Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:48

Мелис Мырзакматовдун тарапкерлеринин талабы


Ош шаарынын борбордук аянтына мэр Мелисбек Мырзакматовдун жактоочулары митингге чыгышты. Ага адегенде беш жүзгө чукул адам чогулуп, кечке жуук акциячылардын саны эки минден ашты. Алар жогорку бийликтин Мырзакматовду жумуштан бошотуу аракетин катуу айыптап жатышат. Ошол эле учурда Бишкек бул боюнча ачык пикирин билдире элек.

Нааразылык акциясынын катышуучуларынын айтымында, борбордук бийлик түштүк башкаласынын мэри Мелисбек Мырзакматовду жумушунан бошотуп, анын ордуна башка кишини дайындоо камын көрүп жатыптыр. Алар мындай аракет токтотулбаса, Президент Отунбаеванын отставкага кетүүсүн талап кылышаарын ачыкташты.


Ош шаарында жашаган мугалим Гүлзат Кудайбердиева оюн мындайча билдирди:

- Себеби башыбыздан өткөн окуялар бардыгыбызга белгилүү. Ошол учурда биздин карманып, тутунуп, ишенип, жөлөнөр таягыбыз Мелис Мырзакматов болуп турган. Тополоңго чейин жакшынакай эс алуучу жайларды, какырап чөл болуп жаткан жерлерди гүлдөтүп, жаштарыбыздын билим алыш үчүн шарттарды түзүп, жакшы нерселерди аткарды. Канча миңдеген студенттер келет, ошолор келгиче бул нерселерди басып токтотуп коюш керек. Биз кайрадан кан төгүлүүнү, кайрадан энелердин ыйлашын каалабайбыз.

Ал эми Кара-Суу районунун тургуну Гүлнара Кадыралиева буларга токтолду:

- Мырзакматовдун жакшы иштегенин Ош шаарындагылар эле эмес Ош облусу боюнча бүт райондор билет. Роза Отунбаева эмне себептен иштен алып атканы жеке эле мага эмес, бүт элге түшүнүксүз. Күнөөлөрү болсо мойнуна коюп, Роза Отунбаева элдин алдына келип өзү жооп берип кетсин, болбосо элдин бары төңкөрүшкө чыгат.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Таалай Сабиров Мелисбек Мырзакматов менен телефон аркылуу байланышкандыгын, ал Өкмөт өкүлдөрү менен сүйлөшүп жаткандыгын, жыйынтыгын кийинчерээк жарыялай тургандыгын айтып, акциячыларды тынчтандырууга аракеттенди. Бирок митингичилер оң жооп болмоюнча тарабастыгын, алардын катарын шаар-райондордон келген дагы миндеген жарандар толуктай тургандыгын жар салышты.

- Азыркы күндөрдө мен интернеттен маалымат алып атам. Мэр Мелис жөнүндө ачык эле жазып атышат. Өкмөт Мелисти иштен алыш керек болуп, алалбай калса, анда өкмөттүн элдин алдында аброю кетет, бир адамга күчү жетпесе анда өкмөт өкмөт болбой калат, эл өкмөткө ишенбей калат.


Оштук укук коргоочу Равшан Гапиров мундай шартта чабалдык кылгандыгы үчүн кыргыз өкмөтүн айыптады:

- Акыркы күндөрдө мен интернет маалыматтарын алып атам. Мэр Мелис жөнүндө ачык эле жазышып атат. Өкмөт өзү Мелисти иштен ала албаса, өкмөттүн элдин алдында аброю кетет. Бир адамга күчү жетпесе, анда өкмөт өкмөт болбой калат, ага эл да ишенбей калат.

Мелис Мырзакматов

Мелисбек Мырзакматов экс-президент К. Бакиевдин тушунда "Ак Жол" партиясынын тизмеси менен парламентке депутат болгон. Андан кийин Ош шаарына мэр болуп дайындалган.

7-апрель окуясынан кийин М. Мырзакматов Ошто өзүнүн колдоочуларына таянып, Убактылуу өкмөттүн убактылуу тилин таап, кызматында калып калган.

Июнь айында Ош шаарында болгон кан тополоңдон кийин бир катар жергиликтүү ишмерлер жана эл аралык уюмдар мэр Мелис Мырзакматовду улутчул деп айыптап, анын жоопкерчилигин кароо жана кызматтан алуу жөнүндө маселени көтөрүп чыгышкан. Президент Роза Отунбаева өз кезегинде мындай талаптарга "бул өтө татаал маселе" деп туюк жооп кайтарган.

Ош мэринин тарапкерлеринин митинги
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00

XS
SM
MD
LG