Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Партиянын эмес, мамлекеттин келечеги үчүн …


Kyrgyzstan -- Newspapers, 10Mar2010
Kyrgyzstan -- Newspapers, 10Mar2010
“Форум” гезити “Кадыржан Батыровдун Киев шаарында жүргөндүгү аныкталды” деген, “Нариман Түлеев Закиржан Бакиевдин айкелин алтындан жасатып, кабинетине коюп алган” деген темалар менен жаңы санын ачты.

Гезит адаттагыдай эле саясый партиялардын үгүт иштерин чагылдырган макалаларды жарыялады. Аны окурмандарыбыз өздөрү окуп алышар. Биз Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин “Мыйзамды бузган партияларга катуу чара көрүлөт” деген ат менен жарык көргөн маегине кыскача токтоло кетели.

5-октябрдан баштап күч министрлиги казармалык тартип менен иштөөгө өтөрүн, ар бир шайлоо бөлүмүнө төрттөн жети-сегизге чейин милиция кызматкерлери коюларын, мындан тышкары Коргоо министрлиги, Бажы тармагы, жеке күзөт, ооганчылар, элдик кошуун, мергенчилер, таксисттер жана башка коомдук уюмдар жардам берерин, кокус бул да аздык кылса көзөмөл кылуучулардын санын дароо көбөйткөнгө күч жетиштүүлүгүн, андыктан: “Мен кыргызмын” деген ар бир адам, кайсы бир партиянын эмес, өлкөнүн келечегин ойлошу керек. Мыйзамды бузган партияларга катуу чара көрүлөт. Эл бизге өздөрү агылып келип: “Бизден силерге кандай жардам керек, жардам берели” деп атышат. Бүгүн эл милиция менен, милиция эл менен” деп айтты өлкөнүн башкы милиционери.

Сталбек Жумагуловдун макаласы “Түлеев, Ташиев, Жапаров, Кулов баяны” деп аталат. “20 жыл бою өлкөнү оңдогондун ордуна, өзүлөрү гана байлык топтоо менен алек болгондор 2010-жылы саясый банкрот болгондуктарына карабай, эми кайра реванш алабыз деп турушат. Акаевдин 15 жылдык, Бакиевдин 5 жылдык саясатын, үйбүлөлүк режимин кайтарып келсек деген реакционерлер эски бийликти калыбына келтирүүгө ашыгууда. Ушунча кымбатка турган жеңишибизди алдырып койсок урпактар бизди кечирбейт” деп башталган макалада “Курманбек Салиевичти атамдан артык көрөм” деп калайыкка жар салган Түлеев Бакиевдин айкелин алтындан жасатып, кабинетине коюп алып олтурганын, Ала Тоо аянтына Манастын кырк чоросун кырган Шыпшайдарлардын эстелигин орноттурганын дагы бир ирет элдин эсине салган.

Ушул эле “Форум” гезити Феликс Куловго кайрылып: “Убагында парламент трибунасынан: “Жаныш Бакиевден өткөн жакшы киши жок, таза иштеген профессионал” деп апендинин кызындай мактап, Улуттук Коопсуздук кызматына 1-орунбасар кылдырдыңыз эле. Эл мунуңузду унута элек. Эми мамлекетибиздин чачырап кетишин каалап турган айрым бузукуларга жардамдашып, Россияга барып: “Бизди кошуп алгыла, өз алдынча мамлекет боло албай калдык” деп турганыңыз нени каңкуулап турат? Кыргыз элин, Кыргызстанды чындап сүйгөн адам минтип айтпайт. Сиз эбак эле элдин ишенимин сатып кеткенсиз” деп айтып чыкты.

“Кыргыз руху” гезити минтип жазды: “Россиянын НТВ каналы Текебаевге каршы жасалган, Бакиев учурунда тамтыгы чыгып бүткөн жасалма порнокассетаны көргөзүп, ачылыш жасап жибердим деген менен аны буга чейин эле Бакиевдер жасап кеткенине да карашпады. Кыргызстан үчүн бул жаңылык эмес, бул кассета айрым бир көкжин менен ооругандардын эле утурумдук эрмеги болбосо, кыргыз элинин алдында Текебаевдин эч кандай кадыры түшкөн жок, түшмөк түгүл бүгүн эл түп көтөрүлө “Ата Мекенди” колдоп жаткан кези. Биздин элибиздин тагдырын Москва да, Вашингтон да, Астана да чечпейт. Аны шайлоодо Кыргызстандын эли өзү чечет!”
Азизбек Келдибековдун макаласы “Жол бирөө, партиялар жыйырма тогуз” деген ат менен жарык көрдү. Макалада жарышка түшкөн партиялардын салмактуулары“ журналисттин таразасына тартылган.

“Интеллигенция эл уулун азаттыкка чыгарууну талап кылат!” 12 киши кол коюп, президент Роза Отунбаевага, техникалык өкмөттүн бардык мүчөлөрүнө, күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине багышталган ушул кат Урмат Барыктабасовду боштондукка чыгарып берүү талабын койгон.

“Кыргыз туусу” гезити Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык сыйлык Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановдун “Салам сага, Сарногойдун коргону же Байдыке жөнүндө дилбаян” аттуу эссе китебине жана Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кыялбек Урманбетовдун “Сүйүүзар” обондуу ырлар жыйнагына тапшырылганын, авторлордун ар бирине 100 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык жана таза алтындан жасалган лауреаттык медаль тапшырыларын кабарлады.

Гезит экинчи бетине окурмандардын, атап айтсак Кыялбек Дыйкановдун “Өз тилим өз жеримде өгөйлөнөт” деген, Бишкектик Т. Эшматовдун “Базарбы же бейтапканабы?” деген, ойлоп табуучу конструктор, фантазия фондунун деректири Курсанали Бегалиевдин “Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө - менин салымым” деген каттарын сунуш кылды.

Акыркы каттын ээси Курсанали Бегалиев буга дейре үч жолу программалык иштерин экс-президент Курманбек Бакиевдин өз колуна бергенин, бирок үч жолу тең жооп болбогонун эстеп, өзү ойлоп чыккан, жер бетинен 4-8 метрге дейре көтөрүлүп жүрө турган, 200 адам сыярлык аэрокруждун макетинин сүрөтүн тартуулаган. Анысын автор “Кыргызстанды өнүктүрүү борбору” деп атап, элди 7-апрелде Бишкекте, 11-июнда Ошто шейит кеткен улан-кыздардын арбактарын сыйлап, тытышпай, чыр чыгарбай, урпактардын келечек-таалайы үчүн шайлоону ынтымак менен өткөрүүгө чакырык таштаган.

“Кыргыз туусу” ошондой эле агрардык темадагы проблемалуу макалаларга да кенен орун берди. Саясый партиялардын үгүт ишине байланышкан макалаларды, маектерди жарыялады. Чылым чегүүнүн зыянына, Кыргызстан бул жаман адат боюнча да дүйнөдө алдыда бараткандыгын эскертти.
XS
SM
MD
LG