Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Төрдү ойлобой, элди ойло!


“Лозунг” гезити бүгүнкү санында эл-жердин кызыкчылыгы үчүн Өмүрбек Текебаев спикрерлик “тактыдан” баш тартууга тийиш деген ойду айткан макаланы басты.

“Лозунг” жумалыгы Жылдыз Жолдошеванын “Түштүктөгү кандуу окуяны эскертсем, бийлик укпай койду” деген ат менен маегин жарыялады. Өткөн калабанын азап-тозогун өзүнүн кыйноо менен өлтүрүлгөн эң жакын адамдарынын өлүмү аркылуу өз башынан өткөргөн Жылдыз айым ал окуянын кандай башталып, кандай уюшулганын, 12-октябрда “Стрингер” маалымат сайтында А. Атамбаев, К. Батыров, Ө. Текебаев үчөөнүн үнүнө окшогон, Ош окуясын кантип жасоо жөнүндөгү сүйлөгөн сөздөрү жарык көргөнүн, кийин бул сүйлөшүү дүйнө жүзүнө тараганын, анын ишениминде алааматтын чыныгы күнөөкөрлөрү кимдер экендигин кийинки бийлик гана тастыкташы мүмкүндүгүн, эгер ошондо да акыйкат орносо деген ойду айткан.

Бул окуядан кийин түштүктөгү шейит кеткендердин жакындарына куран окутуп президентибиз Роза Отунбаевадан башка Убактылуу өкмөттүн бир да мүчөсү басып барбаганын белгилеген.

Ушул эле гезитке Адилет Кеңеш уулунун “Өлкө тагдыры Өмүрбек Текебаевдин колунда” деп аталган макаласы жарык көрдү. Журналист макаласында Өмүрбек Текебаевдин спикер болом деп көшөрүп жатышын Кремль каалабай турганын, эгер Текебаев спикер болуп, Кыргызстан орус жардамынан кол жууса, ар бир карапайым жаран бензиндин литрин мурдагыдай эле 10-12 сомго кымбат сатып алууга аргасыз болорун, буга кошумча орус өкмөтүнүн башчысы Путин сентябрда КСДП лидери Атамбаев менен кездешкенде берген убадаларына мораторий коюшу мүмкүндүгүн эске салды.

Эгер Текебаев спикерликтен баш тартса “Орусия бакиевчилер үчүн атайылап көтөргөн мунайзатка салыгын алып салат, ошондо ар бир литрден10-12 сом ар бирибиздин чөнтөгүбүздө калат. Бул жылына Кыргызстанга 200 млн. долларды үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Орустар кура турган ГЭСтерди айтпай эле коелу. Азыр кандай гана өкмөт келбесин Орусия менен кызамтташуусуз өлкөнү кризистен сууруп чыга албайт. Андыктан ушундай татаал шартта Өмүрбек Текебаев спикер болом деген дымагынан баш тартканы өлкөнүн таламына ылайык келип турат. Эгер Текебаев болбой эле көгөрүп, спикерликти талашып туруп алса Орусия да, Казакстан да бизге боордоштук колун сунганын токтотот. Натыйжада демократиялык күчтөр түзгөн өкмөт жарым жылга жетпей банкрот болот да, ошону менен революциянын жеңиштерин да оомийин болот. Демократ лидерлердин саясый өмүрү да ушуну менен бүтөт. Ошондо арыда “кымыңдап” турган Кулов менен Ташиев “акбоз атка” минет. Мекендин тагдыры бир жагынан улутчул жана жердешчил, экинчи жагынан жеке мүдөөсүн улуттук таламдан артык койгон саясатчылардын колуна өтөт” деп жазып чыкты.

“Дело №. ...” жумалыгы “Күтүүсүз күндөлүктөн...” деген рубрика алдында Аскар Акаевдин доорунда дооран сүргөн эң эле чоң аткаминерлердин бири – Кемелбек Нанаев Бишкекте камакка алынганын маалымдады. Акаев мезгилиндеги Улуттук Банктын төрагасы болуп турган Нанаевге коюлган күнөөнүн изи тээ 93-жылга, 13 млн. 380 миң доллар карыз акчага алмашкан бир жарым миң тонна кыргыз алтынынын быкы-чыкысына барып такалат.

65 жаштагы Нанаев 2007-жылы инсульт алган. Айрым маалыматтарга караганда, ал азыр Бишкектеги тергөө абактарынын биринде отурган чагы.

Кыргыздын “кыңыр иш кырк жылда” дегени ушул.

“Кыргызстандагы болуп өткөн шайлоодо кимдер утту?” деген суроого жоп издеген саясат таануучу Токтогул Какчекеев, шайлоодо брадык жагынан карапайым калк утулуп, кудуреттүү державалар утуп чыкканын белгиледи.

Какчекеевдин “24.kg” маалымат агенттиги аркылуу айткан ойлорун “Дело № ....” гезити бүгүнкү санына көчүрүп басты.

Какчекеевдин оюнча бүгүндөн тартып эле Кыргызстанда кийинки президенттик шайлоонун негизи түптөлө баштады. Тилекке каршы, элдин кызыкчылыгы менен күткөн ой-тилегин саясый эрөөлгө аттанып, папке талашка түшкөн партия лидерлери эсепке алышкан жок. Шайлоонун жыйынтыгын аныктоо да бекеринен создуктурулбады. Бул жагдай парламентке келе турган партиялардын ар биринин мүдөөсүн канааттандыра тургандай убакыт ичинде сүйлөшүүлөрүнө мүмкүндүк түзүп берди. Бирок буга карабастан шайлоого катышкандардын кызмат талашуу дарты күчөдү. Муну эми мындан ары ушундай кыла берүүгө болбойт.

Саясат талдоочу Какчекеевдин пикиринде Кыргызстандын саясатчылары өткөн иштерден сабак алганды, керек болсо жагдай-шартка байланыштуу өзгөрө билгенге ийкемдүү болгонду үйрөнгөндөрү оң. Анткени бул шайлоого өзүбүздүн эле өлкө тургай, коңшу-колоңдор менен чет өлкөлөр да көз салып турат. Азыр кандай гана партия башчысы болбосун, мындан кийин анын оозунан элди түндүк-түштүккө бөлгөн, өтө эле чыбаш жыттанган улутчул мүнөздөгү сөз чыкты дегиче, андай саясатчынын күнү бүттү дей бер, ал анда саясат майданынан биротоло сүрүлүп чыгарылат” деп билдирди.

“Дело № ...” басылмасы ошондой эле Роза Отунбаева жаңы чакырылыштагы парламент биринчи жыйынына бүрсүгүнү чогула тургандыгын өзүнүн видеокүндөлүгү аркылуу шардана кылды. Президенттин ою боюнча Жогорку Кеңештин бардык зарыл иш кагаздары өкмөттүк басма сөзгө эртең жарыяланат.

Отунбаева ошондой эле парламенттин алдына чыгып сөз сүйлөөрүн, сөзүндө: “Мен өз жашоо-турмушубуздун эртеңки келечеги үчүн кайсы жол менен бара турган багытыбызды айтам, эл өкүлдөрүн дал ушул максат үчүн коалиция түзүү керектигине чакырам” дегенин шилтеме кылып, президент ушул жума ичинде парламентке келген 5 партиянын лидерлери менен коалиция маселесин да кеңешерин кошумчалаган.

“Лозунг” гезити Адахан Мадумаров “Конституциялык мыйзам жок болгондуктан бул шайлоо мыйзамсыз" деп билдирди. Сиз буга кандай дейсиз?” деп суроо салды.

“Ак шумкар” партиясынын мүчөсү Гүлнара Дербишева: Адахан Мадумаровдун позициясы түшүнүксүз болуп турат. Шайлоого катталганда мыйзамдуу болуп, шайлоодон өтпөй калса, мыйзамсыз болуп калат бекен. Анда мындай шайлоого катышпай эле койбойбу,-деп;

“Ата Журт” партиясынын мүчөсү Ибрагим Жунусов: Мен муну бир жактуу айталбайм, бул маселени сот чечет,-деп;

Экс-депутат Исках Масалиев: Шайлоону легитмсиз дегенге негиз бар,-деп;

Глобалистика борборунун башчысы Карыбек Байбосунов: Бул жигит ар кандай жолдор менен элдин башын айлантып бүттү. Же депутат болуп эле кыйкыргандан башка иш билбейби?-деп;

Экс-депутат Ташболот Балтабаев:
Мадумаров шайлоодон утпай калды. Анан ары жагын, бери жагын каратып, санатып, айла издеди. Андан майнап чыкпаган соң “жок, бул шайлоо болбойт” деп чыкты. Эми бул чыт курсак баланын оюнундай кеп да,-деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG