Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Прокуратура коррупцияга, диний экстремизмге каршы күрөштү күчөтөт


2008-жылы диний-экстремизм боюнча Ноокат районунда 32 жаран айыпталып, алды 20, арты 9 жылдан кесилди.
2008-жылы диний-экстремизм боюнча Ноокат районунда 32 жаран айыпталып, алды 20, арты 9 жылдан кесилди.

Баш прокуратура 2008-жылдын жыйынтыгын чыгарып, алдыдагы милдеттерин тактады. Коомдук-саясий чөйрөнүн бир бөлүгү болсо прокуратура мыйзамга эмес, бийликке кызмат кылып калды деп сындап келатат.

Прокуратуранын жылдык ишмердигин талдалаган коллегияга тармактын аймактардагы бардык жетекчилери катышып, аны баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев өткөрдү. Коллегиядан кийин таратылган маалыматка караганда өткөн жылы прокуратура тармагы мамлекеттин стратегиялык кызыкчылыктарын, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону артыкчылыктуу башкы багыт деп санап, ушул нукта иш алып барды. Былтыр жалпысынан прокуратура ар кайсы тармактарда мыйзамсыз чыккан 601 чечимди жокко чыгарган, мамлекетке келтирилген 319 млн. сом чыгымды мамлекетке кайтарган.

Ар кандай жагдайларда мыйзам бузду, анын ичинде коррупциялык иштерди жасады деген негиз менен прокуратурада 1275 кылмыш ишин козголгон. Алардын ичинде 77 тартип коргоо кызматкери сот жообуна тартылышкан. Ушул өңдүү жоон топ фактылар коллегия отурумунда мыйзамга көзөмөл жүргүзүүдөгү олуттуу иштер катары бааланды.

Анткен менен коомдук-саясий чөйрөнүн кыйла бөлүгүндө прокуратуранын ишмердүүлүгү оң баага арзыган жери жок. Айрыкча оппозициялык ишмерлерге каршы козголгон кылмыш иштер прокуратураны мыйзамдын эмес, азыркы бийликтин сакчысы катары
көрсөтүүдө. Мындай пикирин коомчулукка айтып келаткан саясатчылардын бири, мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров:

- Башкы Прокуратура президенттин жана анын үй-бүлөсүнүн тапшырмаларын 150 процентке аткарып атат.

Буга чейин уюштурулган маалымат жыйынындарынын биринде Бекназаров мурдагы министрлер Исмаил Исаков, Аликбек Жекшенкулов, “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев өңдүү оппозиция лидерлерине каршы кылмыш иштерин башкы прокуратура бийликтин каалоосуна ылайык козгоду деп билдирген. Коллегиядан кийин “Азаттыкка” берген интервьюсунда Башкы прокурордун биринчи орун басары Сумар Насиза мындай дооматтарды төгүндөдү:

- Мен жоопкерчиликти алып туруп айтаарым: аткаминерлерге каршы козголгон бардык иштер – алардын ишиндеги укук бузуулар менен байланыштуу. Бул жерде эч кандай саясий кыйкым жок. Күнөөсү болсо тартат, күнөөсү жок болсо биз күнөөсүз деп чечим кабыл алабыз.

Анткен менен Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын пикиринде прокуратура өзүнүн мыйзамга кесипкөй, тигил же бул тарапка көз карандылыгы жок, таза кызмат кылып жатканын далилдей элек:

- Маселен, бийлик ичинде деле коррупцияга каршы чындап күрөшкөнүн көргөн жокпуз. Бир-эки жасалма майда кызматкерлерди кармаганын угуп атабыз. Накта коррупцияга малынган, бийликте турган аткаминерлердин кармалганын көргөн жокпуз ошол эле коррупциячы аткаминерлер бир министрликтен экинчисине ооп жатканын көрүп атабыз. Прокуратурадан бул багытта элге угулган, көрүнгөн чоң иштерди байкай элекпиз.

Укук коргоочулар башкы прокуратура чуулгандуу иштерди деле бир жаңсыл чечпей, көңүл сыртында калтырып келатат деп сындашууда. Укук коргоочулардын белгилегендерине караганда киши колдуу өлгөн журналист Алишер Саиповдун, дайынсыз жоголгон Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шаботоевдин, башка депутаттын уулу Бахтияр Амиражановдун, мурдагы ЖК төрагасы Өмүрбек Текебаевге байланышкан “матрешкагейт” иштери, Аксы окуясы өңдүү иштерге прокуратуранын көзөмөлү байкалган жери жок. Булардан тышкары Токтайым Үмөталиева Кыргызстандагы мыйзам сакчысы менчикти тартып алууга каршы күрөшпөй жатат дейт:

- Мен беш-алты ишкердин коомдук коргоочусу катары менчик мүлкүн тартып алуу боюнча бир топ эле иштерди көрүп атам. Ушул иштерге кайрылганды мен көргөн жокмун.

Башкы прокуратура болсо өз кезегинде коллегияда менчикке укукту коргоо жаатындагы мыйзамдарды сактоо быйылкы жылы артыкчылык бере турган башкы багыттардын бири экендигин белгиледи. Ошондой эле быйыл прокуратура коррупцияга каршы күрөштү күчөтөт:

- Мамлекеттик кызматкерлердин арасында коррупцияга каршы жетишсиз күрөшүп жатабыз. Биз кээде анча мааниси жок кылмыш иштерин козгоп, коррупциячылар четте калып атат. Биз быйыл ошондуктан буга көңүл бөлүп, коррупциячы жооп бериш керек деп, муну так аныктадык.

Баш прокурордун орун басары Сумар Насизанын билдиргенине караганда прокуратура тармагы ошондой эле быйыл диний экстремизге каршы күрөшкө, жер жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышына көзөмөлдү күчөтөт.


  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG