Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:50

Cаясат салаасында


“Учур”, “Аалам”, “Айат” гезиттери жарык көрүп, окурмандарына өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу макалаларды сунуш кылышты.

“Учур” гезитине “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов: “Шайлоодо коррупция менен криминал жеңди” деп маек курду.

Ушул эле санга Адилет Кеңеш уулунун “Кургаган саясат” деген рубрика алдында “Жыгач калкандын изи...” деген аталыштагы макаласы жарык көрдү. Генерал Феликс Куловдун саясат жолундагы ишмердигинин Бакиев менен тандемдеш болгондон кийинки мезгилине, Жаныш Бакиевди “высокий профессионал” атап, Улуттук Коопсуздук кызматына сунуштаганына, Бакиев жок болору менен “Жанышты жайламайынча тынчтык болбойт” дегенине, Максим Бакиевди атасы ЦАРИИ деген агенттиктин башчысы кылганда “бийлик ишенимдүү колго тапшырылды” деп кубаттап, Максимдин колтугунан коңул таап, кичи ГЭСтердин деректири болгонуна токтолгон.

Гезиттеги макала андан ары уланып олтуруп, кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы саналган Рысбек Акматбаев менен Куловдун окуясы, Куловдун фронт түзгөнү, апрель революциясындагы анын орду талдоого алынат. Акырында “Ар-намыс” партиясынын шайлоо жарышында марага 3-болуп келгени - Кремлдин долбоорунун ишке ашышы болгонун, Кулов ар качантан бир качан кыргыз элинин эгемендигинен өз кызыкчылыгын жогору коерун, анын артында орус интернет булактары жазган: “За Куловым стоит Рушайло - ставленник Березовского, депутат Госдумы РФ Хинштейн. Всей своей карьерой генерал Рушайло обязан Березовскому” деген сөздөрүн орусча шилтеме кылуу менен “Куловдун саясый кудурети кургап бүткөнүн, кыргыз эмес, аз сандуу улуттардын колдоосу менен гана бийликтин бийик сересине сүрөөнчү болуунун арты опурталдуу болорун, кыргыз калкынын ой-мүдөөсүн жакшы билген саясатчылар менен аналитиктер Медведов менен Путинге жазып жатышкан чыгар” деп аяктайт.

“Учурдун” бул санына Бишкектеги майыптардын “Үйүңүздү бериңиз?” деп Курманбек Бакиевге кат жазабыз” деген каты жарыяланды.

Айтылуу ырчы, экс-депутат Ибрагим Жунусовдун “Жан жерим” деген уят сөз” деген ат менен кызыктуу баарлашуусу да ушул санда.

Акыйкатчы Турсунбек Акундун маеги: “Аялымды катуу ургам” деп аталат.

“Аалам” гезити Эркин Бөлөкбаевдин 3 айдын ичинде сатып алган хан сарайы Бишкектин Киргизия-2 деп аталган чөлкөмүндө, Курултай көчөсүндө жайгашканын, наркы 400 миң АКШ доллары турарын, ошентип кечээки революционер, бүгүнкү финполицей Бөлөкбаев үч айдын ичинде өз турмуш-шартын оңдоп алганын, бирок мынча жашыл акчаны “жашылдардын” лидери кантип тапканына таң калып, үйүнүн сүрөтүн 1-бетине басып чыкты. “Финполиция Э. Болөкбаевдин менчигиби?” деген макала да кошо жарык көрдү.

Аталган гезиттин бүгүнкү басылышына ошондой эле “Ата-бала Сыдыковдор: уулу качкын, атасы сотто”, “Атаныкы балага буюрбайт” аттуу журналист Бахтияр Шаматовдун иликтөө макалалары тартууланды.

