Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Эл ырыскысын уурдаттыбы?


Бүгүн “Дело №....”, “Лозунг” гезиттери жарык көрүп, өлкөдөгү кырдаал тууралуу макалаларды окурмандарына тартуулашты.

Бүгүн жарыкка чыккан “Дело №....” гезити да “Ата Журт” партиясынын башчысы Камчыбек Ташиевдин айланасындагы чуулгандуу окуяны жазуу менен жаңы санын ачты.

Гезит “Кылмышкерлер ИИМдин кылмыш издөө бөлүмүнүн начальнигин жардырууну көздөгөн” деген ат менен макала жарыялап, ички иштер кызматкеринин үй-бүлөсү отура турган машинанын дөңгөлөгүнө жарылчу гранатаны кимдер койдуртканын аталган бөлүм болжол менен биле тургандыгын, аны жасагандар от менен ойногонун, жакында алар кармалып, мыйзамдуу жазасын аларын, күч органдарынын кызматкерлери иш маалында жүргөн учурда аларга каршы кол салуу эч кандай эрежелерге сыйбай турган көрүнүш экендигин, мына ушул сыяктуу жапайычылык Ташиевге байланыштуу окуяда да кайталанганын, мындай кылмыш жасагандар жазасыз калбай тургандыгын маалымдады.

“Дело №...” ошону менен бирге шайлоонун жыйынтыгы качан чыгарын сурап, Боршайкомдун төрагасы Акылбек Сариев менен маек басты.

Бүгүн аянтка митингге чыга турганын “Ар-намыс” партиясынын жолбашчысы Феликс Кулов жар салганы белгилүү. Талабы - шайлоонун жыйынтыгын созо бербей тезирээк чыгаруу, максаты - өлкөнүн коомдук жана саясый турмушун туруксуздукка алып келүүгө каршы экендигин далилдөө болучу. Бирок “Ар-намыс” партиясы митингкке чыкпай калганын бүгүн таңкы “Азаттыкка” партиянын төрага орунбасары Эмил Алиев өзү кабарлады.

“Дело №....” ошондой эле өлкөнүн Башкы прокурору Кубатбек Байболов менен кеңири интервьюну окурмандарга тартуу кылды.

Көптөгөн суроолорго жооп алган кабарчы андан шайлоонун жүрүшү жөнүндө оюн сураганда Кубатбек Байболов: Мурдагы шайлоолорго салыштырганда алда канча жакшы өттү. Бирок каалагандан жаман болду. Анткени бүт өмүрүн үй-бүлөлүк системага каршы күрөшкө арнап келген оппозиция бири-бири менен бир саясый максат үчүн, бир идея үчүн бириге албады. Ошол бириге албаган бойдон бийликке келди. Бириге албаган бойдон өзүнө ишенген калктын ишенимин да, өзүн да сактай алган жок. Оппозицияда жүргөндөрдүн айрым бөлүгү ачыктан ачык эле бандиттерди калкалаганга өтсө, айрым бөлүгү кулаган бийликтин өкүлдөрү менен көз кысышмайга өттү. Мына ушунун жыйынтыгы барып-келип шайлоодо оппозициянын утулушун шарттады,-деди.

Андан ары ал: -Биздин элибиз европалык үлгүдөгү демократияга даяр эместигин көрсөттү. Айланайындар, акыры жон териңерден кайыш тилбеген, байлык менен бийликке жутунбаган, калыс, адилет, ыймандуу коом куралы деп зар какшап келатканыбызды элибиз түшүнө алган жок. Калк бул шайлоодо да өзүнүн эртеңки келечегин, балдары менен неберелеринин келечегин арзыбаган арам акчага сатып жиберди,-деп айтты.

-Эми шайлоонун жыйынтыгы кандай болот?-
деген суроого:

- Айталбайм. Боршайком кандай жарыяласа ошондой болот. Мисалы, мен өзүм “Ата Мекен” партиясынын тизмесинде үчүнчү болуп тургам. Бирок көптөрүнөн айырмаланып, бир да ишине кийлигишпедим, бейтарап позицияны кармандым, административдик ресурстарды колдонбоо үчүн тикемден тик турдум,-деди.

Өлкөнүн Башкы прокурору акырында эл ырыскысын уурдап, Кыргызстандын байлыгын калпып алып, чет өлкөлүк банктарга алып барып каткан шылуундардын эсеп-кысабын табуу иши жүрүп жатканын, АКШ менен Европа мына ошол шумпайлардын эсеп-кысабын ачып чыгууга жардамдашуу максатында жакында прокуратурага кат жолдогонун кошумчалады.

Бүгүн жарык көргөн “Лозунг” гезити “Камчыбектин башына кайсы куураган кундак тийди” деген макала басты. Макала: “Кезектеги популисттик спектакль”, “Бири-бирине коошпогон калптар”, “Чындык кимде: депутаттардабы же элеттик жигиттердеби?” деген темалардан турат.

Үзүндү окуй кетели: “Камчыбек Ташиевдин үйүнө кол салды деп атышкан “атажуртчулар” Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин санын ар кимиси ар кандай айтышууда. Маселен Ташиев “мага кол салгандар 50 адам болгон деп, кайра бир туруп 15 чакты адам болгон” дейт. “Ата Журттун” “окоптогу” генералы Мыктыбек Абдылдаев “5 адам кол салган” десе, ашынган “атажуртчу” Садыр Жапаров “15 адам кол салган” деп безилдейт” деп жазган “Лозунг” гезити мындан 4 жыл мурда же 2006-жылы Ташиевге “кол салды” деп ошо кездеги депутат Садыр Жапаров чуу салган окуяны элге эстетип, ЖК депутаттары Арчалы айылынан коноктон келатса ошол айылдын буктурмада бугуп жаткан 5-6 жигити чыга калып кол салганын, эки депутат аларды заматта “күм-жам” кылганын, буга байланыштуу К. Ташиев менен С. Жапаров пресс-конференция берип, “бизге кол салды” деп шайлоочуларыбызды аянтка алып чыгып, чуу көтөрбөйбүз, анткени биз эркекпиз” деп төшүн кагып актанганын, бирок ошондон көп өтпөй Арчалы айлынын Токтогул көчөсүндөгү № 49 үйдүн тургуну Ырыс Исаков ЖК төрагасы Марат Султановдун наамына: “Бири Ташиевмин, бири Эшимкановмун деген эки депутат мас абалында мени сабашты” деп арыз жазган окуяны баяндаган.

Гезит андан ары карапайым адамдарды сабагандардын бири өзүн Эшимкановмун деп тааныштырган Садыр Жапаров менен боксер Камчыбек Ташиев экөө болгонун шардана кылган.

Буга улай эле генерал Кеңешбек Дүйшөбаевдин “ташиевчилер биздин кызматкерлерди негизсиз сабашкан” деген аталыштагы маегине окурман көңүлүн бурду. Дүйшөбаев өз сөзүндө кызмат учурунда жүргөн коопсуздук кызматкерлерин сабаган Ташиевдин күзөтчүлөрү сөзсүз жоопко тартыларын, Ташиев айткандай анын дарбазасынын эшигине ок атылбаганын, дегеле анын үйүнүн бир жеринен октун изи табылбаганын ачыкка чыгарды.

Кабарчынын: - Ташиев шайлоо учурунда Лейлекте “Биз Бакиевди алып келебиз” деген тасманы Камчыбек мырза “аны коопсуздук кызматы атайылап жасаткан демонтаж” деп чыкты. Ушул окуяны тактай кетсеңиз?-деген соболуна,

К. Дүйшөбаев:
- Ал тасма экспертизадан өткөрүлүп, жасалма эмес, анык экени тастыкталган. Азыр тергөө жүрүп жатат. Буга кошумча ошол жыйынга катышкан 30га чукул адамдардын Ташиевдин айтканын далилдеген көрсөтмөлөрү да бар,-деди.

Гезит андан ары Камчыбек Ташиевдин “мага кол салышты” дегенине көз карашыңыз кандай?-деп айрым атуулдарга суроо салды.

Саясый серепчи Орозбек Молдалиев:
- Камчыбек Ташиев “5 мүнөттөн” кийин бийликке бара турган адам. Мыйзамды сыйласа УУК жетекчисине чалып, милийсаны чакыртып, териштирбейби? Аны жандап жүргөндөр кандай адамдар? Алардын куралчан жүргөнгө, ким бирөөлөрдү кайтарганга лицензиясы барбы?-деп;

Саясатчы Жоомарт Сапарбаев: - Мен буга чейин мындай кол салууну уккан эмесмин, эмнегедир шек туудуруп атат,-деп;

Экономист Айылчы Сарыбаев:
- Мен Улуттук коопсуздук кызматкерлери кол салды дегенге ишенбейм. Эгер атайын кызмат тарабынан кол салуу болсо мынчалык сабатсыз болмок эмес,-деп;

Саясый серепчи Марат Казакбаев:
- Ташиевге эч ким кол салган жок. Анын аябагандай чоң кайтаруу тобу бар. Тескерисинче, Ташиевдин балдары кол салды, мен Ташиевге ишенбейм,-деп;

Саясый серепчи Кубан Абдымен: - Бул чоң саясый оюн. Ушул оюн кимге көбүрөөк упай алып келсе, окуяны ошол тарап уюштурган болот. Албетте “Ата Журт” партиясына гана пайда алып келди,-деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG