбосу анык. Демократиялык оппозиция Белорусияда бийликке келип калса Кыргызстандын канкор диктатору Курманбек Бакиевди мурдагыдай кол тийгизбей калкалай бериши кыйын болуп калат. Курманбек Бакиев жаңы сыйын издөөгө туура келет. Дүйнөдө чын-чынына келгенде анын бара турган жери деле жок. Өз элине каршы ок аткан Курманбек Бакиевди кучак жайып, кабыл алам дегендердин чыгышы арсар. Азыр Курманбек Бакиевдин амалы куруп, алапайын таппай турган учуру”, – деп жазат журналист Үсөн Касыбеков.