Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:42

Таш-Көмүрдө Азимжан Аскаровдун соту башталууда


Азимжан Аскаров сот залында
Азимжан Аскаров сот залында

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун доо арызын кароо мурда айтылгандай Майлуу-Суу шаарында эмес, коопсуздук чараларынан улам Таш-Көмүр шаарында болмой болду.

Азимжан Аскаровдун доо арызы кароо үчүн Таш-Көмүр шаарынын тандалып алынган себептери жана иштин башка жагдайлары жөнүндө "Азаттыкка" Жалал-Абат облустук соттун төрагасы Рысбек Шүкүралиев айтып берди.

“Азаттык”:
Мына бүгүн укук коргоочу Азимжан Аскаровдун доо арызын Таш-Көмүр шаарында караганы жатыпсыздар. Айтсаңыз, эмне себептен бул шаар тандалып алынды? Маалыматка караганда адвокаттары буга нааразы экен.

Р. Шүкүралиев: Бул иш биринчи инстанцияда Ноокен районунда каралды эле. Азыр Ноокен райондук сотунда 19 адамдын үстүнөн козголгон кылмыш иш каралып жатат. Бул ишти биз адеп Майлы-Суу шаардык сотунда өткөрүүнү чечкенбиз. Анткен себеби Сузак райсотунда же болбосо окуя болгон Базар-Коргон райондук соттто болсо ал жерде дале тополоң болуп кетиши ыктымал. Жалал-Абат шаарында болсо деле ушундай тополоң болуп кетиши ыктымал. Себеби эл абдан оор жоготууга учурап агрессивдүү болуп турат.

Биз Майлы-Суу шаардык сотун даярдап койгонбуз. Ал боюнча баардык тараптарга маалымат жибергенбиз. Бирок укук коргоочу Азиза Абдирасулова менен Нурбек Токтакуновдар “Майлы-Суу шаарында өткөрүү коркунучтуу, бир эле жолу бар, сокур ичеги сыяктуу бир булуңда жайгашкан шаар”, дегендиктен тез аранын ичинде бул ишти Таш-Көмүр шаардык сотуна которуп, соттолуучулар отура турган тор тардык кылгандыктан аны чоңойтуп баардыгын даярдап койдук. Азыр сиз менен мен түз эфирде жолдо Таш-Көмүргө баратып сүйлөшүп жатам. Ошол иштердин уюштуруу жагын карап коюу үчүн өзүм баратам.

“Азаттык”: Азыр сот процесстеринде жактоочуларга, адвокаттарга коркунуч күчөдү деп укук коргоочулар тынбай арызданып жатышат. Сот процесстеринде коопсуздук камсыздоо жагынан кандай чаралар көрүлүп жатат?

Р. Шүкүралиев: Ушул боюнча бизде жакында эле вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров баштаган өкмөттүк топ келди. Алар адвокаттар менен жана “Справедливость” өкүлдөрү, ошондой эле журналисттер менен облустук соттун имаратында жолугушуу өткөрдү. Ал жерде абдан жакшы сөз болду. Чынында адвокаттарга азыр коркунуч туудурбоо жагы көрүлүп жатат. Адвокаттар эч кандай кам санабастан катыша берсе болот. Буга чейин деле адвокаттарга каршы кандайдыр бир аракеттер деле болгон эмес экен.

“Азаттык”: Мына азыр Ноокенде Сузактагы Санпа окуясы боюнча сот жараяны уланып жатат. Анда айрым жабырлануучулардын жакындары ашкере эмоцияга алдырып сот процессин үзгүлтүккө учуратууга аракеттер жасалууда деп айтылууда. Өткөндө сиз өзүңүз барып да тынчтандырууга аракет жасадыңыз. Эскертүүлөргө карабай сот процессин үзгүлтүккө учураткысы келгендерди кантип тыйса болот?

Р. Шүкүралиев: Санпа окуясы боюнча жабыр тарткандар абдан көп. Жакын адамдарынан ажырагандар бар. Көзүн оюп, колун кесип, өлгөн адамдарды жаман акыбалга келтиргенге алардын жакындары абдан ачууланып турушат. Сот маалында алардын тынч туруусу абдан зарыл. Кылмышкерлер кармалды, эми алар жазасын алыш керек. Сот болсо өз ишин жүргүзүп жатат, ошого анча-мынча ызы-чуу салып жатат. Биз сотторго айттык, эгерде ала аша чаап жатса, аларга эскертүү берип, сот залдан чыгарып коюу жагын, айып салуу жагын карагыла дедик. Эгерде сотко ашкере эле мүмкүнчүлүк бербей жатса, 15 сутка камап коюу жагы деле каралган. Эми жанагындай жакындарын жоготуп жатса 15 сутка камап коюу жагын соттор ойлоп, аларды аяп жатат.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG