Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:17

“Ушак айтпа, ууру кылба”


Гезиттер эмне деп жазышат?

“Менин жеке баамымда кыргыз тилиндеги гезиттердин көбөйүшү менен сөздүн баасы, баркы көтөрүлмөк тургай, кайра төмөн түшүп кетти. Курч айтылган сынга караганда майда ушак, ачык эле каралоо, жалаа, чагым көп болуп жаткандай сезилет” деп айтты журналисттерге кайрылуу катында президенттин администрация башчысы Эмил Каптагаев.

Андан ары ал, акыркы 2-3 айда ал жөнүндө ушак-айыңдар арбып, гезиттер аны “ашынган коррупционер” катары көрсөткөнүн, “200 миң доллар пара алып жатат” деп жазганын, дагы бир гезит ата-тегин сарт-калмак кылса, үчүнчү бири Кыргызстандагы чачтактардын баарынын артында Каптагаев тургандай жазып чыкканын кеп кылды.

“Эгерде мага карата ар кандай жагдайлар боюнча суроолоруңар болсо түз эле кайрылып сурасаңар болот, мен бардык суроолорго так жана убагында жооп берүүгө даярмын” деп айтты Эмил Каптагаев “Кыргыз туусу” гезитиндеги “Мен кызматка жетсем, жеп-ичсем деп Бакиевдер менен кармашкан эмесмин” деген кайрылуу катында.

Журналист Нарынкүл Назаралиеванын макаласы “Урандылардын ордуна курулуш, уруштан кийинки жарашуу...” деп аталып, түштүк аймагындагы абалды баяндайт.

“29-август - ядролук сыноолорго каршы иш-аракеттердин эл аралык күнү” деп аталган рубрика алдындагы макалада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин ядролук куралсыз аймактарды түзүү демилгеси жөнүндө кеп козгогон.

“Форум”
гезитиндеги Баратбай Аракеевдин макаласы бийлик менен бүгүнкү жагдайды талдоого алган. Автор аталган макаласында: “Тургуналиев менен Бекназаровдун тентек мэр Мырзакматовду коргоп турушу, алардын кыла жүргөн адаты. Баягы 2006-жылы оппозиция Бакиевге каршы катуу турганда да булар колдоп кетишкен. Алардын мындай мүнөздөрүн Отунбаева деле билет чыгар, кези менен сак боло жүрбөсө болбойт” деп жазды.

Гезит ошондой эле КСДП төрагасы Алмаз Атамбаевдин партиянын курултайында сүйлөгөн сөзүн кыскартып жарыялады.

Басылма алакандай кабарларында генерал Исмаил Исаковдун КСДПга кошулганын саясат таануучу Марат Казакбаев, генерал Абдыгул Чотбаев өңдүүлөр көралбай жатканын, мурдагы шаар башчысы Нариман Түлеев “Ата Журт” партиясы менен шайлоого аттанып жатканы тууралуу кабар тараганын, курулуш материалдарын саткан Бишкектеги кытай дүкөнү “Таатанды” тоногондор 18 сейфти лом менен ачып, баш-аягы 3 миң АКШ долларын уурдай качканын, жакында дагы бир “Доор kg” деген гезит жарык көргөнү калганын маалымдады.

“Кыргыз руху”
гезити журналист Айзада Абазованын “Бийлик, оппозиция, геосаясат” аттуу макаласын окурмандарга тартуулады.

“Кыргызстандагы азыркы кырдаалда бийлик бардык тараптан максималдуу аракеттерге өтүшү керек. Азыр бел чечип, жайбаракат жатчу учур эмес” деп белгилеген автор, бийликке бир катар жөндүү сунуштарын да айткан.

Азизбек Келдибековдун “Эл жана элита” аталган макаласында аткаминерлердин айланасында кеп козгогон. Автор: “Азыркы мезгилде кызматты эмес, элдин ынтымагын ойлой турган убак, демек кайсы бир мэрди ээрден алып түшкөндүн ордуна, кечээ эле элим деп сүйлөп, бийликке келери менен өз чөнтөгүнүн камын ойлогондорду жок кылуу керек” деп жазды.

“Кыргыз руху” гезити “Мелис Мырзакматовдун бийликке келүүсү азыркы өкмөттүн алсыздыгыбы же келаткан шайлоодо кол чогултуунун айласыбы?” деген суроо менен бир катар адамдарга кайрылды.

Саясат талдоочу Марс Сариев: - Мелис Мырзакматов Ошто авторитет фигура экендигин баары тең билет. Түштүк окуясынан бери бул адам элдин башын кошкондордун бири. Мындай адамдар биримдикке алып келе алат,-деп,

Экс-спикер Кубанычбек Исабеков:-
Түндүк-түштүк деп бөлгөндүн өзү жаман, бул кыргыздын денесин эки бөлгөнгө барабар,-деп,

Экс-депутат Бегалы Наргозуев: - Мырзакматовдон корккондор аны бийликтен алабыз деп иш-чараларды жүргүзүүдө. Ал улутчул, мекенчил адам. Анын кызматтан кетүүсүн каалагандар экинчи күчтөр,-деп,

Укук коргоочу Качкын Булатов: - Бул бийликтин алсыздыгы. Улуу дөөлөтүн сактай албагындыктан учурда криминал заманы бийлеп турган кези. Түндүк-түштүк маселеси коррупция жоюлмайынча чечилбейт,-деп,

Адвокат Канат Хасанов: - Мелис Мырзакматовдун иштен кетүүсү жөнүндө бир да документке кол коюлган эмес, бул тууралуу Роза Отунбаева да далилдеп кетти. Бул менимче саясый пиар, шайлоо алдында өзүн рекламалап, өзүнүн керек экендигин көрсөтүп жаткандагысы,-деп жооп берди.

“Кыргыз руху”
гезити булардан тышкары “Саясый күрөш этикасы жана коопсуз шайлоо” деген аталыш алдында тегерек үстөлдөгү талкуусун уланткан. Бул санга ошол талкуунун корутунду бөлүгү басылган.

Аталган басылмада ошону менен бирге эле мыйзам, парламент, эл жана бийлик жөнүндө ойлорун ортого салган окурмандардын каттарына да орун берилген.
XS
SM
MD
LG