Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Ыйык Орозо айы башталды


21-августта мусулмандар үчүн ыйык Орозо айы башталды.

Ыйык орозонун келиши менен Кыргызстан мусулмандар муфтийи Мураталы-ажы Жуманов эли-журтубузду куттуктап өттү:

- Урматтуу мусулмандар, баарыңыздарды кирип келген касиеттүү рамазан айы менен чын ыкластан куттуктаймын! Бул – тазалыктын, аруулуктун, берекенин айы. Бул айда мүмкүнчүлүгүбүздүн болушунча орозо кармап, Алла-Тааланын алдында пендечилик милдеттерибизди аткаралы. Бири-бирибизди кечиришели.

Ал эми белгилүү мусулман дин ишмери Садыкжан-кары Камалиддин быйылкы орозонун башталышы жума күнгө туш келгендигинде өзгөчө маани бар деп эсептейт. Күндөрдүн улуу күнү –жума күн. Айлардын улуу айы – рамазан. Анын башталыш күнүнүн жума күнгө туш келиши – эли-журтубузга өзгөчө ири өсүш, жалпыбызга жакшылык келерин каңкуулап турат дейт ал.

Садыкжан-кары Камалиддин отуз күндүк орозонун ошо орозо кармаган адамдарга тийгизчү сынаакы пайда-касиеттерине жана орозо убагында пенденин аткарчу милдеттерине да токтолду:

- Орозо кармаган – ден-соолукка да пайда, напсини ашыкча агытпай, туура кармап жүрүүгө, эркти чыңдоого, сабырдуу болууга көнүктүрөт. Ал эми орозо учурунда мусулмандар кайыр-садага берүүгө, оорулуулардан кабар алууга, уруш-жаңжалдан алыс жүрүүгө. Денесин, жан дүйнөсүн таза кармоого милдеттүү.


Коомдук ишмер Иманберди Жалилов болсо мусулманчылык менен орозонун кыргыз жерине келгенине 1300 жылдан ашты деген пикирде. Ага Ала-Бука районундагы Сафид-Булан, Аксы районундагы Пача-Ата ж. б. эстеликтери далил.

Орозо айт 20-сентябрда болорун, андан туура 70 күндөн кийин Курман-айт келерин эскерте кетели.
XS
SM
MD
LG