Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Алдыга басарда, артыңды кара


Гезиттер эмнелерди жазды?

“Кыргызстан эл аралык донор өлкөлөрдүн жардамына өтө муктаж. “Фергана. Ру” агенттиги эксперттеринин оюнча Россиянын премьер-министри Владимир Путиндин Кыргызстандын саясый партияларынын лидерлеринин бири Алмазбек Атамбаев менен акча тууралуу сүйлөшкөнү табышмактуу сезилгени менен, Кремль өз оюнун ойноого аркет көрө баштаганын, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын күтүп олтурбай эле келечектеги ишенимдүү өнөктөшүн издей баштаганын байкатып койду” деп жазган “Фергана. Ру” маалымат агенттигинин макаласын бүгүн жарык көргөн “Форум” гезити көчүрүп жарыялады.

Ушул эле басылма андан ары “Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев кайрылып келди, анткени буга чейин издөөдө жүргөн Түлеев “Ата Журт” партиясынан депутаттыкка аттанып алыптыр, себеп дегенде, катталган талапкер шайлоо өнөктүгү убагында жоопко тартылбайт деген берене бар” деп, “Кыргызстандын Белоруссиядагы элчиси Ишенгүл Болжурова өз каалоосу менен кызматтан кетип жатканы тууралуу арыз жазды” деп, “Күн тийген жердин күкүгү болгон Зайнидин Курманов “Соодружество” партиясынын чапанын жамынып, кайрадан пайда болду, бети-башы кызарбай туруп, Үзөңгү-Куушту кытайлардыкы, Каркыраны казактардыкы деген Курманов Маскөөдө чалкалап жатты эле” деп кабар таратты.

“Форум”
гезитинин “Партиялар парады” аттуу макаласы шайлоого аттанган партиялар өздөрүнүн катарына кайсыл адамдарды кошуп алып, жарышка баратканын баяндаган.

Мурдагы маданият министри, социал-демократтар партиясынын мүчөсү Рыскелди Момбековдун маеги “Барып келгенди эмес, алып келгенди айталы” деп аталып, Алмаз Атамбаевдин Путин менен жолугушканын жана алдыдагы шайлоо өнөктүгүнө өз карашын билдирген.

Жеке ишкер Гүлкан Молдобекованын маеги “Саясатты бир ууч адамдар кир кылат” деп аталат.

Тарыхчы жана тележурналист Султан Абдырахманов “Кыргыз кыйынчылыкта баш көтөрүп, азапта акылына келген эл” деген ат менен маек куруп, Алтай сапары жөнүндө кенен кеп салып берген.

Кыргыздын жандүйнө ишеними, Манас тууралуу ойлор андан ары Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыковдун “Жакырчылык кыргыздын айран-кымызын саттырды” деген аталыш менен жарык көргөн маегинде уланган.

“Токтогул менен Арзымат дегендер жашап өткөн. Токтогул чындык үчүн чыркыраса, Арзымат пайда көрөйүн деп ырдаган. Менин учкул саптарымды карасаңыз бир дагы бийликти жактаган саптар жок. Замандын оош-кыйыштарын жазып келаткан кишимин. Мага Арзыматтык кылган деген бир дагы сын айтылбайт. Алик Акималиев деген таланттуу акын Акаевди жана Майрам Акаеваны мактай коюп компьютер алган” деп айткан акын Асан Жакшылыков сөзүнүн аягында Бакиевдин Ынтымак Курултайына делегат болуп барганына, бирок ага сөз бербей койгонуна, азыр жазуучулар союзу кор болуп турганына кейиген.

“Форум”
гезити ошондой эле кетментөбөлүк акын Кадырбек Керимбаевдин “Таанымалдарга таш күзгү” деген ат менен Исках Масалиевге, Марат Кайыповго, Адахам Мадумаровго куйкум ырларын багыштаган.

“Кыргыз туусу” гезити журналист Мырзакат Тыналиевдин “Ойгон, кыргыз, кооптуу, жооптуу мезгил алдыда” деген макаласы менен жаңы санын ачты.

Автор буга чейинки этностор аралык кагылышуулардын кесепеттери жакын арада жоюлбастыгын, атүгүл шайлоо өнөктүгүндө кыргыз саясатчыларынын жүрүм-турумунан улам курчуп кетиши мүмкүндүгүн эскертүү менен андай болбошу көп жагынан Роза Отунбаева башында турган бийликтин эркинин бекемдигине, өлкөдөгү саясый туруктуулукту сактай билүүсүнө байланыштуу болорун белгилеген.

Азыр түштүктөгү жана жалпы өлкөдөгү олку-солкулуктан улам криминалдык топтордун жанданганы байкалгандыгын, ушу тапта наркозаттарды куралга алмашуу, өлкөгө куралдарды ташып келүү аракети күч алганын айтат.

Тышкы факторлор тууралуу кеп кылган журналист: “Өзбекстан Ислам Кыймылынын мурдагы жетекчиси Тахир Юлдаштын ордуна келген Усман Адыл Кыргызстандын түштүгүндөгү калабаны еретикалык өкмөттөрдүн мусулмандарга каршы кутуму катары баалап, аларды айыптаган билдирүү таратты. Анысында ал НАТО күчтөрүнө каршы согушка, АКШга, Евросоюзга, Россияга, атүгүл Кытайга каршы жортуулга чакырык таштады” деп жазды.

Макаласынын аягында Мырзакат Тыналиев азыркы кыргыздарчылап кырк урууга бөлүнгөндү, кандайдыр бир жогорку күчтөргө ишенүү менен “алыстан байтал минип келүү” аркылуу жалпы улуттун проблемаларын оп-оңой эле чече салмай сыяктуу жомокторду токтотуучу мезгил келгенин белгилеп, “атың чыкпаса жер өрттө” саясатты таштап, 2-дүйнөлүк согуштан кийин күлгө айланган жеринен кайра тирилген жапон элинин эркин, күчүн, ынтымагын, бул эл бири-бирине сынтакмайларды, бөлүнүп-жарылмайларды токтотуп, жалпы улутту сактап калуу идеясына баш кошуп, биз өңдүү бейиштин төрүндө жашабаса да, биздикиндей кудай берген байлыктары жок болсо да, тунук акыл-эси, уюган ынтымагы, улуу ыйманы аркылуу дүйнөнү дүңгүрөтө өнүккөнүн мисалга тарткан.

“Кыргыз туусу”
ошондой эле жегенин кусуп берем дегендер үчүн мунапыс берилмей болгонун, жанын жеп, “жеген эмесмин, пара алсам эле бала-бакырамдын күнүн көрбөй калайын” деп карганган шумпайлардын калпын аныктай турган полиграф аппаратынын азырынча үчөө ишке киргени калганын кабарлады.

КР Ички иштер министри, генерал-лейтенант Кубатбек Байболовдун Кыргызстандын элине жана ички иштер органдарынын кызматкерлерине кайрылуусу басылып чыкты.

Кайрылууда: “Эгер шайлоо комиссиясынын төрагасы, анын орунбасарлары, катчысы тарабынан добуш берүү атайылап бурмалана турган болсо эсептик көрсөткүчтүн 500дөн 1000ге чейинки өлчөмүндө айып салынат же 3 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ансыз мындан ары акыйкат шайлоого жол ачылышы мүмкүн эмес. Бул жагдайды шайлоого аттанган партиялардын жана шайлоо комиссиясында иштеп жаткандардын бардыгына “кулак кагыш” кыла кетмекчимин” деп айтылган.

Эдилкан Сыргабаевдин макаласы “Раззаковду туу туткандар жана анын атын атоодон корккондор” деп аталып, кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери жөнүндө эскерген.

Сатынды Самыкбаев аттуу автор ушу тапта бийлик менен аялды жакшы көргөн кыргыздар партияларды жайнатып салганын, белгилүү макалдагыдай: “өзбек байыса там салат, кыргыз байыса катын алат” болгонун, ошондуктан трайбализмди токтотуп, шайлоонун шайтанына азгырылбай, мамлекетти, элди сактап калууга чакырык таштаган.
XS
SM
MD
LG