Турак-жайга болгон талап учурда көптөгөн үй бүлөлөр үчүн курч көйгөйлөрдүн бири. Акыркы он беш жылдын ичинде өлкөдө социалдык курулуш дээрлик токтоп калган. Ошондуктанбы, айтор бүгүнкү күндө 180 миң чакты үй бүлө, турак-жай шарттарын оңдоого муктаж жана анын тең жарымы өз тамынын жоктугунан, көчүп-конуп ижарада жашап келишет. Азыр турак үй менен камсыздануу бир адамга 12 кв. метрди түзөт.
1990-жылдардан бери токтоп калган социлдык курулуштар акыркы эки, үч жылда жандана баштады дейт архитектур жана курулуш боюнча мамлекеттик агентиктин башчысы Каныбек Нарбаев:
-Буга чейинки он беш жылдын аралыгында социалдык багытка бурулган курулуштар унутта калган. Азыркы маалда бул тармак колго алынууда. ИИМге эки үй курулуп бүттү. Бажы комитети, мэрия, каржы министрлиги дагы социалдык үйлөрдү куруп жатат. “Жал Артис” кичи районундагы 1400 квартиранын төрт жүзү социалдык болуп катталган. Бул үйлөрдүн ар бир чарчы метри 460 доллардан эсептелген. Тамдар кымбаттаса деле ошол баа менен сатылат. Бул квартиралардын отуз пайызын өкмөт, калган жетимиш пайызын сатып алгандар он беш жылдын аралыгында 10% үстөгү менен төлөп беришет.
2007-2010-жылдары курулуштун өнүгүү приоритеттери болуп, атуулдарды жеткиликтүү турак-жай менен камсыздоо эсептелинген. Стратегияны ишке ашыруу эки негизги багытта жүрүүдө. Алар туракжай куруу жана туракжайды элге жеткиликтүү кылуу.
Учурда Бишкек шаарында 977,5 миң чарчы метрге туура келген 135 көп кабаттуу үй тургузулууда. Алардын он бири социалдык багытта курулуп өкмөт тарабынан каржыланууда. Мамлекет тарабынан курулган квартиралар көпчүлүк учурда бюджеттик мекемеде эмгектенгендерге берилип келет.
Үстүбүздөгү жылдын башында премьер-мнистри Игорь Чудинов 2009-жылы социалдык курулуш тармагына 1млрд. сомго жакын каражат жумшалаарын билдирген. Бирок азырынча жаштар андай колдоону кайдан алаарыбызды билбейбиз деп кол куушурушат.
Бишкек шаарынын тургуну Тилек Алиев бир нече жылдан бери там алууну максат кылып жүрөт. Бирок ал мамлекеттик иште эмес, соода ишинде эмгектенет. Канча аракет кылбайын үй сатып алууга эч мүмкүнчүлүк болбой жатат дейт ал:
-Жеке эле жаш үй-бүлөлөр үчүн эмес, көпчүлүк үчүн бул өтө орчундуу маселеле болууда. Чынында азыр Бишкектен үй сатып алуу өтө оор. Жөнөкөй адам накталай акчага сатып алалбайт. Ипотекалык кредит менен алалы десек талаптары абдан оор. Колдон келбей турган шарттарды айтып жатышат. Мамлекет тарабынан турак-жай боюнча колдоо болуп жатканын көргөн жокмун жана укпадым.
Турак жайды насыялоо калктын бай эмес бөлүгүн үй менен камсыздоонун мыкты ыкмасы болуп калууга тийиш. Бирок азыркы тапта ипотекалык жол менен там сатып алуу үчүн үй-бүлөнүн орточо айлык акысы 700 долларды түзүшү абзел.
Кандай болбосун, турак-жай маселесинде жаштар унутта калбайт деп башкы архитектор Каныбек Нарбаев ишендирип келет:
-Өкмөт көптөгөн социалдык курулуштарды каржылап жатат. Кезекте тургандардын көпчүлүгү жаштар. Социалдык үйлөрдүн курулушунда министрликтерге жана бюджеттик мекемелерге квоталар берилген. Анын негизинде жаштар дагы үйлүү боло алышат. Кайсы жерде турак жай болсо биз жаштарды унутпайбыз. Жакында эле турак-жай жана курулуш боюнча улуттук программа кабыл алганбыз. Ал жерде жаштар өзүнө тийиштүү оордун ээлейт.
Учурда тургузулуп жаткан көп кабаттуу тамдар чет жактан келген инвестицияга, жеке компаниялардын жана республикалык бюджеттин каражатына же үлүш жолу менен чогулган акчага курулууда. Кандай болбосун жаштар турак-жай маселесинде өкмөттөн колдоо күтүп жатышкандай.