Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:19

“Диний экстремисттик уюмдар басаңдады”


Ноокатта былтыр Орозо айтта тополоңдо кармалгандар диний экстремизм боюнча айыпталууда
Ноокатта былтыр Орозо айтта тополоңдо кармалгандар диний экстремизм боюнча айыпталууда

ИИМдин тогузунчу башкармалыгынын кызматкери Эмил Жээнбеков Кыргызстандагы диний экстремисттик соңку жагдай тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

Эмил Жээнбеков: - Азыркы мезгилде айрым эл аралык уюмдар Кыргызстанда диний экстремизмдин күчөгөнүн, мындай уюмдардын мүчөлөрүнүн санынын көбөйгөнүн айтып жатышат.

90-жылдардын ортосунан бүгүнкү күнгө чейин биздин орган жер-жерлерде диний экстремизмдин пайда болушу жана өнүгүшү боюнча такай иш алып барат. Ошондуктан биз жүз пайыз дебейли, сексен-токсон пайыз кырдаалды көзөмөлдөп турабыз. Хизб-ут-Тахрир болобу, же дагы башка экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнүн көбөйүп же азайганы боюнча байкоолорубуз бар. Бүгүнкү күндө мындай уюмдардын мүчөлөрүнүн көбөйүшү катталган жок. Тескерисинче басаңдап жатат. Ошол эле мезгилде динчил аялдардын радикалдык уюмдарга кирип жаткан учурлары да көбөйгөн жок.

Экстремисттик уюмдардын иш-аракеттеринин бир аз басаңдашы бир нече себептерге байланыштуу. Биринчиден, диндин өнүгүшү. Мисалы 90-жылдардын башында, Советтер союзунун идеологиясы талканган мезгилде дин бизге жаңы келбедиби. Дин жаңы келгенде адамдардын айрымдары түшүнбөстүктөн ар кандай диний экстремисттик уюмдарга кирип кеткен учурлары көп болгон. Азыркы мезгилде салттуу диндин өнүгүүсү менен кээ бир экстремисттик уюмдар өзүнүн идеологиясын элге жайылтуу аракеттери басаңдады.

Экинчиден, биздин тартип коргоо органдары, мамлекеттик структуралар да диний экстремизмге каршы иш-аракетттерин жакшыртып жатат. Ошондой эле мыйзамдарыбыз керектүү инструменттер менен толукталды. Жер-жерлерде түшүндүрүү иштеринин жүргүзүлүшү, салттуу диндин нугуна түшүүсү – бул иштердин баары диний экстремизмдин басаңдашына алып келди.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Кыргызстанда диний радикалдык уюмдарга мүчө эркектер көбүнчө көмүскө иштер менен алектенип, ал эми аялдар, өзгөчө боюнда бар, же жаш баласын жетелеген аялдар баракчаларды таратып, үгүттөө иштерине активдүү катышаары айтылууда. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

Эмил Жээнбеков: - Бул өзгөчө маселе. Эгерде дүйнөдө болуп аткан окуяларды карсак, экстремисттик-террористтик уюмдар аялдарды колдонушат. Бирок Орто Азияда, балким бул ушул чөлкөмдүн өзгөчөлүгү болуш мүмкүн, бизде аялдар көбүнчө үйдө отурушат. Бизде мындай уюмдардын аялдарды өтө активдүү пайдаланганы тууралуу фактылары жок.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Бирок кездешет да?

Эмил Жээнбеков: - Ооба кездешет, фактылар бар. Аялдар ушундай кылмыштуу, мыйзамга төп келбеген иштердин үстүндө кармалган учурлар бар, жок эмес. Бирок массалык түрдө колдонуу жок. Экстремисттик уюмдардын иштеринде аялдар бир пайыздык гана иш алып барат деп айтса болот.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Бейрасмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Хизб-ут-Тахрир уюмунун сегиз миңдей мүчөсү бар экени айтылат. Сиздердин эсеп боюнча кандай?

Эмил Жээнбеков: - Биздин тартип коргоо органдарынын көзөмөлүнө түшкөн Хизб-ут-Тахрир уюмунун бир жарым миңдин тегерегинде активдүү мүчөсү бар. Азыр биздин кызматкерлер ар бир региондо бар. 90-жылдардан бери кызматкерлербиз бул кырдаалды үстүнөн иштешет. Ар бир айылда болобу, шаардабы, райондордо болобу, биздин кызматкерлер Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөлөрүн ар бирин билет. Алардын байланыштарын да билет. Ошондуктан биз токсон пайызга жакын диний экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алганбыз.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Он беш жылдай убактан бери мындай уюмдарга каршы жүргүзгөн иш-аракеттериңиздер оң натыйжасын берип жатканын айтып жатасыз. Ушул убакыт аралыгында диний экстремизм боюнча айыпталган канча адам камакка алынып, жоопко тартылды?

Эмил Жээнбеков: - Азыркы мезгилде менде так маалымат жок. Биздин атайын стартистикалык бөлүмдөр бар. Аларга караш керек. Бирок бүгүнкү күнгө чейин биздин укуктук база бир аз либералдуу болгон. Азыр болсо диний экстремизмдин аябай орчундуу маселе экени белгилүү болгондон кийин биздин укуктук база бир аз жакшыртылды.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Жакында эле Коопсуздук Кеңешинин аппарат жыйында диний фанатизм маселеси талкууланган эле. Ошол жерде өлүм жазасын киргизүү маселеси да козголгон. Жазалоонун мындай түрүн натыйжалуу ыкма деп ойлойсузбу?

Эмил Жээнбеков: - Менимче өлүм жазасы тууралуу сөз диний фанатизмге байланышпай өзүнчө эле көтөрүлдү окшойт. Коопсуздук кеңеште бул эки маселе өз-өзүнчө каралды. Бул - диний экстремизм үчүн каралган маселе эмес. Диний экстремизм, терроризм жана диний фанатизм – үчөө үч башка нерсе, үч башка кубулуш. Терроризм – бул кылмыш. Диний экстремизмдин баардык кубулуштары кылмыш эмес. Бирок айрым учурларда диний экстремизмдин идеясын ишке ашыруу үчүн кылмыштуу иш-аракеттерге барышат.

Анын үстүнө булардын баары идеологиялык мотивациясы бар кылмыш же тартип бузуу деп аталат. Ошондуктан бул маселе өлүм жазасын колдонуу же болбосо жаза колдонуу менен чечилбейт. Терең изилдөө, терең тергөө иштери, соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгы менен кылмыш жазасы коодонулушу керек. Биринчи жолу бул кылмышка келген адамдарга балким жеңилирээк жаза чегерүү керек.

Диний экстремизм менен бүгүнкү күндө бир гана кылмыш жазасын колдонуп күрөшүү туура эмес. Биринчи тарбиялоо, түшүндүрүү иштери талап кылынат. Бул жерде диний уюмдардын ролу чоң. Ошолор аркылуу, алардын жардамы менен иш алып баруу керек. Диний экстремизмдин өзгөчөлүгү мына ушунда.

Элеонора Бейшенбек кызы: - Рахмат.

XS
SM
MD
LG