Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:59

Убактылуу өкмөттүн башы ооруйбу?


“... жардамга делген акчасын тезирээк алуу максатында 100 миң сомго колун коюп, 90 миң сом алып жаткан учурлар көп".

“Лозунг” гезити вице-премьер-министр Азимбек Бекназаровдун кечээ “Кабар” агенттигинде өткөргөн жыйынынан алган маекти басты.

Журналист Келдибек Назировдун макаласы “О-у, Утурумдук Өкмөт, Ошто турмуш ойдогудай эмес” деп аталат.

“Расмий маалыматка ылайык, 40 миң адам өлкөнүн аймагынан сыртка чыгып кеткен. Алардын 85 пайызы өзбек улутундагылар. Бул жерде жашоо болбой калды, биз да кетебиз дегендер оголе көп” деп башталган макалада карыз, жардам алуунун баары коррупция менен коштолуп жатканын, мисалы, акчасын тез алуу максатында 100 миң сомго кол коюп, 90 миң сом алган учурлар көп экенин, Ош шаарынын мэри М. Мырзакматов шаарды кайрадан куруп, көп кабаттуу үйлөргө өзбек-кыргызды аралаштырып жайгаштыруу керектигин айтып, кайрадан махалла болуп жашоосун каалабай тургандыгын билдиргенин кеп кылган.

Автор андан ары 20 жылдан бери чечилбей келаткан чек ара маселесине, коңшу өлкөлөр менен келаткан мамилеге, дагы бир жолку коогалаңды болтурбай коюунун жалгыз жолу – элдин нааразылыгын пайда кылбоо жана кыргыз-өзбек чек арасын тез арада тактоонунун зарылдыгына токтолуп: “Антпегенде бүтүндөй Түштүк Кыргызстандын бар же жок болуу маселеси кылычтын мизинде турат” деп аяктаган.

“Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин маеги ушул эле “Лозунг” гезитине жарык көрдү.

К. Ташиев УКК кызматкерлери менен болгон окуянын чын-төгүнүн сот аныктарын, ал эми “Мекен шейиттери” кыймылынын мүчөлөрүнүн көйгөйүн, кайгысын, алардын акыркы 7 айда көргөн каран күнүн жакшы түшүнөрүн, адамдык нарк-насилин сыйларын, анткен менен буларды “Ата Журтка” каршы үгүттөп жаткан партиялар менен бийлик өкүлдөрү кимдер экенин билерин, атаганат ушинтип, курман болгон чырактай балдардын арбагын саясатка аралаштыруу жакшы эмес көрүнүш экендигине кейиген.

Андан ары К. Ташиев партия мүчөлөрү Динара Исаева, Нариман Түлеев, Нарынбек Молдобаев тууралуу суроолорго жооп берип жатып:

-Динара Исаеваны Чүйдүн координаторлору ушул адам бизге керек, кадыр-баркы бар деп киргизишкен. Бирок шайлоо алдында бир да жолу эл менен жолугушууга барган жок. Шайлоо бүткөндөн кийин бекер ашка келгенсип, депутат болом деп калыптыр. Анын юридикалык жактан укугу болгон менен, моралдык жактан укугу жок. Эгер Динара Исаева парламентке келе турган болсо, партиянын лидери катары дагы бир жолу тактап коеюн, анда мен парламентке отурбайм,-деп айтты.

“Лозунг” алакандай кабарларында Аликбек Жекшенкулов “мага Тышкы иштер министрлигин бербесеңер жүдөткөнүм жүдөткөн” деп атыптыр” деп;

“Эртең парламент аркылуу өкмөткө келчү бийлик Адахам Мадумаровго президенттин администрациясынан таасирдүү кызмат, Марат Кайыповго Жогорку Соттун судьялыгын, Токтайым Үмөталиевага Акыйкатчынын орун басарлыгын, Муктар Өмүракуновго Миграция жана эмгек министрлигин, Эдил Байсаловго Турсунбек Акундун ордун, Муратбек Мукашовго Улуттук Банктын төрагалыгын убада кылыптыр” деп;

“Үсөн Сыдыковдун уулу Бакыт Сыдыков атасынын кеңешин угуп, өз ыктыяры менен келип колго түшүп берип, азыр УККнын убактылуу абагында жатыптыр” деп;

“Данияр Үсөновдун аялы Динара Исаеваны партиянын катарынан чыгарабыз деген “атажуртчуларга” Мыктыбек Абдылдаев каршы чыгып, аны партиялаштарына каршы козутуп жатыптыр” деп;

“Талас дубанында “Ата Журт” аркылуу депутат болгон Жусуп Иманалиев менен Дастан Жумабековдун ортосунда мандат талаш башталганын, анткени партиянын лөктөрү Жусуп Иманалиевди чыгып кет деп кысымга алып жатыптыр” деп кабар таратты.

“Дело №....” гезити “Чиркөөлөр менен сыйынуучу үйлөрдү тоноп келген кудайсыздардын бандасы кармалды”,

“Окуу майданы эки курсанттын өмүрүн жайлады”,

“Кыргызстанга жүздөгөн миллион долларлар келген... Кимдер “мойсоп” жатат?”,

“Прокурорлордун иши боюнча камакка алуу башталды”
деген жана башка баш темалар менен бүгүнкү санын ачты.

Гезитти ачканда эле Артур Исаевдин “Бекназаровдун “өкүл баласына” жаман болду” деген макаласы жарыяланды. Макалада Башкы прокуратуранын Мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдүк кылуучу Башкармалыгынын начальниги, 1-президент Аскар Акаевдин учурундан тартып эле “майталканга” отуруп, кызматтан кызматка оңбогондой тез чоңоюп келген Владимир Краснокуцкий жөнүндө сөз болот. Журналист акыркы кездери кыргыздар таасирдүү адамдардан “өкүл ата” же “өкүл бала” коюуну модага айлантып алганын, анысыгандай, мына ошол мыйзамга көзөмөл жүргүзүүчү Башкармалыктын чоңу, орус жигити Владимир Краснокуцикй кадимки эле Азимбек Бекназровдун “өкүл баласы” болгонун жана анын “ишмердүүлүгүнүн” айрым жактарын баяндайт. Революционер прокурор Бекназаровду Бакиев кызматтан алып, ал оппозицияга кетери менен Краснокуцкий да Башкы прокуратурадан Аскер прокуратурасына катардагы кызматка жылып түшөт. Бирок бийлик кайрадан алмашып, Бекназаров Убактылуу өкмөткө келери менен Краснокуцкийдин ташы да тоону көздөй тоголоно баштайт. Тоголонуп бараткан таш Башкы прокуратурга Кубатбек Байболов келгенден кийин токтоп, Бекназаровдун орус “өкүл баласы” кызматынан алынат. Көрсө “өкүл бала” жубайына катталган Кегети капчыгайындагы 1 гектар жерин бышкан кирпич менен дубалдап, турак-жайларды күргүштөтүп салып кирген экен. Кайсы акчасына? Башкы прокуратура текшерип чыгып, жакында анын гектарлаган “жайытынын” мыйзамсыз экендигин шардана кылгандыгы жазылган.

“Дело №....”
андан ары мына ошол Краснокуцийди жана анын Кегети капчыгайындагы курулушун сүрөттөрү менен кошо басып чыгарды.

Аталган гезит “Республика” партиясынан 6 адам депутаттык мандаттарынан баш тартканын, алардын бири белгилүү кинорежиссер Актан Арым Кубат экенин, мындан тышкары ушул эле партиядан дагы 27 киши чыгып кетүү үчүн арыз таштаганын жазды.

Журналист Артур Исаевдин дагы бир макаласы “Кыргызстан жараатын айыктыруу үчүн алааматтуу 7 айдын ичинде жүз миллиондогон долларларды алды эле... Эми дагы мындан көп алышы мүмкүн... Кайрадан жеп кирдикпи?” деген аталыштагы макаласын окурмандарга тартуулап, Убактылуу өкмөт бийлик туткасын кармагандан бери кайсы өлкөлөрдөн кандай жардам келгенин, канча келгенин, кимдерге келгенин сандардын тили менен санап чыккан.

Дагы бир макала: “Грузия Европанын жашоо деңгээлин көздөй тездик менен жогорулап баратат” деген макаланы окурмандарга тартуулады.

“Ким акыркы жылдары Грузияны көрө элек болсо, ал шаар азыр таанылгыс болуп өзгөргөн. Чек ардан өтүү үчүн болгону 15 мүнөт гана убактың коройт. Бардыгы европадагыдай. Грузия революциядан кийин ишкердүүлүк менен атагы чыккан Каха Бендукидзе деген жигитин Экономика министрлигине жектекчи кылып алып келип, ал дароо Сингапур менен Гонконгдон жыйнаган тажырыйбасын ишке салып, адегенде эле мамлекеттик башкаруудагы коррупцияны жок кылуудан баштады. Экономикалык ишмердүүлүккө толук эркиндик берди. Грузияда бүгүн “Ким акча менен кармалса, ал - эл душманы” деген кадимкидей ураанга айланган жана ал иш жүзүнө ийгиликтүү ашып жатат. Акыркы жылдары мамлекетти жеп-тоногон 214 жегич камакка алынган. Бир эле күндө айдоочулардан акча шыпырып жашаганга маш болуп бүткөн 14 миң МАИ кызматкери кызматынан айдалганын жана ушу тапта кыйналып жаткан кыргыздар суктанарлык жактарын мисалга тарткан.

Бул макаланы толугу менен бүгүн жарык көргөн “Дело № ...” гезитинен окуп алсаңыздар болот.
XS
SM
MD
LG