Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Өкмөтү жок өлкөдө


7-апрель окуясы боюнча сот, 17-ноябрь.
7-апрель окуясы боюнча сот, 17-ноябрь.

Гезиттер кечээ күнкү сот жараяны, мыйзамдуулук, жаңы өкмөттү түзүү туралуу макалаларга, ой-пикирлерге орун берди.

“Учур” гезити сот жүрүшүн “7-апрель сотунда чатак чыкты” деген макала аркылуу анын кандай башталып, кандай бүткөнүн баяндады.

“Кыргызнефтегазды сактап калалы!” деген кайрылуу ушул жамааттын атынан президент Роза Отунбаевага багышталды.

Коомдук ишмер Бегиш Ааматов маек куруп, өзү жактап келаткан 1993-жылдагы Башмыйзамдын артыкчылыгын дагы бир жолу түшүндүрүү менен менчиктелип кеткен жерлер кайрадан мамлекеттирилиши керектигине токтолду.

Абдыш Самсаев аттуу автордун макаласы Бакиев доорундагы Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин адамдык сапаттарын ачып берүүгө арналды.

Соттолуп жаткан мурдагы Коргоо министри Бакыт Калыевдин жубайы Мукарам Калыеванын маеги: “Отунбаева болсо да Бакыт сатмак эмес” деп аталат. Кабарчынын суроосуна жооп берип атып Мукарам айым:

-8-апрель күнү Бакыт үйгө келди. Биз ошондо “качып кетчи, жок дегенде бизди, балдарыңды ойлочу?” - деп ыйлап, жалдырадык. Качып кетүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар болучу. Бирок өз каалоосу менен колго түшүп берди, - деп айтты.

Бирок ушул эле маектин аягында аталган гезит кечээки сот процессинде Бакыт Калыев үй-бүлөлүк абалы тууралуу: “ажырашкам, жарандык никеде жашайм”, - деп айтканын шилтеме кылды.

“Пресс.kg” гезити укук коргоочу Азиза Абдрасулованын “Эркебаев менен Жекшеев эле чечим чыгарып койду” деген ат менен интервьюсун тартуулады.

Ош калабасы жагдайын талдоого алган укукчу мамлекеттик комиссиянын бүтүмүнө канааттанбагандыгын, ал көңүл бура турган жагдайлар дагы эле бүдөмүк бойдон калып атканын, маселен айрым бир эл оозунда айтылып келаткан сөздөрдү терең тактоо зарылдыгын белгиледи. Өз уюму тарабынан чогултулган маалыматтарды берерин, эки элди жакындаштыруу үчүн ири алдыда бардык күнөөлүүлөр бирдей жазага тартылышы зарылдыгын билдирди.

Бакыт Сакыбаев “Кыргыз көрүстөндөрүнө эми казактар куран окуп турушабы?” аттуу макаласында Чүйдүн Кеминине караштуу Кара-Булак айыл тургундарынын ата-бабалары, жакындары коюлган көрүстөнгө кире албай жатканы, анткени көрүстөн зым менен тосулган чек аранын казак тарабында калганы жөнүндө кеп кылат.

Гезиттин коалициялык өкмөт түзүү тууралуу салган суроосуна саясый серепчи Бекбосун Бөрүбашев:

- Өкмөт курамына коомчулук ишенимин актаган топ келиши керек деп ойлойм,-деп;

Академик Жамин Акималиев:
- Кулов көтөрүп жаткан кеңири коалиция түзүү демилгеси мыйзамга каршы иш. Ошондуктан 5 гана партиянын өкүлдөрү өкмөт курамын толуктаганга укугу бар,-деп;

Экс-депутат Искак Масалиев: - Эч качан 5 партия биригип коалиция түзө албайт. Үч же эки болуш керек,-деп;

Саясый серепчи Токтогул Какчекеев: - Партиялардын ичиндеги кээ бир алкымы чоң карышкырларга караганда өтпөй калган партиялардын иш билги өкүлдөрү кошулса, өкмөттүн иши алдыга жылат,-деп;

Саясый серепчи Марс Сариев: - Шайлоодон өтпөй калган партиялардын арасында иштин көзүн билгендер бар, ошолорду тартуу керек, - деп;

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Туратбек Мадылбеков: - Кыргызстандын келечеги үчүн партиянын курамында болбогон татыктуу адамдар өкмөткө сунушталса колдоп берүүгө даярмын, - деп жооп берди.

Маданият ишмери Бөкөнбай Боркеевдин азыркы доордогу ырчылардын ырдаган ырларынын жараксыз сөздөрүн сынга алган макаласынын уландысы да ушул санда.

“Асман press” басылмасы жаңы санын Энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин айтып бергендери менен ачты.

Министр жылдагыга салыштырганда кышка даярдык 2 эсе мыкты болгонуна, Өзбекстан менен чечилчү маселелер чечилгенине, электр энергиясынын баасы 70 тыйын бойдон кала берерине, быйыл мурдагыдай жарык өчүрүлбөстүгүнө коомчулуктун көңүлүн бурду.

Осмонбек Артыкбаев ошону менен бирге эле Күрп-Сай, Үч-Коргон, Шамалды-Сай ГЭСтеринен өндүрүлгөн энергия Өзбекстанды айланып олтуруп анан Кыргызстанга келерин, бул маселенин тагдыры “Датка” деп аталган элекр станциясы курулуп бүткөндөн кийин чечилерин, бүгүн өндөрүлгөн энергиянын киловатт-сааты Казакстанга 3 центтен сатылып жатканын кошумчалады.

Ушул эле санга “Апрелдеги айыпталгандардын соту аягына чыкпай калды” деген макала, анын катарына сотто күнөөлөнүп жаткан баланын атасы Алымбек Ниязовдун “Сот акыйкат чечим чыгарбайт” деп аталган маеги жарыяланды. Ал анысында:

- Биздин балдарды снайперлер деп коюшту. Бекназаров айткан чет элдик, жалданма снайперлер кана? Аларды эмне үчүн айтпайт? Бакиев чыгып кетип атканда аткылап кетти дегеничи? Алар кайда? Тейиттеги тишине чейин куралдангандарды эч кимиси айтпайт. Ошон үчүн бул сотту акыйкат өтөт деп ишенбейбиз, - деди.

Гезит бул сандагы бир бетин кечээ күнкү студенттердин майрамына арнады.

Гезит ээси Лариса Асанбекованын макаласы “Сулайман тоонун касиетин качырбайлы” деп аталат.

“Айат” жумалыгы менен аңгеме курган саясый серепчи Жыргалбек Касаболотов апрель окуясынын сабактарына токтолуп, кечээ күнү болгон сот жүрүшүнө өз көз карашын билдирди.

- Мейли сот процесси ачык болсун. Бирок сот өтүүчү жай жашыруун сакталып, процессти түз эфир аркылуу алып көрсөткөндө элге кыйла жеткиликтүү болмок, коопсуздук да сакталмак,-деп айтты Касаболотов.

Кыргыз эл артисти Чоро Думанаевдин маеги анын актердук өнөрүнүн сырларына, өткөн күндөрүнүн жакшы жактарына арналган.

Америкада калып калууга мүмкүнчүлүк болгонун, бирок ал жактын жашоо-шарты, тамак-ашы, чөп-чары жакпаганын, этин жесең кагаз жегендей болорун аңгемелеп берген манасчы Рысбай Исаковдун баяны да гезиттин ушул номурунда.

Нью-Йорктон Калифорнияга чейин кыдырып чыккан манасчы өмүрү “Манас” ким экенин угуп-билбеген эл аны кунт коюп укканына, дагы барып келүүгө бир катар долбоорлор түзүлгөнүнө токтолгон.

ЭлТР телеканалынын деректири Шайырбек Абдрахманов Кыргызстандын ар бир жараны төрөлгөндөн өлгөнгө дейре “шапка” же пара берип жүрүп күн өткөрөрүн өз көзү менен көргөнүн, маселен колуктусун төрөт үйүнө алып барып, врачтын көңүл кош, кайдыгер мамилесине дуушар болуп, ал анан 500 сом бере салары менен мамилеси өзгөрүп, жылуу-жумшак сүйлөп калганын, жогорку кызмат орундарын мындай кой, төрөтканаларда, бала бакчалар менен бардык окуу жайларында , деги эле Кыргызстан “шапка” бермей өлкөгө айланганын эске салган.
XS
SM
MD
LG