Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:19

Темир Сариев БЭКке ишенбей калган


Президенттикке талапкер Т.Сариев Ысык-Көлгө барганда БЭКтин мүчөлүгүнөн эки жүйөө менен чыкканын чечмеледи. Биринчиси - Атамбаевге ишеним артпаганы жана көз караштары дал келбегендиги , экинчиси - өзү жетектеген “Ак Шумкар” партиясынын курултайында кабыл алынган чечимди аткарып, президенттикке ат салышууга бел байлаганы.

- Темир мырза, сиздин алгачкы үгүт ишиңиз Ысык-Көлдөн башталат экен деп атканда, капысынан түштүккө кетип калганыңыз эмнеден?

- Ар кандай сөздөр жүрүп кетти, "Сариевди түндүк гана колдобосо түштүктөн колдоо таппайт" экен деген сөздөр жүрүп кеткен.

- Петровка жаңжалына сизди байланыштырып Сариев элди көтөрүп деппи..?

- Башка ар түрдүү ушактар чыгып аткан. Алардын баардыгына мен барып жооп бердим. Эл мага ишенет экен. Баткендин айылдарына чейин кыдырдык.

- БЭК президентикке Атамбаевди сунуштаганда, ошондо сиз да талапкер болуу ниетиңиз бар беле, же кийин ойлондуңузбу?

- Жок анда оюмда жок болчу. БЭК Атамбаевди сунуштаганын 20-апрелде жарыялады. А биз болсо “Ак Шумкардын” курултайын мурун эле майдын башында өткөрүүнү белгилеп койгонбуз. Курултайыбыз мени президенттикке сунуштагандыктан чечимди аткарганга туура келди. Экинчиден, А.Атамбаев менен менин көз караштарымда бир топ айырма бар . Анын программалары менин мүдөөмө дал келбейт экен.

- Кайсылары?

- Мисалы, экономикалык саясат боюнча алсак, БЭКтин курамынадагы социалисттик партиялар 100 пайыз мамлекеттик менчик болсо дейт, а биз болсо демократиялык партия катары кубаттуу атаандаш экономика болгондо гана өнүгөт дегендерденбиз да.

Анын үстүнө менде ички ишеним калбай калган.Оппозиция башындагыларда өз ара пикир келишпестик, мисалы СДПКдан кетип аткан мүчөлөрү, депутаттары да төп келбеген көз караштан улам болуш керек. Ошондуктан аларга ишенүү кыйын.

Президенттикке талапкер Т.Сариев оппозицияга сын айткан менен эле Бакиевге ыктабайт. Ал азыркы бийликтин саясатына караманча каршы экенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG