Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:19

Тагдыр кайталанган менен тарых кайталанбайт


Бүгүн жарык көргөн гезиттердин дээрлик бардыгы аягына чыгып бараткан үгүт өнөктүгү тууралуу сөз кылышты.

Шайлоого үч күн калганын эстеткен “Айат” гезити Социал-демократиялык, “Соодружество”, “Замандаш”, “Республика” жана “Кыргызстан элдик демократиялык” партияларынын үгүт иштерин даңазалаган материалдарга орун берди.

Гезит: “Закиржан Бакиевдин “баласы” Нариман Түлеев мынча байлыкты кантип топтогон?” деген аталыштагы макаласында борбор шаардын мурдагы башчысы Түлеевге таандык делген, кеминде эле ар биринин баасы 200 миң доллардан турган үйлөрүнүн саны 17 ге жетерин, андан башка 19 жеке менчик ишканалары, банктары жана ижарага алып иштетип жүргөн дагы 4 ишканасы бар экенин маалымдап, алардын баарынын дарек-дайнын тизмелеп жарыя кылды.

“Учур” гезити да жарышып келаткан саясый партиялардын лидерлеринин, айрымдарынын мүчөлөрүнүн маектерин, белгилүү драматург Султан Раев жөнүндө “Күн кармаган бала же Англия ханышасынын көңүлүнө түшкөн кыргыз” деп, “Ата Журт” партиясынын мүчөсү Түлеев жөнүндө “Бишкекке жан киргизген Нариман” деп жазып чыкты.

Ушул эле “Учур” гезити “Ата Журт” партиясынын башчысы Камчыбек Ташиевдин интернет баракчаларына жарыяланып кеткен: “Биз Бакиевди Кыргызстанга алып келебиз” деген интервьюсун көчүрүп басты.

Үзүндү келтирели. Ташиевге берилген суроо:

- Камчыбек Ташиев, сиздер 2005-жылдан бери мамлекеттик бийликте болдуңуздар. Курманбек Бакиевди сактап калганга аракет жасабадыңыздар...

Камчыбек Ташиевдин жообу:
- Биз ал кишини сактап кала албадык, бирок, акыр-аягы келип, мына көрүп турасыздар. Бакиевди биз алып келебиз, мамлекетке!.

Аталган гезит К. Ташиевдин бул маегин толук басуу менен бирге аягында, “Ата Журт” партиясынын анык жүзү ушундай экенин, бүгүн Нариман Түлеевди Бишкекке алып келсе, эртең Курманбек Бакиевди алып келерин жашырбай айтканын, буга кыжырданган эл кечээ пикет уюштуруп, “Ата Журттун” Бишкектеги кеңсесине кирип барып, үгүт кагаздарын сыртка алып чыгып, өрттөп жибергенин кошумчалады.

“Асман press” гезити бул санын жалаң шайлоо жарышына түшкөн саясый партиялардын, атап айтканда Аликбек Жекшенкуловдун “Акыйкат”, Феликс Куловдун “Ар-Намыс”, “Өмүрбек Бабановдун “Республика”, Темирбек Асанбековдун “Мекен ынтымагы” жана “Соодружество” аттуу партиялардын үгүт иштерин даңазалаган, шайлоочуларды ушул партияларга добуш берүүгө үндөгөн чакырыктар менен жарык көрдү.

“Аалам” гезити эркин журналист Үсөн Касыбековдун “Үгүт иштери аякташына 3 күн калгандагы саясый мерчем” аттуу макаласын тартуулады.

“Бул жолку шайлоонун өткөн шайлоолордон эң башкы айырмасы – жарышып бараткан партиялар жалпы республикалык тизменин 5 пайыздык, аймактык тизменин 0,5 пайыздык босогосун аттап өтүшү керек” деп макаласын баштаган автор, мурдагы шайлоолордо бийлик элдин ой-пикири менен эч качан эсептешпегенин, шайлоолор массалык бурмалоолор менен өтүп келгенин, ал кезде кимдин утуп чыгары добуш бергенге чейин эле белгилүү болуп калганын кайрадан талдоого алып: “Азырынча бул шайлоо массалык бурмалоолор менен өтөрүнүн симптомдору байкала элек. “Ата Журт” партиясы бийлик партиялары админстративдик ресурстарды колдонуп жатканы жөнүндө чуу көтөрүүгө аракет кылып көрдү эле, айткандарына ырастоо таба албай, өзүнөн өзү дымыды” деп жазды.

Үсөн Касыбеков аягында шайлоо канчалык калыс өтсө ошончолук болочок парламентке болгон ишеним да жогору болорун, элдин шайлоого кайдыгер эместигин, бул жолку шайлоо тагдыр чече турган шайлоолордун бири экендигин эл түшүнүү менен кабыл алып жатканы байкалганын баса белгилеген.

“Шайлоо өнөктүгү башталган күндөн тарта Бишкектин көчөлөрүндө көрнөк-жарнак илинбеген соо көчө, зам мамылар менен бак-дарактар калбады. Өзгөчө КСДП, “Ата Мекен”, “Республика”, “Ак шумкар”, “Ата Журт”, “Ар-Намыс” партиялары өзүн өзү даңазалоо жагынан алдыларына эчкимди салган жок. Кара пиарга кабылуу жагынан да буларга эчким теңеле албады” деп бяандаган “Адилет press” гезити шайлоого арналган баш макаласын “Жапайы кармаш” деп атады.

Анда минтип жазылат: “Өткөн телетаймашта Бабанов Максим Бакиевди таптакыр тааныбайм деп танып киргенде Камчыбек Ташиев “ЦАРИИнин кеңсесинен чыгып келатканыңда мен сага жолукпадым беле деп эсин эки кылды. Мындай фактылар көп. Мисалы, Бабанов ошондо Валерий Хонду сызга олтургузуп кеткенин да танган болчу. Мен Атамбаев менен Текебаев болсом, КТРдын деректирине айтып, Бабанов менен Хонду беттештирип, Бабановдун абийрин дагы бир жолу айрандай төкмөкмүн. Көрдүңөр го, жакында эле телетаймашка чыккан Валерий Хон “Бабанов жанын жеп жатат, мен керек болсо баарын документ менен далилдеп берем” дегенин. Башкаларды билбейм, мен шайлоо өнөктүгүнө алымсынган жокмун. 10-октябрда чатак болбошун кудайдан тилеп турам” деп аяктаган макаласын экономист-журналист Сапар Орозбаков.

“Адилет press”
басылмасы ошондой эле Каркыра жайлоосун казакка сатканга добуш берген “Акжолчу” депутаттардын тизмесин шардана кылды. Алардын айрым эл-журтка белгилүүлөрүнүн аты-жөнүн атай кетели. Бейшен Абдразаков, Исанова, Кунакунов, Бегалы Наргозуев, Адахан Мадумаров, Шарипа Садыбакасова, Улугбек Ормонов, Салахудинов, Тагаев, Сулайманов, Шадиев, Бурканов, Курманов, Карабеков жана башкалар.

Ушуга улай эле “Үзөнгү-Кууштун” Кытайга сатылышына добуш берген Акаев доорунун депутаттарынын тизмеси да жарык көрдү. Буларды да окуй кетели:

Акылбек Жапаров, Каныбек Иманалиев, Исках Масалиев, Шамшыбек Медетбеков, Муратбек Мукашев, Шарипа Садыбакасова, Карганбек Самаков, Темир Сариев, Тайырбек Сарпашев, Абдыганы Эркебаев, Курманбек Осмонов, Султанов, Шадиев жана башкалар.

Бул санда Ысык-Көлдөн Мурат Жетимишбаевдин “Чайпалдык эле - төгүлдүк, эми кайнасакчы?” деген макаласы тартууланды. Автор: “Убакыттын кулу боло калып шайлоо учурунда “бөрк ал десе баш алып”, ансыз да араң турган эл-журт ынтымагын копшоп албайлы! Өткөндөн сабак алчу учур келди!” деп коңгуроо какты.
XS
SM
MD
LG