Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Убада кылынган акчаны үч жыл күтөт


Кыргыз премьери Данияр Үсөнов менен Орусиянын энергетика министри Сергей Шматко өкмөттөр аралык комиссия жыйынынан кийин. Москва, 27-февраль, 2010-жыл.
Кыргыз премьери Данияр Үсөнов менен Орусиянын энергетика министри Сергей Шматко өкмөттөр аралык комиссия жыйынынан кийин. Москва, 27-февраль, 2010-жыл.

Өткөн аптанын аягында Москвада кыргыз-орус өкмөттөр ортолук комиссиянын кезектеги отуруму өттү. Анда эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды, тиешелүү документтерге кол коюлду.

Маалкаттан кредиттин маани-жайы

Өткөн жылы 3-февралда Орусия Кыргызстан бюджетин колдоого 450 миллион, «Камбар-Ата -1» ГЭС курулушуна деп 1 миллиард 700 миллион доллар акча берүүгө макул болгону кабарланган. Ага улай кыргыз өкмөтү “Манас” абамайданындагы америкалык аскер базаны чыгаруу чечимин кабыл алганын президент К.Бакиев ошол эле Москвадан журналисттер алдында жарыя кылган. Андай чечим Орусиясыз эле эгемен Кыргызстандын өз алдынча бүтүмү экенин Орусия президенти да ырастаган.

Бирок да жыл ортосунда кыргыз бийлиги америкалык аскер базаны Транзиттик борборго айлантып, ижара акысын көбөйтүү шарты менен калтыруу чечимин кабыл алды. Парламент эгемен Кыргызстан өкмөтүнүн бир жылда эки ирет өзгөрүлгөн токтомун колдоп берди.

Саясат таануучу А.Князевдин пикиринде, “Камбар-Ата –1” ГЭС курулушуна бөлүнчү орусиялык кредиттин бөлүнбөй жатышынын себеби дагы бир маселеге байланыштуу.

- Кеп бул жерде Кыргызстандын өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай жатканына байланыштуу кредиттин бөлүнбөй жатышы жөнүндө болууда.

Орусиялыктарга карыз акчанын эмнеликтен коммерциялык максатка жумшалып кетишин ырастап берүү кыргыз өкмөтү үчүн кыйынга туруп жатканын буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин биринчи катчысы Виталий Скринник да ырастап чыккан. Анын үстүнө жыл башында Бээжинге барып келген президенттин уулу М. Бакиев Кытай өкмөтүнө биртоп энергетикалык долбоорлорду сунуш кылып, аларды чоң курулуштарга тартынбай катышууга чакырып келген. Анын жөн-жайын А.Князев моминтип түшүндүрөт.

- Азыр булар болгон каржы агымдарынын баарын бир жерге чогултуу аракетин жасап жатышканы байкалып эле турат. Өнүгүү фонду, “Азия универсал” банкы аркылуу.

Маселелер көп болду, бирок...

Москвадагы эки өкмөт ортолук комиссиянын иши ийгиликтүү өткөнүн, башынан сырдакана өлкөлөрдүн ортосунда салкын-суз мамиле болбостугун, кайсы бир узункулактын сөзүнө ишенип уу-дуу кеп чыгаргандар бир күн ичинде 12 маселени талкуулап чыккан отурумдан соң кабыл алган чечимдерден деле көрүнөрүн өкмөт башчы Данияр Үсөнов айрым маалымдоо каражаттары аркылуу жарыя кылды. А бирок ал эмнеликтен Орусиянын өкмөт башчысы же кайсы бир орунбасары эмес, энергетика министри менен гана керели-кечке Москвада олтурушунун жөн-жайын кабарлаган жок.

Орусиянын энергетика министри “Камбар-Ата –1” ГЭС курулушун каржылоо маселеси анын техника-экономикалык негиздемеси даяр болгондон кийин гана чечилерин айтуу менен тим болду. Маселенин антип арабөк калышын айткысы келбеген Кыргызстандын энергетика министри Илияс Давыдовдун сөзү андан да кыска болду.

- Турат го баары Интернетте, телекөрсөтүүлөрдө, ачып караңыз. Анда биздин өкмөт башчынын айткандары бар. “Камбар-Ата” жөнүндө да бар. Мунай-газ маселеси да козголгон. Кызматташуу маселелери, өнөр жай жана башкалар. Окуңуз ошолорду. Азыр менде кеңешме жүрүп жатты эле, кечиресиз.

Өткөн жылкы башкаруу реформасынан кийин Өнүгүү фондуна агылган акча каражаттарын кайда, кантип сарптоо милдетин Өнүгүү борбордук агенттиги өзүнө алып, негизги экономикалык саясаттын эки тизгин бир чылбыры өкмөттөн президент уулуна өткөн.

- Акча кана?! Акча кана?! Анан ыйлайбыз да, кыргызбыз, кедейбиз, акчабыз жок, эчтемебиз жок. Калп! Акчабыз көп! Акчабыз бар! Кеп башкада. Ал акча кантип иштеп атат? Ошол акча кимдин колуна тийди? Акчаны көбөйтө турган, колунан келе турган адамдарга бериш керек. Ошондой адамдарды табыш керек,- дейт өкмөт башчы Данияр Үсөнов.

Бирок да бюджетти колдоого, экономикалык кыйчалыш чакта социалдык аялуу катмарга көмөк көрсөтүүгө бөлүнгөн каражаттын акчаны кантип иштетүүнү билген адамдарга берилип калышы, кыязы, орус өкмөтүнө түшүнүксүз калды окшойт. Ошондон “Камбар-Ата –1” ГЭС курулушуна ири кредиттин бөлүнөр-бөлүнбөсү бүдөмүк, ортолук жыйында козголгон топ маселенин ишке ашар-ашпасы арабөк калууда.

XS
SM
MD
LG