- Алишер мырза, Өзгөн шаарына караштуу Таштак конушундагы мурдагы күнкү окуядан кийин эл тынчып калгандыр?..
- Менимче, калк басылып эле калды өңдөнөт. Мамлекеттин коопсуздугун, элдин тынччылыгын ойлосок, жарандар колундагы ар бир курал-жаракты сөзсүз тапшырууга тийиш.
- Күч органдары тарабынан операция кандай жүрдү деп эсептейсиз?
- Атайын операция өз деңгээлинде, мыйзам чегинде уюштурулуптур. Ошентсе да, бул жерде элдин арасында баягыл түшүнбөөчүүлүк жана түркөйлүк өкүм сүрүп жаткандай. Айтмакчы, куралдарды чукул арада тапшырууну тургундарга эскертип, райондук ички иштер бөлүмү аркылуу көрүнүктүү жерлерге жарыяларды илдирткенбиз. Жарагын а түгүл өз ыктыяры менен бергендерге акча да ажыратканбыз. Тилекке каршы, ушул күнгө чейин өз эрки менен эч кимиси тапшырган жок. Ал эми жанагинтип катылган куралдар Улуттук коопсуздук кызматы аркылуу аныкталып, анан ошондой опурталдуу жерлер тинтилип жатат.
- Алишер мырза, эл арасында дале курал бар экендиги айтылууда. Ошондуктан, андайларга карата мындан ары кандай чаралар көрүлмөкчү?
- Биринчиден, мен райондун жана шаардын тургундарына эскертээр элем, кыргыздар айтмакчы, «ар кандай курал жылына бир жолу огу жок болсо дагы атылат». Эгерде ниетибизде жамандыкты тилебесек, жарактарды өз ыктыярыбыз менен тапшырышыбыз зарыл. Себеби, адамды негизи ниети бузат. Анын артынан эл бузулат. Ошон үчүн телефон аркылуу ушак-айың тараткан атуулдарга кулак кагыш: «Самарканддан саман учуптур» десе, «Сандаган аскерлер келатат» деген имиш-имиштерди токтоткула! Мына, мага кечээ Бишкектен чалышты. «Райондук милицияны басып алышыптыр» деп. Бул кызылдай калп! Бул жерде ушунча эл, администрация, күч органдары туруп, мамлекеттик мекемени ээлетип иймек белек. Андайга жол бербейбиз! Дагы эскертип койоюн, парламенттик шайлоону тынч өткөрүп алгандан кийин куралын тапшырбагандар менен катаал түрдө сүйлөшөбүз! Бийликтин илгертен жазылбаган мыйзамы бар. «Өкмөттүн укругу узун» деп бекеринен айтылбайт. Азыр саясий кырдаал чыңалып турганда айрым кишилердеги жарактарды али ала элекпиз. Ошентсе да, алар бүгүндөн ойлонуусу кажет.
- Эгерде тапшырышпасачы?
- Антишпесе, сөзсүз жоопко тартылат. Мисалы, колунда байлыгы бар, мурда элдин акысын аянбай жеп-ичкен адамдар ушуп тапта курал көтөрүп жүрүшөт. Булар өзүнчө дымагы ашынган кишилер. Биз аларды ушунчалык көптүргөнбүз, алар менчик университет, менчик учак күткөнгө дейре унчукпадык. Ошондуктан, алар ашкере кыялданып, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө ачык шек келтиришти. Өлкө апрель ыңкылабынан кийинки кыйчалыш акыбалда турганда ушундан куп пайдаланабыз дешти. Анан жанагинтип от менен ойноп олтурушуп, эл арасына жок жерден бүлүк салышты. Баягыл «Барга балээ жок!» дегендей, тигилер кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп таштап, чет өлкөлөргө куйрук түйүштү. Бирок орто жолдо карапайым калк чайналды. Азыр Ош жергесинде, анын ичинде Өзгөндө этникалык ажырым абдан күчтүү. Ал жараны бүтөш үчүн тынымсыз аракет, көптөгөн убакыт керек. Баарын мезгил дарылайт эмеспи.
- Айрым жарандар Өзгөнгө өзгөчө кырдаал киргизүүнү талап кылышууда. Сиз буга кандайча карайсыз?
- Жайдагы Оштогу жана Жалал-Абаттагы окуяга өзгөндүктөр түшүнүүчүлүк менен мамиле кылышты. Шыкакчыларга азгырылган жок. «Бечелге жөтөлдүн кереги не?» дегендей, ушул тапта, айрыкча парламенттик шайлоонун арапасында, этникалык кагылышуунун кайра жанданышын каалагандар дээрлик жокко эсе. Ошондуктан, Өзгөнгө өзгөчө кырдаал киргизүүнүн зарылчылыгы жок. Себеби, эл июнда айрым лидерлерге алданганына көзү жетип калды. Мына, Таштак конушунда деле түүшүндүрүү жана ынандыруу жумушун күчөттүк эле, топтолгондор тарап кетишти. Өкүнгөнүм: он тогуз жыл бою окуу жайларын көбөйткөнүбүз менен окумал адамдарыбыз аз экен. Азыр минтип «Койчусу көп болсо, кой арам өлөт» деген кейипти кийдик. Ыйман жана нысап жоголду. Базар экономикасы деп жүрүп көп жагынан утулдук. Ошентсе да, эл арасында үзгүлтүксүз түшүндүрүү жана элдештирүү аракеттерин токтотпош керек. Ал эртедир-кечтир үзүрүн берээринде шегим жок.
- Таштак айылынын тургундары «Кечээгил операцияда жабыр тарттык, айрымдарыбызды күнөөсүз аңтарып-теңтеришти, ыдык көрдүк» дешүүдө. Бул сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Атайын операция маалында күч органдары бир катар кишилерди тааныбагандыктан, кимдир бирөөлөр муш жеп калышы ыктымал. Дүйнөлүк тажрыйбада өзү ошондой. Таштакта деле мурдагы күнү «Токмок жедим» дегендерге милиция тергөөчүлөрү арыз жаздыртып, даттанууларын прокуратурага тапшырышты. Эми ошол орган кесепеттин чын-бышыгын аныктайт. Бирок менин баамымда, операция мыйзам чегинде аткарылды.
- Алишер мырза, Сиз ошол тополоңдун арасында жүрбөдүңүзбү. Атайын операция учурунда элге карата ок атылгандыгын баамдадыңызбы?
- Мен го атайын операцияга түздөн-түз катышкан жокмун. Бирок окуя күбөлөрүнүн ырасташынча, Таштак конушунда элге карай ок атылган эмес. Топтолгондор жанагыл милициянын атайын отрядынын кызматкерлеринин жолун тороп, катуу каршылык көрсөтүп, а түгүл аларды ташбараңга алышканда гана эскертүү иретинде асманды карай ок атылыптыр. Ал эми «Жергиликтүү тургундарга зордук-зомбулук кылышты» дешкени бүтүндөй жалган. Тажаалдыктын, ажаандыктын жана долулуктун да чеги болот. Биз «динибиз жана дилибиз бир элбиз» дейбиз. Иш жүзүндө кылганыбызды карагыла, уяласың. Жанагинтип дүйнөнү дүрбөлөңгө салып, жанды жештин кереги жок. Муну токтотуш керек. Антпесек, бул чоң күнөө, аны Кудай дагы кечирбейт.
- Рахмат маегиңизге.
- Менимче, калк басылып эле калды өңдөнөт. Мамлекеттин коопсуздугун, элдин тынччылыгын ойлосок, жарандар колундагы ар бир курал-жаракты сөзсүз тапшырууга тийиш.
- Күч органдары тарабынан операция кандай жүрдү деп эсептейсиз?
- Атайын операция өз деңгээлинде, мыйзам чегинде уюштурулуптур. Ошентсе да, бул жерде элдин арасында баягыл түшүнбөөчүүлүк жана түркөйлүк өкүм сүрүп жаткандай. Айтмакчы, куралдарды чукул арада тапшырууну тургундарга эскертип, райондук ички иштер бөлүмү аркылуу көрүнүктүү жерлерге жарыяларды илдирткенбиз. Жарагын а түгүл өз ыктыяры менен бергендерге акча да ажыратканбыз. Тилекке каршы, ушул күнгө чейин өз эрки менен эч кимиси тапшырган жок. Ал эми жанагинтип катылган куралдар Улуттук коопсуздук кызматы аркылуу аныкталып, анан ошондой опурталдуу жерлер тинтилип жатат.
- Алишер мырза, эл арасында дале курал бар экендиги айтылууда. Ошондуктан, андайларга карата мындан ары кандай чаралар көрүлмөкчү?
Колунда байлыгы бар, мурда элдин акысын аянбай жеп-ичкен адамдар ушуп тапта курал көтөрүп жүрүшөт. Булар өзүнчө дымагы ашынган кишилер...
- Эгерде тапшырышпасачы?
- Антишпесе, сөзсүз жоопко тартылат. Мисалы, колунда байлыгы бар, мурда элдин акысын аянбай жеп-ичкен адамдар ушуп тапта курал көтөрүп жүрүшөт. Булар өзүнчө дымагы ашынган кишилер. Биз аларды ушунчалык көптүргөнбүз, алар менчик университет, менчик учак күткөнгө дейре унчукпадык. Ошондуктан, алар ашкере кыялданып, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө ачык шек келтиришти. Өлкө апрель ыңкылабынан кийинки кыйчалыш акыбалда турганда ушундан куп пайдаланабыз дешти. Анан жанагинтип от менен ойноп олтурушуп, эл арасына жок жерден бүлүк салышты. Баягыл «Барга балээ жок!» дегендей, тигилер кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп таштап, чет өлкөлөргө куйрук түйүштү. Бирок орто жолдо карапайым калк чайналды. Азыр Ош жергесинде, анын ичинде Өзгөндө этникалык ажырым абдан күчтүү. Ал жараны бүтөш үчүн тынымсыз аракет, көптөгөн убакыт керек. Баарын мезгил дарылайт эмеспи.
- Айрым жарандар Өзгөнгө өзгөчө кырдаал киргизүүнү талап кылышууда. Сиз буга кандайча карайсыз?
- Жайдагы Оштогу жана Жалал-Абаттагы окуяга өзгөндүктөр түшүнүүчүлүк менен мамиле кылышты. Шыкакчыларга азгырылган жок. «Бечелге жөтөлдүн кереги не?» дегендей, ушул тапта, айрыкча парламенттик шайлоонун арапасында, этникалык кагылышуунун кайра жанданышын каалагандар дээрлик жокко эсе. Ошондуктан, Өзгөнгө өзгөчө кырдаал киргизүүнүн зарылчылыгы жок. Себеби, эл июнда айрым лидерлерге алданганына көзү жетип калды. Мына, Таштак конушунда деле түүшүндүрүү жана ынандыруу жумушун күчөттүк эле, топтолгондор тарап кетишти. Өкүнгөнүм: он тогуз жыл бою окуу жайларын көбөйткөнүбүз менен окумал адамдарыбыз аз экен. Азыр минтип «Койчусу көп болсо, кой арам өлөт» деген кейипти кийдик. Ыйман жана нысап жоголду. Базар экономикасы деп жүрүп көп жагынан утулдук. Ошентсе да, эл арасында үзгүлтүксүз түшүндүрүү жана элдештирүү аракеттерин токтотпош керек. Ал эртедир-кечтир үзүрүн берээринде шегим жок.
Атайын операция маалында күч органдары бир катар кишилерди тааныбагандыктан, кимдир бирөөлөр муш жеп калышы ыктымал. «Токмок жедим» дегендерге милиция тергөөчүлөрү арыз жаздыртып, даттанууларын прокуратурага тапшырышты.