Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:48

Референдум өкмөттүн эмес - өлкөнүн тагдыры


КДКнын түзүлгөндүгүнө быйыл жыйырма жыл толду
КДКнын түзүлгөндүгүнө быйыл жыйырма жыл толду
“Форум” гезити “Баш мыйзамдын тушоосу Венециядан чечилеби?” деген аталыш менен жарык көрүп, Европа биримдиги Кыргызстанга Венеция комиссиясы аркылуу конституциялык реформаларга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиргенин, ошого байланыштуу өкмөттүн орун басары Өмүрбек Текебаев Италияда жүргөнүн кабарлады.

Журналист Баратбай Аракеевдин макаласы да Баш мыйзамга багышталып: “Конституция элдик болот” деген ат менен жарык көрдү. Автор макаласында биздин радионун дарегине да олуттуу сын-пикирин билдирип: “Азаттыктагы” кесиптештерге каалоо, бу жарыкчылыкта абсолюттук эркиндик деген болбойт. Кайчы пикир дегенге жамынып алып эле дайны жок тантык айткандарды байма-бай сүйлөтө берүү кажет эмес. Же силерде кыргыз өкмөтүнө каршы саясат жүргүзө турган жашыруун тапшырмаңар барбы? Эркин радио десе эле “сакалын кошо боептур” болбош керек!” Кези менен түндүк кимдики экендигин да эске алып турганыңар оңдур...” деп айтты.

“Кыргыз руху”
гезити укук коргоочу Качкын Булатовдун “Кыргыздын душманы-калыстыктан тайыган соттор” деген ат менен жарык көргөн макаласына орун берди. Булатов сот адилеттиги тууралуу ойлорун айтып келип, Кыргызстан ушул тапта эки айрылыш жолдо турганына, же өнүккөн мамлекет боло турган жолго түшөрүнө, же кайрадан мурдагы жолго кетип, Ооган талаасындагыдай жаңжалдуу өлкөгө айланарына токтолгон. Ал бүгүн так ушундай жолго коррупцияга желкесинен баткан чиновниктер менен Бакиевдин үй-бүлөлөрү түртүп атса, экинчи жагынан ушул жолго түшкөй эле деп айрым коңшулардын көздөрү кызарып турганын мисалга тарткан. Буга адилетсиз соттор айрыкча кошумча болуп атканын далилге келтирген.

Ушунун алдына эле “Кылмышкер соттордун жазасын ким берет?” деген макала басылды.

“Алиби”
гезитинин баяндамачысы Үсөн Касыбековдун “Башка ылаажы жок” аттуу макаласы легитимдүүлүк маселесине арналган. Баяндамачы макаласынын аягын:”Ошентип апрелден кийинки түзүлгөн саясый кырдаалга ылайык болочок бийликти мыйзамдаштыруунун бир гана жолу калат. Ал Убактылуу өкмөт жарыялагандай, адегенде жаңы Конституция боюнча жалпы элдик референдумду, андан соң парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрүү. Ошондо гана өлкө толук кандуу легитимдүү бийликке ээ болот. Убактылуу өкмөттүн референдум, шайлоолорду өткөрүү аракеттери Россия менен АКШ тарабынан колдоо тапты. Россиянын премьер-министри В. Путин: “Биз азыркы бийликтин легитимдүүлүгү дүйнө тарабынан ырасталган демейдеги процедура болгон шайлоолор менен бекемделишине кызыкдарбыз. Менин билишимче Кыргызстандын жетекчилиги ошол шайлоолорду өткөрүүгө камданып жаткан кези. Биз алар менен болгон кызматташуу диалогун кубаттайбыз жана колдойбуз” деп билдирди” деди.

Бул санга Алтынбек Борукеевдин “Максимдештирилген “Жерүй алтын кени” адилет чечилер бекен?” деген, баягы эле азаптуу алтын маселесин козгогон макаласы окурмандардын ой элегине салынды.

АКШда жүрүп кайтып келген ишкер, саясатчы Өмүрбек Абдрахмановдун маеги “Сөз эркиндигине чөгүп өлүшүбүз мүмкүн” деген ат менен тартууланды.

