Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:06

Мусулманга орозо кармоо парз


Бүгүн 30 күндүк орозонун алдыңкы күнү болгон арапа, же четтик күнү. Буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна “Адеп башаты” корунун мүдүр жардамчысы, Египеттеги Алиаскар университетинин бүтүрүүчүсү Аскарбек Акимбай жооп берди.

- Бүгүнкү ыйык орозо айынын алдыңкы күнү болгон арапа күнүндө дин боюнча эмнелерди кылуу керек?

Аскарбек Акимбай уулу: Мээримдүү Алла Тааламдын атынан баштайын. Алгач барыңыздарды, өзгөчө кыргыз элимди кирип келген Рамазан айы менен куттуктап кетмекчимин. Алла таала бизге ушул ыйык Рамазан айы менен кут, берекени алып келген болсун, эл-жерибизге ынтымак, ырыскыны алып келген болсун.

Бүгүн, Кудай буйруса, кечинде арапалык деп биринчи намаз окуйбуз. Бул Рамазан айы кирип келүүсү менен пайгамбарга, чын көңүлдөн ыклас менен Рамазанга ишенип, сүйүнгөн болсо, кубанган болсо, орозосун кармаган болсо Алла таала күнөлөрүн кечирет дейт. Демек Рамазан айынын кирип келүүсү менен көп жакшы иштерди аткаруу биздин үрп-адатыбызда да бар, бул иштерди аткарышыбыз керек. Өзгөчө куран окуп, кой союп, ушул салттарыбызды кылуу туура деп кабыл алынган.

- 30 күндүк орозонун шарттары тууралуу айта кетсеңиз, кимдер орозо кармайт, кимдер кармабаса болот?

Аскарбек Акимбай уулу: Биринчиден, жашы жеткен балдар болуш керек, акыл-эси жайында болуш керек, мусулман болуш керек жана сапарга чыкпаган болуш керек. Эгерде сапар кыйынчылык туудурбай турган болсо, анда кармаса болот. Ошондой эле орозо мезгилде өзгөчө аялдар этек кири келген кезде орозо кармоосу арам болуп эсептелет. Орозону бузуучу абалдар бул адамда болбош керек, тактап айтканда, жегенден-ичкенден алыс болуу жана ошондой эле үй-бүлөлүк мамиледен, катнашуудан алыс болуш керек. Ушул шарттар менен кабыл болот.

- 30 күндүк орозонун маанилери тууралуу да айта кетсеңиз. Эмне себептен бул орозону кармоо парз?

Аскарбек Акимбай уулу: Бул динибиздин беш парзынын бири болуп эсептелинет. Тактап айтканда намаз, ажылык сымал жылына бир жолу келген Рамазан айында орозо кармоону Алла таала бизге парз кылган.

Бул орозодо Аллахтын бизге берген өтө көп данышман сырлары, хикматтары, нематтары бар экен. Рамазан айында орозо кармоодо ар бир инсандын, пенденин кылган амалдары өзүнө кандайдыр бир пайдасы бар дейт. Мисалы, намаз окуса, же ажылыкка барса. Ал эми Рамазанда орозо кармоо бул бир гана мен үчүн дейт, анын сообун мен гана берем дейт. Себеби бир адам намаз окуса, ал адамды адамдар көрүп, бул намаз окуйт, ажыга барса ажыга барыптыр дейт. Бирок орозо кармаганы, же кармабаганы билинбейт дейт. Буд адам менен Аллахтын ортосундагы бир сыр дейт. Ошондуктан мунун сообун периштелер алып түгөтө албайт, анын сообун мен гана бере алам дейт.

Хадисте пайгамбардын айткан жакшы сөзү бар экен. Орозо кармаган кезинде оозунан чыккан сасык жыты да Аллахтын алдында бейиштеги жыпар жыттардан жогору турат дейт. Демек бул Рамазан айында кылынган жөнөкөй иштер да, бир адам жетимдин башын сылап коюш да бул чоң сооп болуп эсептелинет экен.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG