Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Ош шаарында кагылышкан тараптар элдеше баштады


Оштогу кырдаал, 12-июнь.
Оштогу кырдаал, 12-июнь.

Ош шаарындагы Ноокат - Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде өзбек жана кыргыз улутундагы жарандар бүгүн эртең менен элдешип, эки тараптан ондон өкүл катышкан жолугушууда тараптар мындан ары ынтымакта жашоого кол алышты.

Мындай элдешүү жараяны жүргөнүн окуя болгон жерден “Азаттыктын” кабарчысы Жанар Акаев билдирди. Элдешүү боюнча сүйлөшүүгө эки тараптан ондон өкүл катышып, тараптар кол алышты жана мындан ары ынтымакта жашоого сөз беришти.

Элдешүү демилгесин кыргыз-өзбек активисттери көтөргөн. Ушул эле топ шаардын Түштүк кичи районуна барып, ал жерде дагы эки тарапты элдештирүү жараяны жүрдү.

Курамына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев жана "Мухаммед Умар-Ош" уюмунун башчысы Улукбек Өмүрзаков кирген бул топ андан ары Туран кичи районуна барышты. Эки тараптын өкүлдөрү бул жерде нан бөлүшүп жеп элдешти. Элдешүү учурунда өзбек улутунун өкүлдөрү бул аймакка да гуманитардык жардам жөнөтүүнү суранышты.

Элдешүү демилгесин көтөргөн топтор андан ары кыргыздар көп жашайт делген кичи райондорго бет алышты. Мындай жараян учурда Батыш кичи районунда жүрүп жатат. Ошто атышуулар дээрлик токтоп калганы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG