“Жашылдар” партиясынын өкүлү Назира Абдылдаеванын айтымында, жергиликтүү бийлик тараптан болгон тоскоолдуктар митингге чейин эле күч алган. Өзгөчө БЭКтин талаптары жазылган баракчаларды таратып жүргөндөр бир нече ирээт кармалып, алар ар кандай өлчөмдөгү айып төлөөгө аргасыз болушкан.
Беловодск айылында болгон митингге четки айылдардан келе жаткандарды жолдон тосушуп, район борборуна жөнөтпөй коюшкан. Аким баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 26-март күнү Москва районунун дээрлик айылдарын кыдырып, митингге чыкпоо туурасында эскертүү бергени туурасында “Болуш” ассоциациясынын жететкчиси Сапар Аргынбаев “Азаттыкка” маалымат берди.
Өзгөчө Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы митингге эл өтө арбын чогулган. Жайыл менен Панфилов райондорунда нааразылык акциясынын уюштуруучуларын жергиликтүү тартип коргоо кызматкерлери кармап кетишип, митинг өтпөй калган. Бирок мындай маалыматты райондук бийлик өкүлдөрү четке кагышты.
Чүй облустук администрациясынын басма сөз катчысы Айнура Темирбекова “27-марттагы акциянын катышуучулары өтө көп мыйзам бузууларга жол беришкен, ага карабай жергиликтүү бийлик митинг өткөрө турган аянтты бөлүп берди”,- деп билдирди “Азаттыкка”.