Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

М. Ниязов: “Керек болсо тогузунчу-онунчу Конституция да жазылат...”


Мирослав Ниязов
Мирослав Ниязов

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын теңтөрагасы Мирослав Ниязов "СССР" гезитине берген маегинде Кыргызстанга бүгүн күчтүү президент жана аны көзөмөлдөгөн күчтүү парламент керек деген оюн дагы кайталады.

“СССР” аттуу гезиттин 14-саны жарыкка чыкты.

Гезит Минскиде жатып алып Курманбек Бакиев: “Кыргызстандагы парламенттик шайлоодо админстративдик ресурстар пайдаланылды” деп баа берди. Минтип айтардан мурда кичине ойлонуп көрсө болмок. Эгер админстративдик күч колдонулса, анын куйругу аталган “Ата-Журт” партиясы өтпөй калат эле го?” деп маалымдады.

Ушул эле басылма “Президенттигин унуталбаган Закиржан” атуу чакан макаласында Бакиевдин кудайдан тилегени А. Лукашенконун кайрадан президент болуп шайланышы болуп калгандыгын, кокус Беларусь президенти шайланбай калса Закиржан орустарга барып батпай тургандыгын, андан да Бакиев “Коммерсант FM” радиосуна маек куруп: “Саясатчылар өздөрүн гана ойлобостон, өлкө, эл жөнүндө ойлосо” деп акыл үйрөткөнүн, атаңгөрү, кыйын акылман экен, элин жакырдантып, эс алуу жайлары менен көзгө басар мамлекеттик ишканаларды менчиктештип алганда ошол акылы кайда эле? Кыргызга акыл үйрөткөндүн ордуна, анын өзүнө акыл керек болуп тургандай” деп сөз ыргытты.

“СССР” гезити ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы Абдыжапар Аккуловдун “Бийлик калыстыктан тайды же шайлоодо жеңгендерди кыргызча “жайлоо” деген макаласын жарыя кылды. “Ата-Журтту” улутчул, реваншист, бакиевчил, эл душманы деген менен анын мүчөлөрүн, же бул партияга добуш берген жүз миңдеген адамдарды да улутчул, реваншист, бакиевчил, эл душманы дешибиз керекпи? Регионалдык сезимдерди козгоп, безге сая бергендин эмне кереги бар? Утса да, утулса да саясат кыла берүү, өзгөчө мындай абалды өкмөттүк деңгээлде чайкоочулук менен пайдалануу жакшылыкка алып келбестигин түшүнгүдөй болдук го акыры. Шүгүрчүлүк келтирип, алдыга жылуунун ордуна бөлүнүүчүлүк, ичи тардык, көралбастык, алдамчылык өңдүү эң жаман сапаттарыбыздан башыбыз көтөрүлбөй калды” деп жаны кайшайды.

Буга улай эле “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын теңтөрагасы Мирослав Ниязовдун “Жоопкерчиликсиз система кыргыз элин, Кыргызстанды өлтүрөт” деген ат менен интервьюсун басты. Мирослав мырза парламенттик республика болгонго өлкөнүн даярдыгы жок экендигин, ошондуктан бүгүн күчтүү президент жана президентти көзөмөлдөй турган күчтүү парламент керек деген оюн дагы бир жолу кайталаган.

Ниязов мамлекеттик түзүлүштү иликтөөгө алып: “Бул Конституция көпкө жашабастыгын, эсеп боюнча 8-Конституция экендигин, керек болсо 9-Конституция, ага да болбосо 10-Конституция да жазыларын, демек күнөөнүн баары Башмыйзамда эмес, күнөөнүн баары бийлик башында, кызматта турган адамдарда болорун баяндайт. Чиновниктерди жок кылып, таза, мыкты, тажырыйбалуу, профессионалдык деңгээли, патриоттук сезими жогору адамдар келмейин оңолбой турганыбызды зар какшайт.

“Дело №...” жумалыгы биринчи бетин “Кайрадан ызы-чуу, кайрадан митинг...” деген аталыштагы репортажын “Ала Тоо” аянтындагы элдик толкундоолорго арнап, аны фотосүрөттөр менен коштоп чыкты.

