Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Маскөөлөп учат самолет...


Бүгүн "Форум", "Кыргыз руху", "Жаңы агым" жана "Кыргыз туусу" аттуу гезиттер жарык көрдү.

“Форум” гезити бүгүнкү санындагы кабарларында: “КСДП лидери Алмазбек Атамбаев бүгүн таңга жуук Москвага учуп кетти. Ал шайлоо аяктагандан кийин Владимир Путин менен жолугам деп айткан эле” деп;

“Бакиевчил партиялар бириге албай жатканына Бакиев капа болуптур” деп;

“Коомдук телеканалдын журналисттери Камчыбек Ташиевден маектешип коюушун өтүнсө “Мен силерге маек бербейм, 2 жумадан кийин Оторбаевди кызматтан алып ыргытам, ошондо сүйлөшөбүз” дептир” деп;

“Абдылдаев, Бабанов, Кулов Москвага эмне себептен учуп кеткени белгилүү. Демек Бабанов менен Кулов шайлоого Кремлден акча алганы ачык эле көрүнүп турат. Бул үч саясатчынын тараза ташы кайсыл тарапка ооганын кайтып келгенден кийин көрөбүз” деп;

“Рыскелди Момбековдун айтымында, эгер өкмөт башчысы Атамбаев, спикер Текебаев, ал эми парламенттик коалиция жетекчиси Бабанов болсо гана элдин мүдөөсү канган болот” деп;

“Ата Журт” партиясы Таластын, Нарындын, Көлдүн айрым жерлеринде 100 доллардан 500 долларга чейин, ал эми шайлоо участокторунун төрагаларынын ар биринин колуна 500 доллар карматып туруп, өздөрүнүн чоорун тарттырыптыр” деп;

“Республика” партиясы кимге кирерин Кремль чечери айтылууда, эгер “Республика”, “Ар-Намыс”, “Ата Журт” бириксе анда кыргыз эли бул ирээт да утулду” деп кабар тартты.

“Ата Журттун” бийликке келгенин Бакиевдин бийликке келгени деп эсептейбиз” деген ат менен 7-апрелде курман болгон жигитттердин жесирлери, ата-энелери, ага-инилеринин айткандары ушул гезитке басылды. Аянтта атылган Жамансариевдин агасы Озунбек Жамансариевдин сөзүн келтирели: “Ата Журттун” шурудай тизилген шылуундарынын кайрадан келишине каршыбыз. Өзгөчө Ташиевге, Келдибековго, Султановго, Жапаровго. Данияр Үсөнов 7-апрелде элди аттырып, Ак үйдүн ичинде олтурду эле, бүгүн минтип аялы депутат болуп келгени эмне деген тамтык? Буларда кенедей да уят, абийир деген калбай калыптыр. Биз бул жерге күн сайын митингке чыга беребиз. Катарыбыз дагы калыңдайт. Калк колдойт” деп сыздады.

“Форумдун” ушул эле санына “Республика” партиясы “акжолчуларга” кошулуп кетсе, депутаттыктан чакыртып алабыз!” деген аталышта Бишкектик 50 шайлоочунун каты басылып чыкты. “Бабанов Максимдин досу, аны шайлоодо Максим каржылаган” деп айтып жатышат. Эгер бул ушактар чын болсо биз сизди Москвага же досуңуздун жанына узатып коюуга даярбыз. “Эринен айрылган көмгөнчө ыйлайт, элинен айрылган өлгөнчө ыйлайт” деген кеп бар элибизде. Өмүрбек эл-жеринен куулгандарды ээрчибе, элдин сөзүн ук!” деп аяктаган бул кат.

“Кыргыз руху” Айзада Абазованын болуп өткөн шайлоонун кандай өткөнүн жиликтеген макаласына орун берди. Жыйынтыктап баратып: “Россия ансыз деле океандын ары жагындагы АКШга караганда стратегиялык өнөктөш экени түшүнүктүү. Бирок биз Россиянын кулу эмеспиз. Ошол эле учурда Грузиядай болуп өтө эле америкалашып да кетпешибиз керек. Бүгүн айкаштын бутасына айланган “Ата Журт” партиясы 7-апрелдеги аянтка каны төгүлгөн балдардын каны аркылуу шайлоодон өткөнүн түшүнүп, өздөрүнүн ак экенин далилдеп, жараты айыга элек жакындарынын алдында Бакиев үчүн кечирим сурап, партиялардын бири калбай, түндүк-түштүк дебей, бардыгы курман болгондордун арбагына таазим кылып, 120 депутаттын баары алгачкы кадамдарын балдардын өлүмүнүн текке кетпеши үчүн, жаркын келечек үчүн ант берүү менен башташы керек” деп жазды.

“Жаңы агым”
гезити Нурканбек Керимбаевдин “Сөздөн бал да, кан да тамат” деген макаласын тартуулап, партиялар шайлоодо кандай жолдор менен добуш топтогонуна токтолгон.

Журналист Темирбек Алымбеков шоу-концерттердин алдында жаркылдап-жайнап, аз эле жерден Ай менен Күндү алып бере жаздамакчы болуп күпүлдөгөндөрдүн убадаларын эске салган.

Маселен бул шайлоодо “атамекенчилер” Гиннестин китебине кире турган 14 километр узундуктагы кызыл кездемени жыртыштай айрып, жакшы дарактарды бакшы дарактарга айлантуу менен жана криминалдарды жок кылмакчы болгон сөзү менен элдин эсинде калганын;

“Республика” партиясы электр энергиясын өз наркына түшүрүп, дыйкандарга 7 пайыздык үстөк кредит беребиз дегенин;

Турсунбай Бакир уулу бул экөөнөн да ашып түшүп, өлкөгө ислам сүткорлорун тартам, үстөгү жок кредит аласыңар, үстөгү менен алган кредит арам болот деп айтканын;

Кулов ар бир төрөлгөн баланын жаздыгынын алдына 100 миң сомдон кыстара берерин, бала 18ге чыгары менен ал сумма млн. сомго айланарын, мындан сырткары жылына 50 миң сомдон жөлөк пул берип турарын убадалап жибергенин эрендердин эстерине салды.

Зайырбек Ажыматовдун макаласы “КТРКда мекенчилдер менен батышчылдардын күрөшү жүрүп жатабы?” деп аталып, коомдук телеканал түзүү жагдайынан келип чыккан талаштын чоо-жайына токтолгон.

“Жаңы агым”
ошондой эле: “Экс-президент Курманбек Бакиев орус жетекчилери Дмитрий Медведов менен Владимир Путин экөө анын ал-абалын сурап койгонго жарабаганына нааразы болуп, жашыптыр” деп;

“Ар-намыс” партиясынын башчыларынын бири Анвар Артыков өзбек өкмөтүнүн айрым өкүлдөрүнө жолугуп, сүйлөшүп жүргөнү айтыла баштады, анда Феликс Куловдун партиясы Өзбекстан президентинин эмнеси десек болот?” деп;

“Тилинен башка байлыгы жок Мадумаровдун “артында ким турат?” деп сурасак, саясат талдоочу Токтогул Какчекеев: “Мадумаровдун партиясын Үсөн Сыдыков, Ош мэри Мелисбек Мырзакматов, качкын президент Курманбек Бакиев каржылашы ыктымал. Не дегенде Бакиев өмүр бою Белоруссияда жашабайт, акыры мекенине кайтууну көздөйт” деп тумандуу жооп узатты” деп;

“Ата Журт” менен айланып келген Ибрагим Жунусов кайрадан Маданият министрлигин алам деп опурулуптур” деп маалымат таратты.

“Кыргыз туусу”
гезити элеттик баео шайлоочулардын айрымдары “Ата Мекен” дегенди “Ата Журт” менен алмаштырып добуш берип алган жоруктарын маалымдады. Басылма ошону менен бирге эле ырасмий материалдарды, шайлоого байланышкан чет өлкөлүк куттуктоолорду басты. Асанбек Бейшекеевдин макаласы “Келише албаса парламент көпкө жашабайбы?” деп аталса, Орозали Карасартовдун макаласы “Ырынан чыры көп чек арага качан чекит коюлат?” деген ат менен жарык көрдү. Автор Жалал-Абадда алтургай мамлекеттик чек ара тургундардын турак-жайларын аралап өтөрүн, баарынан да аялы Өзбекстандын, күйөөсү Кыргызстандын жарандары болгон адамдар жашарын, мындан бөлөк дагы толгон-токой түйүндүү маселелер түйдөктөлүп, чатышып, бирок чечилбеген бойдон калып келатканын иликтөөгө алган.

Ушул эле санда “Жалдагы үй жаңы жылга чейин бүткөрүлөт” деген макала бар.

Маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияздын маеги “Бөгөт коюу – жакшы ыкма эмес” деп аталат.
XS
SM
MD
LG