Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Д.Мурадилов: “Хизб ут-Тахрир” Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн тааныбайт


Кыргызстандагы диний кырдаал тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна Дин, укук жана саясат аналитикалык иликтөө борборунун бөлүм башчысы Данияр Мурадилов жооп берди.

- Ушул тапта Кыргызстанда диний кырдаал кандай болуп турат? Соңку окуялардан улам экстремисттик багыттагы уюмдар жанданып кеткен жокпу?

Данияр Мурадилов: Диний кырдаал өткөндөгү окуялар менен эч кандай байланышы деле жок. Биздин УКМК берген маалыматтарына карабай деле мен эч кандай диний фактор бул жерде аралашканын айта албайм. Диний кырдаал Ош, Жалал-Абад окуяларында эч кандай аралашкан жок, менин түшүнүгүм боюнча эч кандай рол ойногон жок.

- Сиздердин жалпы байкооңуздар боюнча өлкөнүн кайсы аймактарында тыюу салынган уюмдар көбүрөөк жайгашкан?

Данияр Мурадилов: Кыргызстандын түштүгүндө балким Өзбекстандын Ислам кыймылы болушу мүмкүн, бирок алар эч кандай кызыктар эмес. Биздин баамыбызда эч кандай байкала элек.

-“Хизб ут-Тахрир” уюму тууралуу эмне айта аласыз? Булар түштүктө жана Көл кылаасында жайылып келгени айтылып атпайбы?

Данияр Мурадилов: Кыргызстандын бардык аймактарында бар, бирок көбүнчө түштүк бөлүгүндө бир топ кыймыл аракет күчтүрөк.

- Алардын мамлекеттүүлүккө коркунучу барбы?

Данияр Мурадилов: Негизи Кыргызстандын чек арасынын ичинде бар болушу эле Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө коркунучу бар. Булар экстремисттик кыймыл, партия болуп эсептелет. Бирок окуялар менен байланыштыра турган болсок да алардын аралашкан элементтерин көрө элекпиз. Бирок “Хизб ут-Тахрирдин” партия катары бар болушу Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн тааныбайт, Баш мыйзамыбызды кабылдабайт.

-Ушул экстремисттик уюмдардын таасирин азайтуу үчүн кандай иш-чаралар керек деп ойлойсуз? Күч органдары тарабынан балким мыйзамдык түшүндүрүү жагынан болобу?

Данияр Мурадилов: Албетте күч органдары тарабынан колдонуу керек, бирок ал толук маселени чечүү болуп эсептелбейт. Дин окутуу маселесин эски бийликтин доорунда акырындап каралып келаткан, бирок акыркы мезгилде токтоп деле калган. Азыр ошол маселени кайра жаңыртыш керек. Дин окутуу маселесин кайрадан маселе катары көтөрүш керек, мындайча айтканда чечиш керек. Бул жылы болбой калса дин экстремистигинин, дин терроризминин жана башка маселесин чече турган дин окутуу маселеси. Бир аз узак мөөнөткө созулат, бирок эң эффективдүү метод деп ойлойм.

-“Хизб ут-Тахрирден” башка Кыргызстанда тыюу салынган кандай уюмдар бар?

Данияр Мурадилов: Өзбекстандын Ислам кыймылы жана СИД (Союз исламского движение) деп коет, бирок алардын көп деле зыяны жок. Транзиттик бир нерсе эле болбосо Кыргызстандын ичинде “Хизб-ут-Тахрирден” бөлөк алардын эч кандай ойногон чоң ролдору деле жок.
XS
SM
MD
LG