Журналист Мелис Совет уулунун "Агым" гезитиндеги макаласы болуп өткөн “Ысык-Көл – 2010” ХII Эл аралык жарманкедеги жолугушууга арналды. Ал жолугушууда көлдүктөр өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаевага облустагы көйгөйлөрдү болгонун болгондой эле ачык айтышканын, Бакиев кетип, кан төгүлгөнү менен облуста жашоо дагы эле оор экенин, врачтар кара жанын багыш үчүн малчы, дыйкан болуп атканын, балыкчылыктар болсо канчалаган жылдардан бери 8 чакырым алыстыктан электр насосу аркылуу сордурулуп алынган суу ичип, анча-мынча тапкан кирешелеринин көбүн сууга төгүп берип олтуруп калып аткандыктарын зар какшашкан.

Сүйлөгөндөрдүн бири кадр маселесиндеги башаламандыктарга токтолуп, маселен Жети-Өгүз районунда бүгүн 2 аким иштеп атканын, Бакиев убагындагы кошоматчылар эми азыркы бийликке кошоматтанып, элдин кыжырын кайнатып, ынтымакты ыдыратып, бийликти ичтен жеп киргенин, убагында Бакиевди мактай берип аны ошондой абалга жеткирген да эл ичиндеги дал ушул кошоматчылар болгонун белгилешкен.

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева өз сөзүндө азыр айрымдар жактап аткан 93-жылдын Конституциясы бүгүнкү саясый системага туура келбей калгандыгын белгилөө менен: “2010-жылы Жаңы Конституция болот. Бизде башка жол жок. Эгер буга добуш бербесеңер 2007-жылдагы Бакиевдин Башмыйзамына кайра келип түшөбүз. Бул жол өлкөнү кайрадан артка тартат. Эл референдумга каршы добуш берсе анда Бакиевсиз жашай албай тургандыгын көрсөтөт. Ошон үчүн жаңы Баш мыйзамды колдоо өлкө тагдыры үчүн өзгөчө маанилүү” деп айтты” деп жазды “Агым” гезитинин кабарчысы.

Көлдүктөрдүн Урмат Барктабасов боюнча суроосуна Роза Отунбаева “Ал Алмазбек Атамбаев же мени менен жолуккусу келет экен. Келсин, сүйлөшсүн, биз даярбыз. Иши ак болсо шайлоого катышууга тоскоолдук болбойт” деп жооп берген.

Жаңы жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезитине маек курган Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев Ала-Тоо аянтындагы массалык киши өлтүрүүлөр боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын, иш 15 томдон ашып калганын, 12ден ашуун адамга күнөө коюлуп, алардын 8и камакта экенин, криминалисттик экспертиза аяктаары менен жыйынтыгынын баарын калкка шардана болорун билдирген.

Ушул эле гезитке Кыргызстандагы алгачкы Демократиялык Кыймыл болгон КДКнын 20 жылдык тарыхы жөнүндө сөз болуп, анын ошол кездеги биринчи түптөөчүлөрү Жыпар Жекшеев, Казат Акматов, Токтобай Мүлкүбатов, Эдилбек Сарыбаев аңгемелеп беришкен.

“Кыргыз туусунан”
ошондой эле Кадамжайдын Пүлгөн кыштагындагылар ушул күнгө дейре сууну арыктагы аккан суудан ичип келаткан көйгөйүн, Жумгалдагы Кекилик уулу Жолдошбек атындагы мектептин мурдагы деректири Света Чокоеванын кызматтан мыйзамсыз алынгандыгы тууралуу жазган катын, ушул эле Жумгалдын Чаегинен өз үйүн өз бир тууган карындашы сатып жиберип, ай-талаада калган Жамалбек Чыйбыловдун арызын, Москва районунун Садовое айыл тургуну А. Абдыкадырованын чындык таппаганда чыркырап, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орунбасары Азимбек Бекназаровго кайрылуусу басылды.

Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы Калык Мамбетакунов баштаган коомдун бир катар мүчөлөрү Кыргызстандын калкын 27-июнда өтө турган референдумду колдоого чакырган.
XS
SM
MD
LG