Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:22

"Үйрөнгөн адат калабы..."


“Кыргыз туусу”, “Форум”, “Кыргыз руху” жана “Жаңы агым” гезиттери жарык көрдү.

“Кыргыз туусу” гезити БУУнун туулган күнү кечээ Бишкекте белгиленип, анда президент Роза Отунбаева сөз сүйлөгөнүн, ошондой эле 5 пайыздык чектен өткөн партия лидерлери президент менен жолугушууда шайлоонун ачык-айкын өтүшүнө Отунбаеванын салымы зор болгонун, эми шайлоо жыйынтыгы боюнча талаш-тартыштарды көчөдө эмес, мыйзам алдында, сот аркылуу чечүү зарылдыгын белгилегенин, “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Боршайком кандай чечим чыгарса, аны менен макул болорун, акырында тараптар саясый кырдаалды курчутпоо үчүн нааразылык акцияларды уюштурбоону белгилешкенин кабарлады.

Аталган басылма ошондой эле Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин “Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?” деген ат менен макаласын жарыялады. Айтылуу драматург минтип жазат: “Президенттик бийликти көрдүк го, министрлер, депутаттар, бардык эле аткаминерлер эркечти ээрчиген койдон бетер президенттердин, алардын жээк-жергелеринин аркасынан жамырап, өзүлөрүнө байлык чогултуп жүргөнүн. Эми бул жолу да президенттик башкаруу бийлигине жол берсек, анда өлкөнүн шору! Анда кыргыздар жер, суу… бүт байлыгынан кол жууйт да, талкаланган тепшинин жанында кайыр сурап олтуруп калат. Күчтүү президенттик бийлик дегениңерге менин ток этер пикирим ушундай!” деп айткан Бексултан Жакиев, сөзүнүн аягында албетте жаңы жолдо жаза басуу, адашуу дегендер болбой койбостугун, бирок согуштан бели бүктөлүп калган Жапон өлкөсү да парламенттик жолду тандап алып, акырындап өсүп-өнүгүп кеткенин, Жапон өлкөсүнүн парламенти бүгүн бүткүл дүйнөгө бардык жагынан үлгү экенин талашсыз далилдегенин мисалга тартты.

“Форум” гезити “Ар-намыс” партиясынын төрагасы Феликс Кулов мындан төрт жыл мурда “Агым” гезитине берген маегинде: “Биз мурдагы айткандарыбыздан четтебейбиз. Парламенттик республиканы колдой турганыбызды Акаев убагында эле расмий түрдө билдиргенбиз. Ал ойдон кайтпайбыз” деген болучу, эми ошол Феликс бүгүн теңирден тескери сайрап олтурат” деп маалымдады.

Ушул эле гезитке Коомдук телерадиокорпарациясынын деректири Кубат Оторбаевдин интервьюсу “Биз цензураны жокко чыгарып, сөз эркиндигин калыбына келтирдик…” деген ат менен жарык көрдү.

“Кыргыз руху” гезити журналист Айзада Абазованын “Ата Мекен”, КСДП, “Республика” биригүүсү керек” деген аталыштагы макаласын тартуулады. Автор: “Революция жаңы оппозицияга жакшы эле шарт түзүп, парламентке келишине мүмкүндүк берди. Андыктан кечээ эле бийликке келгендер талаш-тартышка убакыт кетирип, митингдер менен “Ата Журтка” асыла бергенди коюп, биримдикке келип “Ата Мекен”, КСДП, “Республика” коалицияга тезирээк биригиши керек. Коалициянын башына Алмазбек Атамбаевдин турганы туура” деп жазып, үч партиядан турган коалиция кандай өкмөт түзүшү керектигине өз сунушун кийирген.

“Жаңы агым” гезити “Курманжан датка” кайрымдуулук фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошеванын “Эки трагедия кагышса эмне болот?” деген аталыштагы маегин окурмандарын ой элегине салды.

Жылдыз айым Бишкектеги митингдердин төркүнө сереп салып: “Сырттан караганда, митинг жасап жаткандар “Ата Журт” партиясына каршы жасалган акциядай сезилет. Ал эми тереңден караганда, кандайдыр бир күчтөр ушундай эле акцияга Оштогу, Жалал-Абаддагы окуяларда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн балдардын жакындары да көкүрөгүнө өлгөн балдарынын сүрөттөрүн илип алышып, Бишкекке келишсе экен деген максатты көздөгөнү байкалат. Кайсыл партия, кайсыл күчтөр ушуну каалап турса, ал түздөн-түз Роза Отунбаевага каршы жасалып жатканын таамай аныкташкан. Мен муну саясатчы катары туюп да, көрүп да турам. Эгер бул чагымчылыкка Ош трагедиясында жабыр тарткандар аралаша турган болсо анда анын эмне менен бүтөрүн эч ким айталбайт. Кудай анын бетин ары кылсын! Себеби ал жигиттер Кыргызстандын түштүк жергесин автономия болууга жол бербөө үчүн шейит кетишкени чындык” деп айтты.

Жылдыз айым андан ары азыр акаевчилер, бакиевчилер, отунбаевачылар деп бөлгөнгө такыр каршы экенин, бардык аткаминерлер тең ушул үч президент менен чогуу иштегендерден турарын, ал эми кезинде Ташиев мурунку Баш мыйзамга каршылыгын билдиргенин, Бакиев менен Үсөновдун бийлигине каршы болуп, эшикти “тарс” жаап чыгып кеткенин эске салып, эгер мамлекеттин, элдин тынчтыгын, балдарыбыздын келечегин ойлосок, партиялар Роза Отунбаеванын тегерегине биригиши керектигин, мындан башка жол жоктугун баса белгиледи.

Ушул эле гезит “Митингдерди партия лидерлери токтотушу керекпи?” деген суроо менен кайрылды.

Экономист Айылчы Сарыбаев: - Бул жерде бийликтин тиешеси жок. 29 партиянын талапкерлери 29га бөлүнүп алып мушташса эмне болот? Андыктан оозуна алы жетпеген, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, чыр салган төрагачыкмалардын өздөрүн жоопко тартуу керек,-деп;

Саясатчы Өмүрбек Абдырахманов: -Митинг - демократиянын белгиси,-деп;

КСДП мүчөсү Асылбек Жээнбеков: - Бийлик, мансаптан да Кыргызстандын биримдиги жогору турарын саясий партиялардын башчылары түшүнүүлөрү керек,-деп;

Жазуучулар союзунун төрагасы Абдрахман Алымбаев: - Бардык маселени партия лидерлери гана чечет. Алар өлкөнү экиге бөлуп албайлы деп элди ынтымакка чакырса эле митинг заматта токтойт,-деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG