Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Жалал-Абадда жаатташкандар жараша баштады


Элдешүү жыйынында улуттар аралык ынтымакты чыңдоо үчүн эки улуттун алты өкүлү достоштурулуп, аларга демилгечи топтун эсебинен ак калпак менен ак чепкен кийгизилди. Жалал-Абад, 17-июнь.
Элдешүү жыйынында улуттар аралык ынтымакты чыңдоо үчүн эки улуттун алты өкүлү достоштурулуп, аларга демилгечи топтун эсебинен ак калпак менен ак чепкен кийгизилди. Жалал-Абад, 17-июнь.

15-июнда Жалал-Абад шаарында облустагы эки улутту элдештирүү түлөөсү өтүп, мындан ары улуттар аралык жаңжалды болтурбоо үчүн ар бир көчөдө элдик кошуун түзүү, жаштарды башаламандыктарга катыштырбоо сунуштары айтылды.

Облустун район-шаарларынан келген 4 миң адам катышкан түлөөдө Жалал-Абадда өткөн күндөрү болгон баш аламандыктарда каза тапкан адамдардын арбагына куран окулду. Эки бука союлуп, келгендерге тамак-аш тартылды.

Жалал-Абаддагы жыйырма-отуздай ишкер адам улуттар аралык ынтымакты чыңдоо максатында түлөө өткөрүү демилгесин көтөрүшкөн. Демилгечи топтун башчыларынын бири Сали Ташбаев өткөн аптадагыдай чыр-чатактардын алдын алуу үчүн элди алдабоо жагына токтолду:

Жалал-Абаддагы элдешүү жыйыны, 17-июнь.
- Достоштуруу аземин уюштуруп бергиле деп элдер өзү бизден суранды.

Эл ичинде Жалал-Абаддагы бүгүнкү тынчтыкка али толук ишеним жок. Көпчүлүктү эртеңки күндүн тагдыры менен түлөөдө козголгон ой-пикирлер облустагы ар бир кишиге жетеби, жаңжалдарды болтурбоого өкмөттүк күчтөрдүн кудуреттүүбү деген суроолор ойлонтууда.

Ушундай собол менен облус коменданты Кубатбек Байболовго кайрылган Эркин Бегимкулов өзүн-өзү коргоо топторун уюштурган Сузак айылын күбөгө тартып, Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүндө да демилгелүү элдик кошуундарды жана комендант алдында элдик кеңеш уюштурууну сунуш кылды:

- Биздин аскерлер жетишпейт. Ошолорго чыгып жардам бербейлиби. Кошуундарды түзбөсөк болбойт. Ушул жерге келгенде тынчтыкты каалайбызбы, каалай турган болсок кайдыгер калбайлы. Бирок өзбектин үйү күйгөн болсо, кыргыздан көрбөгүлө, кыргыздын үйү күйгөн болсо өзбектен көрбөгүлө. Менин үйүм күйүп кетти, мен өзбектен, же кыргыздан көрбөйм. Мен Алладан көрөм. Алла биздин кайдыгерлигибиз үчүн, биз көөп кеткендигибиз үчүн, кайыр садага кылбаганыбыз үчүн, зекет бербегенибиз үчүн бизге Алла өз жазасын берип атат.

Эч бир улутка жаңжалдын кереги жок. Тынчтык менен биримдик ынтымакка бардыгы муктаж. Сузак районунан Кимсанбай ажы ата-энелерди Жалал-Абаддагы тополоңдо жаштар талап-тоногон буюмдарды кайтарып берүүгө жана балдарын митингдерге чыгарбоого үндөдү. Анын болжолунда, буга чейинки тополоң бийлик башчылардын туура эмес саясаты менен жаштарды жакшы тарбияланбагандыктан келип чыкты. Ал чыр-чатактардын алдын алуу үчүн ар бир көчө жашоочулары менен сүйлөшүү жагын сунуш этти:

- 90-жылдан бери эгемендүү республика болдук. 20 жылдын ичинде эки падышабыз бала-чакасы, кыздары болуп адилетсиз, инсапсыз болуп, байлыкка берилгенден бизде ушундай болуп отурат. Анын ичинде чиновниктер да бар. Байлык, бийлик насип кылдыбы, бул элдин акчасы. Элге тиешелүү байлыктарды алып мына акыбал ушундай болуп отурат. Өзбек, кыргызга айландык. Ушунун кимге кереги бар?

Жалал-Абад шаарынын имамы Аллаяр ажы түлөө уюштургандарга ыраазы болуу менен нечен адамдардын өлүмүнө шыкак болгондор жазасыз калбай тургандыгына ишенээрин айтты:

- Алла Таала "Чагымчылардын бара турган жери – тозок" деди. Ошол чагымчылар менен ушакчылар бири-бирибиздин ынтымагыбызды бузуп, ушул күндү башыбызга салды.

Башаламандык орун алган Базар-Коргон районунда да кечээ ынтымакты калыптандыруу түлөөсү уюштурулган. Райондун тургуну Мансур молдо баш аламандыктарды унутуп, кыш-күрөөгө камынуу жагын эстетти:

- Бардыгыбыз ынтымакка келип, бирге болуп, талаачылык иштерди улантып, кышка даярдыкты көрөлү. Бала-чакабызды жакшы багып, тынч жашашты каалайлы. Элибизди кандайдыр бир күчтөр келип бөлүп кетти.

Облустун коменданты Кубатбек Байболов өткөн калабада чагымчылардын кесепетинен курман болгондордун ата-энелери менен туугандарына көңүл айтып, алар менен жарадарларга өкмөт жактан колдоо болоорун айтты. Ал Жалал-Абаддагы окуяларга эски менен жаңынын тирешүүсү деген баасын берди:

- Бийлик эңсеген чагымчылар айрым эл бузарларды пайдаланып, бизди кандай апаатка алып келди, кандай адамдар, жаштар, карылар курман болду. Мен сиздерден бир гана нерсени сурайм, ошол бийлик талашкан чагымчылардын куралына айланбагыла, алданбагыла. Кудайым буюрса жаңы заман келет, бийлик түптөлөт, дайыма эле ушинтип олку-солку болуп турбайт.

Түлөөнүн башталышы менен аягында май-июнь күндөрү башаламандыктарда шейит кеткендердин арбагына куран окутулду. Улуттар аралык ынтымакты чыңдоо үчүн эки улуттун алты өкүлү достоштурулуп, аларга демилгечи топтун эсебинен ак калпак менен ак чепкен кийгизилди.

Жалал-Абад: жаатташкандар жараша баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:48 0:00
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG