Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:38

Алишер Саиповдун сотун созгондор кимдер?


Журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланышкан кылмыш иши туңгуюкка кептелди. 29-июлда Ош шаардык соту бул ишти карап, териштирүү чала жүргөндүктөн, прокуратурага кайра тергөөгө жөнөтүлгөн. Бирок Ош облсоту аталган токтомду бузуп, ишти башка курамда кароо үчүн кайра шаардык сотко тапшырган. Бирок мындай чечимге ичи чыкпаган маркумдун атасы Авас Саипов Жогорку Сотко даттанып отурат.

Алишердин атасы Авас Саипов
Алишердин атасы Авас Саиповдун айтышынча, Ош шаардык сотунун 29-июлдагы токтому күчүндө калтырылганда, Чубактын кунундай чубалган, бирок президент Курманбек Бакиевдин жеке көзөмөлүндө турган ишке чекит коюлмак.

- Менин оюмча, президент Бакиевге так маалымат жетпей атат, - дейт Авас Саипов. – Ачык эле айтайын, Алишердин өлүмүнө себепкер үч киши бар. Мисалы, Президенттин алдындагы стратегиялык анализ жана баалоо институтунун бөлүм башчысы Ыкбал Мирсаитов, журналист Даврон Насибханов, анан милициянын майору Токтосун Асаев. Булардын арасынан Ыкбал Мирсаитов – Өзбекстандын атайын кызматынын адамы.

Авас Саипов уулу Алишер Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун буюртмасы менен өлтүрүлгөн деген шектенүүсүн дагы кайталады.

Ушундан улам Алишер Саипов атылган убакта жанында жүргөн, кийинчерээк укук коргоо органдары биринчи суракка алган Кыргыз Президентинин алдындагы стратегиялык анализ жана баалоо институтунун бөлүм башчысы Ыкбал Мирсаитов менен байланышууга аракеттендик, бирок мындан майнап чыккан жок. Ошондой эле милициянын майору Токтосун Асаевдин дайынын да сураштырып, таппадык.

2007-жылы «Саясат» гезитинде Алишер Саипов менен чогуу эмгектенген Даврон Насибхановдун ырасташынча, кылмышкерлер изин суута электе кармаганга мүмкүнчүлүк бар эле. Милиция коңшу мамлекет менен мамилеге доо кетет деп чочулабастан, тергөөнү башынан чаташтырбай калыс жүргүзгөндө, жогорудагыдай нааразылыктар болмок эмес.

- Чындыгында, версиялар ордун тапкан жок. Милиция тажбрыйбасыздыгын ашкереледи. «Саиповдун көзүн неге таалашты? Буюртманы кимдер, кайсыл өлкөдөн беришкен?» өңдүү суроолорго жооп издеген киши болбоду. Мен ойлойм, али да кеч эмес. Биз доомат арткан жактарга басым жасалса, кылмыштын жүзү ачылып, Кыргыз милициясынын коомчулук астында аброю көтөрүлөт деген үмүттөмүн, - деди Даврон Насибханов.

Айтмакчы, ички иштер кызматкерлери кыргыз журналистинин өлүмүнө шектүү деп кармаган мурдагы милиционер, Лейлек райоунун тургуну Абдуфарит Расулов алгачкы соттук териштирүүнүн жүрүшүндө 2007-жылдын 24-октябрында Ош шаарында болбогондугун, муну тастыктай турган күбөлөр бардыгын айтып, тагылган айыптын бирин дагы мойнуна алган эмес. Ал эми анын жактоочусу Зина Алымбекованын айтымында, маркум Алишер Саиповду айыпталуучу өмүрүндө тааныбаган, ага тергөөчү зордук-зомбулук көрсөтүп, «мен аткам» деп кол койдурткан.

Ички иштер министрлиги ишти кайра тергөөгө жөнөтүүгө себеп жоктугун билдирип, соттун создуктурулушун кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар экинчи адамга издөө жарыялангандыгы менен негиздөөдө.

- Шарахматуллаев деген бар. Анын үстүнөн кылмыш иши козголгон. Ошондой эле Ош шаардык соту аны камоого токтом чыгарган. Бирок Шарахматуллаев азыр издөөдө, - деди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Олжобой Казакбаев.

Анткени менен Алишердин атасы Авас Саиповдун баамында, Ош шаардык милициясы ар кандай айла-амалдарды ойлоп таап, ишти эптеп жабуунун камын жеп жаткан чагы:

- Ош шаардык милициясы саясат таануучу Ыкбал Мирсаитов, журналист Даврон Наситбханов, милиционер Токтосун Асаев окшогондорду жаап-жашырып, кылмыш ишин жаба турган болуп атат. Эгерде Жогорку Сот менин өтүнүчүмдү канаттандырып, ишти кайрадан тергөөгө жөнөтсө, булардын чыныгы жүзү ачылат деп ойлойм.

26 жаштагы журналист Алишер Саипов дүйнөлүк бир катар массалык маалымат каражаттары менен тыгыз кызматташкан. Өмүрүнүн акыркы алты айында өзбек тилинде «Саясат» гезитин үзгүлтүксүз чыгарып, курч макалалары менен Өзбекстан Президенти Каримовдун режимин катуу сындап турган. 2007-жылдын 24-октябрында кеңсесинин жанында белгисиз бирөөлөр тарабынан атып өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG