Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Жалал-Абат: Депутаттын уулу табылбаса жол тосулат


Жалал-Абат облусунун «Винсовхоз» айлында 6-майда нааразылык жыйыны болуп өттү. Жыйындагылар депутат Жусупжан Жээнбековдун ишкер уулун издөө ишине канааттанган жок. Алар Бактыяр Амиражанов табылбаганы үчүн ички иштер министри Молдомуса Конгантиев менен улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Мурат Суталиновдун кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Жээнбековдун баласы 1-июнга дейре табылбаса, Көокарт-Жалал-Абат автоунаа жолун тосула турган болду.

Сузак районундагы «Винсовхоз» кыштагына чогулгандар ишкер Бактыяр Амиражановдун 24-октябрдан бери табылбай жаткандыгына кабатыр болушту. Алар Ички иштер министрлигинин ишине канааттанбай, издөө иштеринин начардыгын белгилешти. Депутат Жусупжан Жээнбековдун аталган уулу табылбай турган болсо, 1-июндан тарта облус борбору менен Көк-Арт өрөөнүн байланыштырган жол жабыла турган болду. Жээнбековдун жердештери президенттик шайлоого да катышпай тургандыктары жана тармактык министрлерди бошотуу талабы менен президентке кайрылуу кабыл алышты.

-Биз министр Конгантевди жана Суталиновду кызматтан кетсин деп талап кылабыз. Эгер талабыбыз аткарылбай, булар биздин сурообузга кайдыгерлик менен мамиле кылчу болсо, Көкарт жолун тособуз. Бактыярды таап бергиче жолду ачпайбыз! Урматтуу президент, урматтуу министр буга дейре биз нечен жолу суранып келдик, Жалал-Абатта козголон чыкпасын деп чыдап келдик! Эми талап кылабыз, биздин балабызды тирүүлөй таап бергиле!,- жыйынды алып барган Социал-демократиялык партиянын облустагы координатору Батырбек Абдразаков.

Жыйындагылар анын ушул талабын кубаттап, дүркүрөтө кол чабышты.

Облустук ички иштер башкарма башчысынын 1-орунбасары Мелис Шералиев өз кезегинде жол тосулса мыйзам бузулаарын эскертүү менен маселени тынчтык жолу аркылуу чечүүнү сунуш кылды. Анын айтымында, облустун тартип сакчылары депутаттын уулун район-шаарлардагы шектүү саналган бардык көлдөрдүн жээктерин кыдырып, короо- сарайларды тинтип, ээсиз калган үйлөрдөн өйдө издеген. Кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү деп күмөндөлгөн адамдардын үй-машиналары текшерилген. Издөө иштерин укук коргоо органдары Бишкек тарапта да жүргүзүп жатат.

Тартип коргоо органынын өкүлү билдирген маалыматка дайынсыз кеткен жигиттин атасы Жусупжан Жээнбеков муюган жок. Депутат баласын Орусиянын бир нече шаарлары менен Казакстандан, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан жана Тажикстанда издеген.

Бактыяр Амиражанов Москвада эмгек көчкүндөрүн башын бириктирген «Биримдик» аттуу коом түзгөн. Анын жетегиндеги коом Талас жана Жалал-Абат облустарында көпүрө, мектеп, мечит куруп, ооруканаларга жардам берген. Март ыңкылабында Көк-Арт өрөөнүндөгүлөрдү жетектеп, президенттик шайлоого да үлүш кошкон. Төрт куралчан адам уурдап кеткенин көргөн күбөлөр болгону менен ишкердин табылбай жатканы таң калыштуу:

-Кагазда айтылган сөз – болбогон иш. Өзүм баш болуп издедим. Милициянын ичинде таза, туура иштеген адамдар көп. Бирок жетекчилеринин кайдигерлиги, 15 адам менен барганымда Конгантиев «балаңызды таппасам, иштен кетем» деген. Март ыңкылабында баарыңар турдуңар, ошо Бактыярдын да март ыңкылабында, президенттик шайлоодо үлүшү бар. Баламды кимден болсо да сурап алганга күчүм жетет. Жогорку Кеңеште «баласын атасынан сурагыла» деген сөзү үчүн ички иштер министри М.Конгантиевди сотко берем, - деп айтты депутат Жусупжан Жээнбеков.

Бактыяр Амиражановдун тагдырына кабатыр болгондор жыйналууга камынгандан бери милиция ар кимди сурап жүрдү. Анын бала кездеги мугалими Роза Эгембердиева кээ бир кызматкерлер президентти элге жаманатты кылып жатканын, өлкөдө кылмыштуулук өсүп бараткандыгына тынчсызданды:

- Кыргызстан кылмыштуу өлкөгө айланып баратат. Биздин балабыз менен кошо депутат Шаботоев жоголду. Кечээ жакында дагы бир депутатты атып кетишти. Милициянын отчету менен кылган иши дал келбейт. Биз ыраазы эмеспиз. Атасынан сурап алгыла деген сөзү үчүн Конгантиев жооп берсин. Минте берсе, эртең биздин көргөн күнүбүз не болот? Балдарыбыз менен биздин укугубузду ким коргойт. Бактыяр качан табылат?

Баласы жоголгондон бери Суусар Сыдыковада уйку жок. Орусияда иштеп жүрө берсе, уурдалып кетпес беле деп ыйлаган аял эли-жериме иштеп берем деп келген уулунун тагдырына сыздап- муңканды:

-Бирөөгө жамандыгы жок болчу, баламдын. Балам качан табылат? Бакиевден, Конгантиевден суранам, баламды тапканга жардам бергиле! Депутатты атып өлтүргөндү эки күндө таптыңар го, ошентип менин Бактыярымды да таап бербейсиңерби? Жакшыраак издесе болот эле го! Москвада он алты жыл иштеди, же орусу же немиси, бирөөсү тийген эмес. Кыргызстанга келип, эли-жерим үчүн иштеп берсем деген баламды билгендер эле күп-күндүзү эле алып кетти. Чырактай баламды таппай калдым…Апа деп үйгө кирип келер болсочу? Апа деген үнүн угар бекем? Төрт баласы чырылдап ыйлап атат, быякта.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG