Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Орусия мусулмандары Ош, Жалал-Абадда болушту


Имарат тез эле курулат, жүрөктөгү жарачы?
Имарат тез эле курулат, жүрөктөгү жарачы?

Орусия мусулмандар муфтиятынын өкүлдөрү Кыргызстандын түштүгүндөгү кыргыз-өзбек кандуу кагылышуусун өз көздөрү менен көрүп, жаңжалдашкан эки тарапты мусулманчылык ынтымакташууга чакырып кайтышты.

Чакан топтун жетекчиси, Орусиядагы ислам маданий борборунун президенти Абдул-Вахед Ниязов бул иш сапар Орусия мусулмандар муфтийи, шейх Равил Гайнудиндин демилгеси менен уюштурулганын, Орусия мечиттеринде соңку жума намазда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттук кагылышуудан набыт кеткендердин арбагына багышталып куран окулганын айтты:

- Биз адегенде Жалал-Абаддын борбордук мечитинде кыргыз-өзбектердин чоң тобу менен жолугуштук. Анан шаарды кыдырдык. Сузактагы өзбектер арбын жашаган кыштакка кирдик. Тирешүүлөрдү, өрттөнүп жаткан үйлөрдү, жабырлангандарды, ал тургай адам өлүктөрүн көрдүк. Бирок кырдаал баары-бир оң жагына ооп баратканы байкалып турган.

Абдул-Вахед Ниязов Ошко барганда ошол үмүтүнөн ажырай түшкөнүн жашырган жок:

- Шаар кыйрап эле жатып калыптыр. Шаар борборлору аңгырап бош. Көчөлөрдө кыйраган, өрттөлгөн үйлөр. Жолуккан кыргыздын да, өзбектин да көздөрүнөн ишенбөөчүлүк, коркуу, жин көрүнүп турат. Бир аксакал үй-бүлөсүндөгү төрт адамдан ажыраптыр. Шаардын Фуркат, Черёмушка деген бөлүктөрү толук кыйраган десек болот. Биздин ынтымакка чакыруу миссиябыз азыноолак аткарылды. Кудайга шүгүр, азыр тынчтанып келаткансыйт.

Орусия мусулмандар муфтийинин татар-башкыр аймагын тейлеген орун басары Дамир Мухетдинов:

- Өз көздөрү менен көргөндөрдүн айтуусуна караганда, карыларды, балдарды, кыздарды жөн эле өлтүрүшкөн эмес. Бычак менен кескилеп, чийип – атайын белгилерди салышкан... Бул деген фашисттик Германияны эске салып атпайбы?! Биз кандай жардам бермек элек? Биз гумжардам бөлө албайбыз. Биз мунай же доллар да бере албайбыз. Биз болгону куран окуп, Кудайдан жакшылык тилейбиз. Ошондой эле Орусиядагы 23 миллион мусулманга Кыргызстанда эмне болуп жатканын жеткиребиз!

Дагестандын Дербент шаарындагы ислам университетинин ректору Ариф Саидовдун айтуусунда, кыйраган үйлөрдү дүйнөлүк коомчулуктун жардамы менен андан сонун куруп алса болот. Бирок...

- Жүрөктөрдө өтө терең жара калыптыр. Аны дарылаш үчүн өтө көп убакыт керек.

Орусия мусулмандар муфтиятынын өкүлдөрүн Кыргызстандын түштүгүнө “Ата-журт” партиясы алып барып келген. “Ата-журт” партиясынын теңтөрагасы Садыр Жапаров булар аталган партиянын чакыруусу менен келбегендигин айтты.

Орусия мусулмандар муфтиятынын өкүлдөрү Кыргызстандын Убактылуу өкмөт төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев менен да жолугушкан.

Орусия мусулмандар тобу өз маалыматтарын Орусиянын бийлигине да жиберишет.

XS
SM
MD
LG