Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Дамет Шаботоева: “Сот иши үстүрт жүрүүдө”


Руслан Шаботоев
Руслан Шаботоев

Ушул күндөрү Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда Руслан Шаботоевдин кантип, кандай жагдайда каза болгону териштирилүүдө. Сот жараянына маркум депутаттын туугандары жана тарапкерлери катышууда.

Жаш саясатчы Руслан Шаботоевдин энеси Дамет Шаботоева “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде соттук териштирүүгө нааразылыгын билдирип, бул кылмышка Зикирбаевдин кылмыш тобунун тийешеси болбогонун билдирди.

- Уулум Русландын сотунда сурак бере турган күбөлөрдү көңүл коюп чыкырбай жатышат. Аларга сотко чакырган кагаз бербестен, телефон аркылуу эле чакырып жатышкан экен. Негизи мыйзам алкагында андай болбошу керек. Экинчи күбө Казакстанда деп, аны да сотко алып келишкен жок. Алар бул ишке көңүл кош мамиле кылып жатышат.

“Азаттык”: Закирбаевдин кылмыштык тобу айыпталып, аларга карата соттук териштирүү жүрүүдө. Сиздин пикирде бул топтун канчалык деңгээлде тиешеси бар?
Ал элдин уулу болчу. Элге аябай ишенчү. Уулума жоолугабыз деп үйгө көп киши келчү.


- Менин пикиримде, уулумдун өлүмүнө Зикирбаевдин тийешеси жок. Мен 30 жыл түрмөдө иштедим. Өзүмдүн тажрыйбама таянып, ушундай ойго келип отурам. Зикирбаевдин тобун “кылмышты мойнуңарга алгыла” мажбурлашкан окшойт. Мен аларга эч кандай доомат койо албайм.

“Азаттык”: Руслан Шаботоев өзүнө карата кол салуу болоорун алдын ала сезди беле?

- Жок, ал эч нерседен кам санаган эмес. Кол салуу болоорун сезген жок. Өзүн кайтарган жигитти жана айдоочусун үйүнө эрте эле жиберип койчу. Биз айтсак, “мага ким тиймек эле” деп ийин куушуруп кутулчу. Ал эч кимге жамандык кылган жок. “Бакиев кетсин” деп ураан чакырып, өкмөткө каршы элди да чогулткан эмес. Руслан жаңыдан гана элге иштеп, шайлоочуларына колунан келген жардамын берчү. Ортодогулар көрө албастык кылып баламдан ажаратышты. Ал өзүн курчаган адамдарды бир тууганындай жакшы көрчү.

“Азаттык”: Руслан Шаботоевдин “ар бир шайлоочумду жүзүнөн тааныйм” деп айтканын уккам. Кандай абал түзүлбөсүн ал “шайлоочуларым, айылдаштарым жөлөк болот” деген ойдо болсо керек?

- Ал элдин уулу болчу. Элге аябай ишенчү. Уулума жоолугабыз деп үйгө көп киши келчү. Бардыгына сый мамиле кылып, баалап, жакшылык кылууну эңсеп келген. Ал эл дегенде жанын берүүгө да даяр эле. Кыргызстанда канчалаган Русландай уулдар өтүп кетти. Ыңкылапка күч болуп, дем болгон балдардын азыр бири да жок.

“Азаттык”: Руслан Шаботоев алдына кандай максаттарды койгон эле?
Карыз деген сөздүн баары калп болуп чыкты. Кылмыш топтору да Русланды көп тааныбайт экен.


- Анын биринчи максаты - элге жардам берип, калктын турмушун оңдоо болчу. Ал көп суроолор боюнча өкмөткө нааразы болуп калаар эле. “Социал-демократтар аз болуп, эч нерсе кылалбай жатабыз” деп кейип калчу. Анда президенттик шайлоого катышамбы деген да ой пайда болгон. Бирок ал шайлоого чыгам деп расмий түрдө айткан жок эле.

Буга чейин Руслан парламенттик шайлоого үч жолу катышып, акыркысында шайланды. “Шаботоевдин президент болом деген ою бар” деп айланасындагылар жогору жакка жеткирип, алар кол салдыбы деген ойго да келдим. Бирок ал “биздин убакыт келет, азырынча эрте, биз жашпыз” деп айтып калчу. Кыргызстан дегенде жанын берген мыкты уул болчу. Ал өсүп келе жаткан жаш саясатчылардын кадырлуусу эле.

Руслан Шаботоев жана "Азаттыктын" кабарчысы Акан Иманов
“Азаттык”:
Руслан Шаботоев дайынсыз жоголуп, туура бир жылдан кийин сөөгү табылды. Бул аралыкта “ал кылмыш топтору менен алакада болчу, карыздары көп” деген сөздөр айтылып жатты...

- Ал сөздөргө мен ишенбейм. Териштирип да көрдүм, бул жөн гана ушак. Карыз деген сөздүн баары калп болуп чыкты. Кылмыш топтору да Русланды көп тааныбайт экен. Сыналгыдан көрдүк деп айтып жатышат.

“Азаттык”: Ошол маалда Казакстандын жарааны Серик Сансызбаевге Руслан Шаботоев акча карыз болчу деген маалыматтар таркаган эле.

- Серик Кыргызстанга келип турчу. Ал Русландын демөөрчүсү болчу. Акылдуу, интеллигент адам. Дайыма кеңеш берип, колдоп келген. Ал тууралуу мен жаман сөз айта албайм. Биздин укук коргоо органдарыбыз аны коркутуп коюшту. Ал бизге кат жазып, “Руслан өсө турган жигит болчу. Мага карызы жок” деп айтып, ИИМди сотко берээрин жарыялаган.

“Азаттык”: Уулуңуз Русланды өлтүрдү деп камалгандардын үстүнөн соттук териштирүү жүрүүдө. Акыйкат чечим чыгып, чындыктын бети ачылат деп ишенесизби?
Кыргызстанда канчалаган Русландай уулдар өтүп кетти. Ыңкылапка күч болуп, дем болгон балдардын азыр бири да жок.


- Жок, ишенбейм. Сот иши үстүртөдөн жүрүүдө. Чындыктын бетинин ачылышына сот жараянын алып барып жаткандар кызыкдар болбой жатышат. Алардын ою эптеп териштирүүнү аягына чыгаруу зарылчылыгында турат.

“Азаттык”: Мындан аркы кадамдар кандай болот? Шайлоочулары, айылдаштары кандай пикирде?

- Уулум жаш болчу. Баары аны сыйлап жакшы көрүшчү. Русланым өлсө да анын ысымы өлбөйт. Эл-журт, шайлоочулар жана айылдаштары баламды айтып оозунан түшүрбөйт. Өмүр бою Руслан элдин оозунда, жүрөгүндө калат деп ойлойм. Руслан өлсө да мен үчүн тирүүдөй сезилет. Мен уулум менен сыймыктанам. Эми дагы эмне деп айтайын...
XS
SM
MD
LG