Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:49

Эл эмне дейт?


Бүгүн "Көк асаба", "Форум", "Кыргыз туусу" гезиттери жарык көрүп, шайлоо тууралуу макалалар жарыяланды.

“Көк асаба” гезити: “Шайлоодо оппозициялык партиялардын чыгышы – Убактылуу өкмөттүн саясаттагы каталарынын кесепети” деген;

“Форум” гезити: “Бакиевдердин “батальону” кайрадан бийликте” деген;

“Кыргыз туусу" гезити: “Элибиз эркиндикке жанын берди, демократия бул шайлоодо далилденди” деген баш темалар менен жарык көрдү.

“Форум” гезити: Эми канча өкүргөн менен болору болду. Бакиевдер Казакстан аркылуу 700 миң доллар жөнөтүп атканын кармап алсак да, алар “Бакиевдерди алып келебиз” деп ачык жар салып атса да, акчага өлүп бараткансып алдандык. Кыскасы, убал-соопту билбеген эл экенбиз. 7-апрелде ушулар келсин деп үй-бүлөлүк бийликке каршы согуш ачтык беле? 90 жигитибиз "бакиевчилер кайрадан парламентке келсин деп" жанын кыйды беле?” деп жазды.

Аталган гезит айрым атуулдардын ой-пикирлерине орун берди.

Саясат талдоочу Марс Сариев:
Кыргызстанда 1-жолу таза, эркин шайлоо өттү. Буга “Ата Журт” партиясынын озуп келиши далил. Түштүк эли бир башка биригели деп “Ата Журтка” добуш берсе, “Ар-Намыстын” жеңишине Орусия зор таасир берди,-деп;

Журналист Жыргалбек Касаболотов: Жыйынтык эл күткөндөй болбой калды, аябай таң калып жатам,-деп;

Академик Жамин Акималиев: 1-орунга КСДП менен “Ата Мекен” чыгат деп ойлогонбуз. “Ата Журт” партиясынын алдыга чыккканы таң калычтуу болуп атат. Ачыгын айтканда “Ата Журт” партиясында Бакиевге кызмат кылгандар топтолгон. Жаңы эле түзүлгөн партия эле, эл 20 жылдык тарыхы бар партияны сүрөп чыгышы керек болчу,- деп;

Өндүрүш ишмери Орозбек Дүйшеев: Биз кайрадан эски жолго түшүп алдык,- деп;

Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев: Алдыда 2-3 күн бар. Биз анын кандай болорун билбейбиз. 1-орунду КСДП, 2-орунду “Ата Мекен” алыш керек эле. “Ата Журт” партиясынын утушуна азырынча муюп калбаш керек. Коалиция түзүлөт, ошондон кийин белгилүү болот,-деп;

Экономика доктору Айылчы Сарыбаев: Шайлоонун ачык жана таза өткөнүн анын жыйынтыгы көрсөтүп турат. Бирок бул шайлоодо кыргыз эли уттурду десек болот,-деп;

Мамлекеттик каттоонун төрагасы Алмамбет Шыкмаматов: Анча-мынча калпыстыктар кетип калды окшойт. Мисалы “Ар-Намыс” партиясынын өтүшүнө өздөрү эле ишенбесе, шайлоочулар ишенбейт,-деп;

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев: Бул шайлоо саясатчылар үчүн чоң сабак болду. Саясатчылар жеке кызыкчылыктарын көздөбөй, бир нече партиялар менен биригип шайлоого барганда жакшы жыйынтык чыкмак. Бирок кандай болгон күндө да тынч өттү. Жыйынтыгына эл күбө. Эми “сен эски бийлик, мен жаңы бийлик” болуп бөлүнбөй, мамлекеттин келечеги үчүн бир пикирге келип, иш алып баруулары зарыл,-деп жооп берди.

“Форум”
гезити бул санындагы айрым макалаларды “Азаттык” радиосунан көчүрүп жарыя кылган.

"Шайлоонун жыйынтыгы сиз күткөндөй болдубу?"

Мына ушул суроо менен бүгүн жарык көргөн “Көк асаба” гезити бир катар атуулдарга суроо салды.

Акыйкатчы Турсунбек Акун:
Партиялардын орун алмашып калганы эле болбосо, негизинен мен күткөндөй болду,-деп;

Журналист Турат Акимов: Мен эч бир партияны колдогон эмесмин. “Ата Журт” партиясынын өтүшүнөн күмөн жок болучу. Анткени элибиздин көбү түштүктө жашайт, сыртта жүргөн мигранттардын көбү да ошол аймактан. Ал эми Ташиевден корккон өзбектер добушун “Ар-Намыска” таштады. Бирок алдыга КСДП партиясы озуп чыгат деп ойлогом. Шайлоо ачык-айкын, таза өттү,- деп;

Журналист Жыргалбек Касаболотов: Шайлоонун жыйынтыгын жалпы эл тааныйбы-тааныбайбы, азырынча белгисиз. Эгерде референдум өтөрү менен шайлоо өткөндө бүгүнкүдөй туңгуюкка кептелбейт болчубуз. Анткен менен шайлоо демократиялуу өттү. Убактылуу өкмөт өз убадасын аткарды,-деп;

Саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев:
Шайлоо мурдагыларга салыштырмалуу таза, адилет өттү. Бирок Кыргызстан толук демократияга жетти деп айтуу кыйын. Парламентте татаал жагдай түзүлдү. Ал жерде бир эмес, эки партия да үстөмдүк кыла албай калды. Ошондуктан булар үчтөн биригип, коалиция түзүүгө барат. Менин оюмча “Ата Журт”, “Республика”, “Ар-Намыс” бир коалиция түзүшү мүмкүн. Жаманбы-жакшыбы, парламенттик системаны баарыбыз көтөрүп кетишибиз керек. Эми парламент иштесин, калганы өзү эле көрүнөт. Бирок шайлоого чачкан миллиондорун кайрадан жыйнап алам десе анда бул парламенттин келечеги жок,- деп жооп берди.

“Кыргыз туусу”
гезити шайлоонун жыйынтыгын 1-бетине жарыялоо менен жаңы санын ачты. Андан кийинки беттеринде окурмандардын каттары, президент Роза Отунбаеванын, Амангелди Муралиевдин, Эмил Каптагаевдин шайлоого карата айткан сөздөрү, чет өлкөлүк жана эл аралык байкоочулардын берген баасы, ырасмий материалдар басылды.

Жазуучу Асыкбек Оморов даңазалуу колбашчы Аксак Темир жөнүндө “Темирлан” деген тарыхый роман жазып, анын бет ачары тарых музейинде өтүп, жаңы китепке белгилүү окумушттулар, жазуучулар жогору баа бергенин да ушул гезит кабарлады.

“Жашасын Кыргызстан” саясый партиясынын лидери Токтайым Үмөталиева: Баштагы шайлоолор сыяктуу эле бул шайлоо да таза өткөн жок. Маселен биздин партияга 50гө жетпеген добуш берилди деп жатышат. Өзүбүздүн эсебибиз боюнча кеминде 48 пайыз добушубуз бар болчу,-деп;

“Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев: Бул биздин мамлекеттин тарыхындагы эң таза шайлоолордун бири болду,-деп жооп берди.

Ушул эле гезит аркылуу саясат талдоочу Орозбек Молдалиев оюн мындайча билдирди: Шайлоонун алдында ар кандай убадалар айтыла берет. Конституцияны өзгөртүүгө он жылга тыюу салынган. Ал ветону жеңиш үчүн референдум өткөрүш керек. Референдум өткөрүү үчүн кол топтоо зарыл. Элдин көпчүлүк добушун чогулта коюш оңой эмес. Ошондуктан акырындап баары өз калыбына келет деп ишенсек болот. Албетте парламентке келген, чет мамлекетке убада берип койгон партиялар ушуну менен тынып калбайт. Бирок парламентке келбей калган партиялар, коомдук уюмдар, башка саясый күчтөр, эл бар. Конституцияны оюнчук кылып, кайра президенттик кыла коебуз дегендер чоң жаңылышып жатат.

- Кайсы партиялар коалицияга биригет деп ойлойсуз?

- Революциялык партиялар КСДП менен “Ата Мекен” биригет. “Ар-намыстын” президенттик башкаруу алып келебиз деген урааны бар, бирок бир чечимге келиш үчүн булар деле көп алыс кетпей сүйлөшүүлөргө келиши мүмкүн. Анткен менен бул татаал, кыйын маселе болуп калат. Андан көрө “Республика” партиясы ушул эки революциялык партияларга кошулушу ыктымал. “Ата Журт” партиясы өтө алыс кетпей турган партия. Негизинен бир да партия кыргыз элине каршы иштейм деген партиялардан эмес.
XS
SM
MD
LG