Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Cаясый санак


Жаңы парламенттин алгачкы жыйыны, 10-ноябрь.
Жаңы парламенттин алгачкы жыйыны, 10-ноябрь.

Бүгүн жарык көргөн гезиттер кечээ алгачкы жыйынына чогулган парламент, коалиция, өлкөнүн келечеги жөнүндө жазышты.

“Аалам” гезитинин суроолоруна жооп берген саясый серепчи Токтогул Какчекеев:

- КСДП, “Республика”, “Ата Мекен” партиялары кошулуп коалиция түзөт. Баары Алмаз Атамбаевдин айланасына чогулат. Ал эми Өмүрбек Текебаев олуттуу көз караштагы адам, өлкөнүн туруктуулугу үчүн баарына даяр, эч убакта тескери басышы мүмкүн эмес,-деп;

“Ата-Журт” партиясы тууралуу: - Бул партия ич-ара ынтымагын оңдобосо алыс кетпейт. Динара Исаеваны чийип салган күндө да кадыр-барк топтой албайт,-деп;

Феликс Кулов жөнүндө: - Кулов премьер-министр болгудай ким өзү? Буга чейин бийликте иштебеген жери калбады. Мага ким көрсөтүп берет, Кулов эмне жумуш кылганын, мектеп салганын же элине жардам бергенин?-деп;

“Мекен шейиттери” жөнүндө: - Жаш жигиттердин кыргыз элинин келечеги үчүн жандарын кыйганы талаага кетти. Заман өзгөргөн жок. Бирок өлгөнгө жамынып, алардын арбагын кайра-кайра козгой бербей жайына коюш керек,-деп айтты.

Саясый серепчи Нур Омаров: - Жаңы парламент иштин көзүн билген өкмөт түзүшү керек. Бүгүнкү күндө бюджет тартыштыгы 700 млн. долларды чапчыды. Анткен менен 3-4 жыл аралыгында өлкө оңолууга багыт алат,-деп;

Коомдук ишмер Роза Айтматова: - Эне катары “Мекен шейиттери” коомунун жасап атканын түшүнөм жана колдойм. Бирок өлкөнүн тагдыры жөнүндө ойлогондо мен алардын аркетин колдобойм. Эми элге дагы бир апаат күндөрдүн кереги жок,-деп;

Чыныгы мусулмандар союзунун лидери Нурлан Мотуев:
- “Мекен шейиттеринин” жүрөк дартын, көкүрөк кайгысын түшүнөм. Максимдин кесепетинен окко учту. Бирок алардын пикет уюштуруп атканы туура эмес. Быйылкы түштүк коогалаңында деле канча адамдар эл-жерди коргоп өмүр менен кош айтышты. Алар да “Ош шейиттери” деген коом түзгөн Бирок урук-туугандары өлкөгө туруктуулук керектигин сезип-туюп жатат. Мен “Мекен шейиттерин” сабырдуулукка чакырат элем,- деп айтты.

“Асман пресс”
гезити “Июндагы коогалаңда 1861 үй жабыркаган” деген ат менен вице-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин маегин тартуулады.

Ушул эле гезит тунгуч президент Аскар Акаевди жана жубайы Майрам Акаеваны туулган күнү менен куттуктап: “Кыргызда “кек сактаган кемийт” деген кеп бар, туулган күнүңүз кут болсун!” деген каалоо-тилегин айтты.

Аталган басылма андан ары А. Мадумаров, Т. Тургуналиев, И. Болжуроваларга кыскача мүнөздөмө берди.

Маселен А. Мадумаров тууралуу:
“Таң-гөрү, сүйлөсө асманды айтканы менен бийликке келсе көзүн май басып калат тура, “ат көрбөгөн минип өлтүрөт” болуп, бийликте жүрүп эмнени кыйратты эле, Каркыраны саткандан башка?”-деп;

Топчубек Тургуналиев тууралуу:
“Топчуке да бийлик десе “бетин” алмаштырган саясатчылардын катарын толуктайт. “Түбөлүк оппозиционер” деген ылакап аты бар. Эгер Топчуке бийликтен оолактай баштаса, анда эле Отунбаеванын куюшканы кыйшаңдады дей бергиле”-деп жазып чыкты.

