1884-жылдын бул күнү Казанда жарык көргөн "Орусиянын археологиялык курултайынын эмгектери" («Труды IV археологического съезда России») жыйнагында Токмок шаарына жакын орун алган Бурана эстелиги туурасында маалымат жарыяланган. Макалада Бурана эстелиги жана анын курулушуна байланышкан уламыш, археологиялык табылгалар кең-кесири баяндалган. Илим адамдары Бурана чебинин курулушу туурасындагы уламыш жана анын сюжеттик мазмуну Мрамор деңизиндеге Леандра сепили жтуурасында айтылган уламыш менен окшоштугун белгилешип, кайсыдыр бир убакта анын Борбордук Азияга тарагандыгы жөнүндө көз карашын билдиришкен.
Бишкек (Пишпек) шаарындагы багбанчылык мектеби 1889-жылдын бул күнү кыргыз жеткинчектерин окуу жайга кабыл ала баштаган. Кийин ал айыл чарба мектебине айланып, андагы окуу программасынын уюшулушу, билим берүү деңгээли жана бүтүрүүчүлөрдүн сапаттык даярдыгы мекетептин атагын Түркстан аймагына тараткан. Аталган мектепте Казакстан республикасынын лидери, айтылуу саясий жана коомдук ишмер Турар Рыскулов окуган. Мектеп башында борбор шаардын Панфилов паркында орун алып, кийин ал шаардын түштүк тарабына көчүрүлгөн.
Михаил Фрунзенин Бишкектеги үй-музейи 1947-жылы уникалдуу экспонаттар менен толукталган. Полководецтин мурдагы адъютанты С. Сиротинский бул күнү музейге Михаил Фрунзенин китептери менен брошюраларын белекке берген.
СССР министрлер советинин төрагасы А. Н. Косыгин 1974-жылдын 31-октябрында Кыргызстанга иш сапары менен келген. Совет өкмөтүнүн башчысы Кыргыз ССРинин 50 жылдык салтанатына катышып, республика аймагында орун алган өнөр жайларда болуп алардын иши менен таанышып, иш ыргагына ыраазчылыгын билдирген. Республика жетекчилери А. Н. Косыгиндин республикага келиши менен өндүрүш маселесине байланышкан бир канча маанилүү маселелердин оѕ чечилишине өбөлгө болгондугун белгилешкен.
Атактуу баатыр Ажыбектин 200 жылдыгы жана айтылуу акын Казыбектин 100 жылдыгы 2003-жылдын 31-октябрында Нарын жергесинде зор салтанат менен белгиленди. Майрамдык салтанатка келгендер, тарыхый инсандарга арналып Нарын шаарында орнотулган эстеликтин ачылыш урматына күбөө болушкан.
Бул күнү, 1902-жылы Канада Тынч океан аркылуу Австралияга биринчи телеграф кабелин тартып, 1632-жылы голланд сүрөтчүсү Ян Вермеер, 1795-жылы англис акыны Джон Китс, 1854-жылы норвегиялык саякатчы Отто Свердруп, 1875-жылы армян жазуучусу Аветик Исаакян, 1936-жылы саясатчы Гавриил Попов, 1943-жылы француз ырчысы Сальваторе Адамо жарык дүйнөгө келген.