Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:33

Өлкөдө жаш ыктыярчылар көбөйүүдө


5-декабрь - ыктыярчылардын эл аралык күнү. Бул датага байланыштуу бүгүн “Ак-Өргө” аттуу жаш ыктыярчылар тобу Военно-Антоновка айылындагы мектеп-интернатка барып, акция өткөрүштү.

Бекказы Кайыпбек уулу өлкөдөгү эң жаш ыктярчы. Ал болгону он беш гана жашта болсо да, ыктыярчы катары буга чейин бир канча иш-чараларга катышкан:

- Мен мурда ыктыярчы ким экенин деле билчү эмесмин. Маалымат алган соң, волонтерлор тобуна кошулдум. Бирөөгө кайрымдуулук кылган деле ыктыярчылыкка жатат. Жок эле дегенде картаң ата-апалардын жүгүн көтөрүшүп, же жолдон өткөрүп койсоң - бул дагы ыктыярчылык. Мен дагы адамдарды боорукер болууга чакырып, элге кичине болсо да жардам берейин дедим.

Бекказы БУУнун “Жаштар программасы” аттуу долбооруна кирген жаштардын “Ак-Өргө” деген волонтерлор тобунун мүчөсү. Бул топ бүгүн ыктыярчылардын эл аралык күнүнө карата Военно-Антоновка айылындагы мектеп-интернаттын тарбиялануучулары үчүн атайын акция өткөрүштү. Жаштар өздөрүнүн ишмердүүлүгү, ыктыярчылардын коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу айтып, балдарга ысык тамак уюштурушкан.

Иш чаранын максаты жөнүндө топтун жетекчиси Нурдин Конокбаев буларды айтты:

- Биз атайын мектеп-интернатта жашаган ата-энеси жок балдарды тандап алдык. Толук үй-бүлөдө жашаган мектеп окуучуларына деле барсак болмок. Бирок аз да болсо жетимдердин көңүлүн ачып, аларды белек-бечкектер менен кубанталы дедик. Анан албетте балдарды кайрымдуулукка чакырууну да көздөгөнбүз. Өз максатыбызга жеттик деп ойлойм.

Ушундай өңдүү иш чаралар өлкөнүн ар кыл региондорунда өттү. Мисалы Ош, Ысык-Көлдө ыктярчылардын иши тууралуу калкка маалымат берилди. Ал эми Нарында алтынчы декабрда жаштар уюштурган ири акция өтөт.

Бул тууралуу аталган аймактагы волонтерлор тобунун жетекчиси Максат Жолдошбеков “Азаттыкка” буларды айтты:

- Биз эртең Ак-Муз айылына барып, ыктыярчылар тууралуу элге маалымат беребиз. Калкты сергек жашоого үндөп, балдар арасында спорттук мелдеш өткөрөбүз. Айыл тургундары болсо жылдын мыкты үч ыктыярчысын тандайт.

Кыргызстанда Бириккен Улуттар Уюуму, Тынчтык корпусу жана Жапониянын Эл аралык кызматташык боюнча уюму ыктыярчыларды даярдайт. 1993-жылдан бери өлкөдө орто эсеп менен жети жүздөн ашык чет элдик волонтер иштеп кеткен. Ушул тапта дагы ар кыл жаштагы, дүйнөнүн ар кыл мамлекеттеринен келген ыктыярчылар кадимки кыргыз үй-бүлөлөрүндө жашап, коомдун өнүгүүсүнө салым кошуп келет.

БУУнун өкүлү Марина Көлбаеванын айтымында, акыркы мезгилде ыктыярчы болууну каалаган жаштар көбөйдү:

- Бизде чет элден келген он бир ыктыярчы иштейт. Мындан тышкары улуттук, башкача айтканда Кыргызстандын жарандарынын ичинен он бир волонтер бар. Бул - көптөгөн мектеп окуучулары жана студенттерди кошпогондо.

XS
SM
MD
LG