Гезит булардан тышкары көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исках Раззаковдун даңктуу жолу тууралуу баянды, “Турсунбек Бакирдин турмушу” деген макаланы, Ташкул Керексизовдун “Манас-есть матрица” аттуу орус тилиндеги ой толгоолорун окурмандардын ой элегин салды.

“Айат”
гезити ИИМ министринин орунбасары Мелис Турганбаевдин “Учурда криминалдын саясаттагы “крышасы” жок” деп аталган маеги аркылуу жаңы санын ачты.

Генерал жакында эле Чүй олбустук ички иштер кызматынын аракети менен 4-ноябрда 16 адамдан турган кылмышкерлер тобу кармалганын, ал топ көчөдө ишсиз жүргөндөрдөн түзүлүп, улуусу 87-жылкы, кичүүлөрү 92-жылкы туулган жаш балдар болгонун айтып берген.

Министрдин орунбасары ошондой эле ушу тапта өткөн бийлик учурундагы “матрешка” иши аныгына чыгып, сотко кеткенин, Медет Садыркуловдун үйүнө ташталган кулак менен сөөмөйдүн бети ачылганын, 62ден ашуун уюшкан кылмыштуу топ кармалып, учурда сот өкүмүн күтүп олтурганын, азыр кылмыштуу топтордун мурдагыдай саясый “крышасы” жоктугун белгиледи.

Саясый серепчи Сабыр Муканбетов маек куруп, акыркы кездердеги КСДП менен “Ата Мекен” партияларынын ортосунсдагы мамилелердин оордошу бул экөөнүн биригишинен күмөн туудуруп атканын, булар колдорунан бийлик жылмышып баратканда гана эстерине келбесе такыр эле бирикпей турган деңгээлге жетип калгандай түрлөрү барын, андыктан КСДП, “Ата Мекен”, “Республика” биригип коалиция түзө албай калды дегиче, бийлик булардын колунан биротоло чыгарын кеп кылды.

Сабыр Муканбетов андан ары өкмөт куралбай калып, кайра шайлоо болоруна ишенбей тургандыгын да кошумчалады.

Коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков бүгүнкү маегинде сарбагыш, бугу, оң канат, сол канат болуп бөлүнө бербей, канткенде кыргыз болуу, канткенде улут болуу масселеси жөнүндө, ыйман, ынтымак жөнүндө ойлорун ортого салды.

“Учур” гезити айрым атуулдардын ар кыл темадагы айткандарын жарыя кылды.

Саясый серепчи Табылды Акеров: - Кайрадан жаңы шайлоо өткөрүү керек. Ошондо азыркы партиядагылардын көбү шайлоого баруудан баш тартышы мүмкүн. Эл да акчага азгырылбай, таза добушун берет,-деп;

Экономист Айылчы Сарыбаев:
- Мамлекеттин өсүп-өнбөй жатышынын бир себеби - базар. Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп кирип, мамлекет башы менен өзү да чоң “Дордой” базарына айлангандан тартып айыл-чарба тармагы сызга олтурду. Реалдуу сектор иштебегендиктен чет өлкөдөн ташылып келген арзан азык-түлүккө күнүбүз түшүп жашап калдык. Учурда 35 миң адамдын ишсиз калышын трагедия кылганда болбойт. Биз андан көрө сыртка тентип кеткен миллиондой атуулдарыбыздын тагдырын ойлонушубуз керек,-деп;

Окумуштуу Кусеин Исаев: - Камчыбек Ташиев “эгер Динара Исаева депутат болсо, мен пармаментке барбайм” деп жатат. Айткандай эле кечээги жыйында Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров мандат алууга барбады. Эми булар жигиттик сөзүнө турабы же жокпу, кеп ошондо. Эмнеси болсо да Динара Исаеванын парламентке келиши “атажуртчуларда” тырмактын агындай да уят жок экендигин айгинеледи. Ошон үчүн “люстрация” мыйзамы керек. Ал болбосо кыргызды балчыктан чыгаруу мүмкүн эмес. Ушу күндө баары кымбаттап, баягы эле карапайым калк кыйналууда. Муну аткаминерлер капарына да ала элек, ич ара папка талаш менен гана алек болушууда,-деп жаны кашайды.

“Учур” булардан башка дагы “Азаттык” радиосунан уктурулган маек, макалаларды жандырып жарыялаган.
XS
SM
MD
LG