Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Ысык-Көлдө мечиттерде хизбутчулар жашынып жатабы?


“Хизб-ут Тахрир” партиясына бөгөт коюу үчүн Ысык-Көл областында даабатка тыюу салынган. Облустук бийлик мечиттерди хизбутчулар тымызын ээлеп алып, имамдарды коркутуп-үркүтүп жатканын билдирүүдө.

Азыркы мечиттерди “Хизб-ут-тахрир” уюмунун уюгуна айландырбоо керек деген чакырык Ысык-Көлдө да жайылып, октябрь айында эле облусттук бийлик даабатчыларга тыюу салган. Бирок көпчүлүк аксакалдар буга каршы болуп, атайын кыдырып жүргөн комиссияга төмөнкүдөй талаптарын койду:

Жанагы ар бир кыргыздын үйүнө кирип, укпайм десе азгырып болбой атып, китеп таратып жүргөн баптисттер менен христиан диндегилерди эмнеге тыйбайсыңар.

Жанагы ар бир кыргыздын үйүнө кирип, укпайм десе азгырып болбой атып, китеп таратып жүргөн баптисттер менен христиан диндегилерди эмнеге тыйбайсыңар. Мусулманчылыкты кудай жолунда жүргөндөрдү тыйгандан кийин анда баардык секталарга да тыюу салгыла, ошондо адилеттүү болот. Биздин айыл өкмөттөр аларга аябай аяр мамиле кылгыла, сыйлагыла дейт, а эмне өзүбүздүн динди сыйлабайбыз ыя?Кандай эле силер даабатка чыккан эки-үч кишини көрсөңөр эле алардын кийим жаман экен, галош кийип алыптыр, булар хизбутчулар деп аңдып жатып каласыңар я?

Ушундай талап менен кайрылган, аты жөнүн айткысы келбеген Ысык-Көл районунун тургунуна облустук коопсуздук кызматындагы 9-бөлүмдүн начальниги Алмаз Тыналиев түшүндүрмө берди:

-1991-жылдагы дин уюмдары боюнча кабыл алынган мыйзамда дин эркиндиги берилиптир, бирок бул азыр эскиргендиктен Жогорку Кеңеш жаңы долбоорун кабыл алды. Анда жанагы тараткан китептерин көчөдөн үгүттөөгө тыюу салынат, алар дом молитваларынан чыкпаш керек. Диний секталар боюнча да иш жүргүзүү бар. Эми бул мыйзамга президент кол койсо алар да көзөмөлдө болот.

Чогулган элге коопсуздук кызматы “Хизб-ут-тахрир” уюмунун башка секталардан коркунучтуулугу – анын мамлекеттин бүтүндүгүн жок кылып, өз бийлигин орнотуу максатында экенин чечмелешти. Бирок мусулманчылыкты туу тутуп, ыйман жолуна чакырган даабатчылар “Хизб-ут-тахрир” уюму менен байланышы жок экенин, андайларды мечит имамдардын арасынан издеп шексинүү адилетсиз экенин билдиргендер да болду:

- Хизбутчулар бийлик талашат деп атышат, а даабатчылар элге чыкканда бир адамга чакыруу кылбайт, же президентке үгүттөбөйт, жөн гана кудайга алла тарапка чакырат, а алла деген дайыма туура жолдо жүрөт да. Бул жерде саясатташтыруу туура эмес, - деп Темир жана Кашат айылдарынын Али аттуу имамы нааразы болду.

Ошентсе да экстремисттик топтогу уюмдардын өкүлдөрү дал ушул даабатчылар менен келгени маалымдалды. Ысык-Көлдө “Хизб-ут- тахрир” уюумунун 80 ге жакын мүчөсү катталганын белгилеген облустук ички ичтер башкармасынын орун басары Азиз Доңузбаев андайлар 1-октябрда Каракол шаарынын стадионуна элди чогултуп үгүт ишин жүргүзүүгө аракет кылганын ачыктады.

Анын айтуусунда буларды жоопко тартуу мыйзамы жеткиликтүү эмес:

- Кылмыш кодексинин 297- жана 299-мыйзамдар боюнча кармалган кишилерди сот чечими менен жазана тарттыруу, же шарттуу түрдө эле камап коет. Анын так мөөнөтү жок. Жеңил кутулуп кетет. Көп нерсе чечилбей калып атат, - деди Азиз Доңузбаев.

Ысык-Көл облусунда жалпы 111 мечит болсо, анын 45 гана каттоодон өткөн. Облустук губернатордун орун басары Болот Купешов ал мечиттерди хизбутчулар ээлей баштаганын ырастады:

Шаты айылына барсак айылдын имамын “Хизб-ут- тахрирчилер коркутуп, "элге биздин саясатты түшүндүр, болбосо өлтүрөбүз”- деген талаптарын коюп, мечитти тымызын ээлеп алышыптыр.

- Биз көлдү үч жолу кыдырып чыкканда көп окуяларга туш болдук, “Хизбутка” кирген баланын атасына көргөзгөн кордугу, айылдын экиге бөлүнгөнү. Мисалы, Шаты айылына барсак айылдын имамын “Хизб-ут- тахрирчилер коркутуп, "элге биздин саясатты түшүндүр, болбосо өлтүрөбүз”,- деген талаптарын коюп, мечитти тымызын ээлеп алыптыр. Анан ушундай болуп атса, кантип даабатчыларга жамынган хизбутчуларга көз жумуп отурабыз я. Ошон үчүн ким даабатчы, ким террорист ошону айрып билип алып анан иш жүргүзөлү деп даабатчыларга убактылуу тыюу салдык, туура түшүнгүлө да. Урматтуу аксакалдар ушуну элге айтып баргыла, сак болушсун, - деди даабатчыларга тыюу салуу ушундан улам зарыл болуп турганын чечмелеген Болот Купешов.

Учурда Ысык-Көлдүн ар бир районунда экстремисттик топторго каршы күрөшүү боюнча атайын комиссия иштеп атат.

XS
SM
MD
LG