Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:52

ЖККУ: Бейформал саммит


Жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал жыйыны 31-июлда Чолпон-Атада жабык эшиктин артында өттү.

ЖККУнун бейрасмий саммити Чолпон-Ата шаарында “Рух-Ордо” маданий комплексинде жабык эшиктин артында өттү.

Бейрасмий саммиттин ишине Орусиянын, Казакстандын, Беларустун, Өзбекстандын, Армениянын, Тажикстандын жана Кыргызстандын президенттери катышты.

Алгач сөз алган президент Курманбек Бакиев Жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн аймагында коопсуздук маселеси орчундуу болуп турганын белгилеп, жакында эле Кыргызстанда эки террордук топ жок кылынганын айта кетти.

Кыргызстандын мамлекет башчысы бир эле учурда ЖККУнун аймагындагы маалымат саясатын координация кылуу маселесин да талкууга алууну сунуш кылды.

Жыйын аяктаган соң президент Курманбек Бакиев менен ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа журналисттерге жыйын тууралуу маалымат беришти. Алардын айтымында, жыйында ЖККУнун аймагында, анын ичинде Кавказдагы жана Борбор Азиядагы коопсуздук талкууланды. Кабыл алынган чечимдерге келсек, ЖККУнун аймагында маалымат саясатын координациялоо чараларын көрүү, Ысык-Көлдүн жээгинде спорттук-ден соолуук чыңдоочу база куруу жөнүндө макулдашылды.

Жабык эшиктин артындагы жыйындын башка чечимдери жабык бойдон калды. Көпчүлүктүн бүйрүн кызыткан маселе - Кыргызстандын түштүгүндө аскерий база ачуу маселеси жыйындын күн тартибине кирген эмес. Бирок бул маселе боюнча кеп-кеңеш болушу мүмкүндүгүн Н.Бордюжа жокко чыгарган эмес.

Мындан мурдараак Кыргызстандын түштүгүндө ЖККУнун алкагында аскерий база ачыла тургандыгы сөз болуп, аны Орусия тарап бышыктаган болчу. Бирок кийинчерээк эки трап тең саммит учурунда бул маселе күн тартибине коюлбай турганын айтып чыгышкан

ЖККУнун бул жолку саммити президент Курманбек Бакиевдин экинчи мөөнөткө шайланышына жана анын 60 жылдык тоюна туш келди. Ага байланыштуу уюмдун бардык мүчөлөрү анын экинчи мөөнөткө шайланышын жана 60 жашка чыгышын куттукташты.

XS
SM
MD
LG