“Кыргызстандын добушу дүйнөнү таңкалтырды” деп кабарлаган гезит чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын, саясый серепчилердин ой-пикирлерине орун берген. Маселен Маскөөлүк саясат талдоочу Сергей Михеев Кыргызстандагы окуялар Орусия менен АКШны бөтөнчө бушайман кылып атканын, анткени Кыргызстанда бул экөөнүн тең аскер базалары жайгашканын, ушундан улам белгилей кетчү жагдай, качан керек болгондо кыргыз саясатчылары саясый максаттарына жетүү үчүн аскер базаларын бизнес катары пайдаланып, аны менен соода кылганга өтүп алганын кеп кылса, илимпоз Александр Малашенко кандай болгон күндө дагы АКШнын “Манастагы” аскер базасы ордунда түбөлүккө кала берерин айтат.

Британдык “Таймс” гезити парламентке 5 партия өткөнүн, өкмөттү түзүү үчүн эми бул партиялар келишим түзөрүн, айланасын авторитардык режим курчаган Борбор Азия үчүн, анын жетекчилери үчүн кыргыз демократиясынын ийгилиги коркунуч жаратып жатканын белгилейт. Чет өлкөлүк гезит муну менен бирге эле Кыргызстанда күтпөгөн окуялар болуп кетиши мүмкүндүгүн, анын үстүнө улуттар аралык араздашуунун жараты али бүтө электигин, көралбастар өчкөн отту кайрадан тутантышы ыктымалдыгын, буга кошумча депутаттык мандаттын көбүн Бакиев режими менен байланышы бар улутчул партиялар алганын жазат.

“Дело №...” гезити ошону менен бирге “Спикер Адахан Мадумаров кандайча иши жок Жаныш Бакиевди куттуктады” деген ат менен журналист Артур Исаевдин бир беттик макаласына орун берди. Макалада президенттин иниси “матрешка” чатагынан улам иштен кетип, бош жүргөн учурунда 50 жашка толуп, тоюн өткөргөнүн, тойго ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров келип: “Мына ушул улуу эпопея, улуу тарых, улуу советтик маданият – бүгүн Жаныш Салиевичке арналат. Бул деген – чексиз байлык. Мен сизге суктануу менен көз артам. Сиз деген – чексиз бай жана бактылуу адамсыз! Бүткүл өмүрүңүздү Ата Мекениңизге арнадыңыз!” деп сүйлөгөнүн шилтеме кылып, анан Жаныш Бакиевге Кыргызстандын тоолорунда гана жашаган, тукуму жоголуп бараткандыгы үчүн кызыл китепке киргизилген кундуздун терисинен тигилген тебетей кийгизгенин фотосүрөттөр менен баяндаган.

Автор андан ары Адахан Мадумаровдун 2005-жылкы революциядан кийин вице-премьер болуп тургандагы сөзүн мисалга тарткан. Адахан мырза Россиянын кабарчысынын:

-Кыргызстанга диктатура орноп келатканы жокпу?- деген суроосуна:

- Түшүңөргө да кирбесин! Диктатура деген болбойт! Эмне үчүн түштүктүктөр диктатурага жакын деп ойлойсуңар? Эмне, Аксыдагы өз элин түштүктүн диктатору аттырдыбы? Аны деген түндүктүн диктатору Акаев аттырган. А Бакиевде диктатордук сапат жок”,-деген.

-Кайрадан революция кайталанат дегенге кандай ойдосуз?-
деген суроосуна:

-Жок! Революция кайталанбайт. Революция кайталанат деген сөздү кайдан таптыңар? Кандайча? Эмне үчүн революция болмок эле?”- дегенин эске салып, Адахан Кимсанбаевич ошол эле Бакиев доорунда бурмаланган шайлоо жолу аркылуу “Ак жол” партиясы менен парламентке келгенин, ошондо ал сүрсөөлөт абалында менменсип “Ата Мекен” партиясынын” парламентке келбей калышынан эч кандай трагедияны көрө албай тургандыгын, андыктан жеңилип калган партиялар татыктуу утулганга да үйрөнүп, жигиттик кыла жүргөнү оң деген сөздү, дал ошол Мадумаров, бүгүн шайлоодон жеңилип калып, ызы-чуу салып, убактылуу өкмөттү күнөөлөп, акыйкатты талап кылып аткан ушул Мадумаровдун өзү айтып олтурганын кеп кылды.

Аталган басылмада ИИМдин Кылмыш иликтөө Башкы башкармалыгынын начальниги Тилек Алыбаевдин кылмыш дүйнөсү, мурдагы контрчалгынчы Арслан Коргонбаевдин чек ара маселеси тууралуу берген маектешүүлөрү да бар.
XS
SM
MD
LG