Ошентип кичүү Сыдыковго “Аалам-Сервиске” байланыштуу кылмыш иши козголуп качып жүргөнүн, “Аалам-Сервис” А. Атамбаев бийликке келгенде аны мындан ары элге иштей тургандыгын убада кылганын, азыр аты “Мамлекеттик "Манас" май куюучу жай болуп өзгөрүп, башчысы Кыргызстандагы эң бай деген 100 кишинин бири - Тилек Исаев аттуу ишкер экенин, анын артында Атамбаев менен жакын деген имиштер барын, айтор Кыргызстандын бийлиги жалаң эле ууру-кескилер менен коррупционерлерден турарын кейиш менен кеп кылган.

“Айат” гезити “Улут коопсуздугу коркунучта” деген макаланын корутунду бөлүгүн сунуш кылды. Коопсуздуктун 12 түрүн өз-өзүнчө талдоого алган макаланын автору Чолпонбек Сыдыкбаев: “... өткөн 19 жыл аралыгында Улуттук Коопсуздук кызматынын жетекчилигине Феликс Кулов, Болот Жанузаков, Мисир Ашыркулов өңдүү милийсалар жана башкалар келип алсыратканын, бир кездеги өтө таасирдүү кызмат бүгүн олуттуу реформаларга муктаж экендигин сөз кылган.

Буга улай эле “Айат” гезити “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Куловдун саясаттагы ордун талдоого алган макаласына окурман назарын бурду. “Эгер бийлик башына Кулов келсе эмне болот?” деген суроо койгон автор: “Ал президенттик башкарууну кайтарып, ансыз да чарчап бүткөн элди удургутуп, Борбор Азия чөлкөмүндө Жаңы Абхазияны жаратышы мүмкүн” деп чочулайт. Макаланын ээси аягын: “Мен эч качан орус же өзбек, уйгур же англичанин боло албайм. Кыргыз бойдон туулгам, кыргыз бойдон өлөм. Кулов да орустун түшүн жоруйбу, пластикалык операция жасатабы, баары бир орус боло албайт. Кулов бойдон өтөт. Тек гана ал өзүнүн ата-тегин, эл-жерин чанганы ар-намысымды күйгүзөт. Ошондуктан мен аны лидер катары тааныгым келбейт. Ошону менен катар Кыргыз жерин, Манас атамдын ордосун Маңкуртия ордосу кылышына жол бербейм” деген саптар менен бүтөт.

Гезит мындан сырткары Улуттук Коопсуздук кызматы тууралуу сурамжылоо салды.

Журналист Жаныбек Жанызак: Коопсуздук кызматынын түштүктө болгон окуяны байкабай калганы өкүнүчтүү. Бул тармакка башын тобокелге байлап, кыргыз деп чындап күйгөн адам керек,-деп;

Окутуучу Клара Ажыбекова: Улуттук Коопсуздук кызматын 3-күч алсыратып жатышы мүмкүн. Уйгур, өзбек диаспораларынын баары “Ар-намыс” партиясы үчүн добуш беришти. Июнь окуяларында Кадыржан Батыров менен иштеген киши Феликс Кулов деп эсептейм, “Ата-Журтта” да 3-күчтүн кишилери көп, атайын бийликке шылтап, мүмкүн Ташиевди атып кеткенге аракет кылышкан,-деп;

Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов: Элдин канын төккөндөр, ырыскысын тоногондор кармалбай эле келе жатпайбы? Мейли Бакиевдер кармалбасын, Балкыбековдор кармалбай жатпайбы?-деп;

Экономист Айылчы Сарыбаев:
Өзгөчө 7-апрелден кийин көп нерсени алдын алуу керек эле. Ызы-чууну токтотуп, эң активдүү башчыларына катуу чараларды көрүп, шайлоого криминалдык күчтөрдү катыштырбоо зарыл болучу. Булардын алсыздыгы керек болсо ошолор менен иштешип жатат деген түшүнүк бар,-деп;

Коомдук ишмер Анвар Артыков: Ар бир кызматта өз ишин билген адис турушу абзел. Биз болсо тууган-урук, тааныш-билиштен арылалбай келебиз. Булардын колунан башкаларды аңдымай, телефонду тыңшамай өңдөнгөн иштер эле келет. Кыргыздын чыныгы душмандарын табуу колунан келбейт,-деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG