Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Саясатчылар төш кагып, кычыраганда...


Гезиттер эмне дейт?

“Лозунг” гезити “Роман Шиндин “крышасы” Рысбек Акматбаев беле?”, “Жапарчик кош бойлуу келинди боюнан козгоп...” деген баш темалар менен жарык көрдү.

Гезиттин баш макаласы Камбар Ата ГЭСинин 1-агрегатынын ишке киргизилишине арналып: “Аталган ГЭСке 2007-жылдан бери бюджеттен 9 миллиарддан ашуун каражат бөлүнгөн. Эми болжол менен ушул сумманын жарымына жакыны бөлүнсө эле экинчи жана үчүнчү агрегаттары ишке бериле тургандыгы айтылууда. Айта кетчү нерсе, бул ГЭС эгемендүүлүк жылдардан бери Кыргызстан өз күчү менен бүтүрүп жаткан алгачкы ГЭС. Албетте кичинекей өлкө үчүн бул иш эң жакшы жөрөлгө” деп белгиледи.

Макалада ошону менен бирге ГЭСтин ачылыш учурунда уюштуруу маселесинде журналисттерге тиешелүү шарт жасалбаганын, аларды аткаминерлер ысык күнгө кактап, көпкө күттүргөнүн, кыскасы президенттин администрациясы менен Энергетика министрлигинин мындай “меймандостугу” калемгерлерди аябай капа кылганын кошумчалаган.

“Лозунг”
гезити ошондой эле белгилүү ишкер Аскар Салымбеков Кипрге барып, Кыргызстан үчүн ири инвестиция алып келгени жатыптыр” деп сөз таратты.

Журналист Келдибек Назировдун макаласы “Князев кысчу жерин кысабы же дагы бир ирет өрт тутантабы?” деген ат менен жарык көрдү. Макалада: “Россиянын жараны, бирок өмүр бою Кыргызстанды айланчыктап, Ала Тоонун суусун ичип, тузун таткан, жалаң кыргыздарды жана Кыргызстанды жамандап, Россияга маалымат берип жан баккан Александр Князев чындап келгенде Россиянын өзүнө деле артык баш адам” деп, ушундайлар бүгүн төрүбүзгө олтуруп алып кыргыздарга акыл айтып келатышат деп катуу сынга алган.

Аталган гезит булардан тышкары “Ата Журт” партиясынын лөгү Садыр Жапаров ырчы Айбек Карымовду 3 миң долларга жалдагысы келгенин, бирок ырчы макул болбой басып кеткенин, милийса Конгантиевдин агасы Камбаралы Конгантиевди “Ата Журт” партиясынан чыгарып салышканын, Адахан Мадумаров “Ташиев менен Келдибеков мага ким эле?” деп төшүн какса, Ташиев “Мадумаровду урдум, менин алдымда ал ким эле?” деп кычыраганын, ырчы Бек Борбиевди төшү түктүү криминал Алманбет деген кантип “шакарап” жедиргенин ушул гезиттен окууга болот.

Бүгүн жарык көргөн “Дело №...” гезити “Кыргызстандын президенти болгусу келген бизнесмен тегерегине кылмышкерлерди топтоп алган”, “Барыктабасов деген ким?” деген макалаларга окурман көңүлүн бурган.

Гезит буга байланыштуу милициянын полковниги Тилек Алыбаевди сөзгө тарткан.

Кабарчынын: “Эмне үчүн Барыктабасов түз эле президент же өкмөт башчысы болгусу келди?”- деген суроосуна, Алыбаев, Барыктабасовдор тарабынан буга байланыштуу кандай иштер даярдалганын, ал уюштурган адамдардын арасында күч органдарынын мурдагы кызматкерлери болгондугун, азыр алардын баары изделип, иликтелип жатканын, булардын ар бири жерге кирип кетсе да табыларын, баса, Барыктабасовдун бандитттик уюшмасынын башында мурда Улуттук коопсуздук Кызматында иштеп жүрүп, кылмыш кылганы үчүн кызматынан айдалган киши турганын айтып берген.

Гезит бул санына Барыктабасов тууралуу мындан башка да макалаларга кенен орун берген. Маселен Ысык-Көл облустук милициясынын начальниги Жалил Илипбаев гезит кабарчысынын суроосуна берген жообунда:

-Ысык-Көлдүктөр Урмат Барыктабасовдун артынан эми эч качан ээрчибейт, “Барыктабасовдун акчасы саман экен, анын 7 млрд. доллары бар экен” деген сөз жөн эле миф, жомок. Эл деген эл. Барыктабасов “Мен президент болсом Кыргызстанды тышкы карызынан кутултам” деп айткан дешет. Андай кыргызга күйүмдүү экен, президент болбой туруп деле кутултпайбы карыздан, эл ошондо аны өзү эле колуна көтөрүп кетет эле го. Баары карандай калп. Барыктабасовдун бир тыйыны да жок,-деп айтты.

"Дело № ..."
мындан тышкары: “Бакиевдер жана алардын куйруктары” деген баш тема алдында Алексей Елисеев, Алексей Ширшов, Михаил Надель жана кыргыз сүткорү Нариман Түлеев жөнүндө макалалардын топтомун жарыя кылды.

“Жаныш Бакиев каякта жашынып жүрөт? Бул суроого “Жаныш Бакиев Бириккен Араб Эмираттарындабы?” деген чакан макалада кеп болот.

Гезит “Кыргызстандын эгемендүүлүгү сиз үчүн эмне берди?” деген суроо менен бир катар жарандарга кайрылып, төмөндөгүдөй жоопторду алды.

Хирург Эрнст Акрамов :
- Мен үчүн 31-август кадимки эле иш күн. Эгемендүү республика деп айталбаймын,-деп,

Орус коомунун төрагасы Александр Иванов:- Көңүлүм чөгүп турат, менин оюмча эмдиги жылдагы эгемендүүлүүк майрамы жакшы өтөт деп ойлойм,-деп жооп берди.

Гезитте: “Роза ГЭСти ишке киргизди” деген ат менен маалымат да бар.
XS
SM
MD
LG